ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Иран

ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ЗОРДУКТАГАНДАР ДАРГА АСЫЛДЫ
Керманшах шаарындагы аянттардын биринде коомчулуктун алдында өспүрүм кыздарды зордуктаган эки жаран дарга асылды. Алардын бири Мухаммади Паштеризе өспүрүм кызды зордуктап, ал көрүнүштү камерага тартып алгандыгы, ал эми экинчиси Намаки аттуу кылмышкер 9 жаштагы кызды зордуктагандыгы үчүн сот өлүм жазасына буйрук кылган. Бул экөөнү коомчулуктун алдында дарга асылышына катышкан жергиликтүү тургундар “сотко рахмат” деген сөздү айтышты.
Өткөн жылы Иранда 179 кылмышкер өлүм жазасына буйрулган. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери 145 кылмышкердин өмүрү кыйылды. Иран бийлиги мындай кадам өлкөдөгү мыйзамды жана тартипти сактоого болгон аракет экендигин белгилейт.

Ливия

КАДДАФИ ЖАЛГЫЗ КАЛДЫБЫ?
30-майда Италияга качып келген ливиялык аскер кызматындагы 8 генерал жана офицерлер билдирүү жасашып, оппозиция тарапка өткөндүктөрүн ачыкташты. Алар: “Каддафинин кол алдында Ливия армиясынын аскерлеринин 20 пайызы гана калды. Каддафи жайгашкан өлкөнүн борбору Триполиде абал өтө начарлап, тамак-аштын жана күйүүчү майдын көлөмү аз калды”,- дешет. Ошондой эле булар менен кошо 110 ливиялык аскер кызматкерлери качып келишкен. Бул качуу Италиянын атайын кызматынын аркасында ишке ашкандыгын Италиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Англия

БУТУ МЕНЕН АВТОУНАА БАШКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖАЗА АЛАТ
Англиянын полиция кызматкери буту менен автоунааны айдап бараткан айдоочуну кармап, ишти сотко өткөрүп берди. Полиция кызматкери айдоочуну 110 чакырым ылдамдык менен айдап жана телефон менен сүйлөшүп келе жаткандыгы үчүн токтоткон. Полиция кызматкери айдоочунун жанына келгенде, анын эки колунда тең уюлдук телефон бар экендиги жана рулду бутунун эки тизеси менен башкарып бараткандыгы белгилүү болгон. Ал телефондун бири менен СМС жазып, ал эми экинчиси менен сүйлөшүп колу бошобой калгандыгына байланыштуу рулду тизеси менен башкарып келаткан экен. Эми айдоочу жол эрежесин бузгандыгы жана бир учурда эки телефонду колдонгондугу үчүн эки эсе акчалай айып төлөмөкчү.

Йемен

ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ БУЗУЛДУ
Өткөн аптада бий­ликти колдогондор менен ага каршы чыккан хашид уруусунун ортосундагы түзүлгөн тынчтык келишими бузулуп, жарандык согуш кайрадан уланууда. 30-майда Зинжибар шаарындагы оппозиция өкүлдөрү жайгашкан аймакка бийликтин аскердик аба күчтөрү чабуул коюп, андан 30га чукул киши каза таап, 200гө жакыны жарадар болду. Йеменди 33 жылдан бери башкарып келген Али Абдулла Салехтин кызматтан кетүүсүн талап кылып, соңку төрт айдан бери өтүп жаткан нааразычылык акциялары учурунда 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
Эскерте кетсек, Салехти президенттик тактан кулатууга йемендиктерди Египет менен Тунисте президенттердин бийликтен кулашына алып барган “Араб жазы” кыймылы түрткөн. Өз калкынын бир бөлүгүнүн, аймактык жана дүйнөлүк державалардын кысымына карабастан, Салех президенттиктен чегинбей келет.

АКШ

АЙЫМДАР БОЮНАН АЛДЫРУУНУН АЛДЫНДА ТҮЙҮЛДҮКТҮ КӨРҮҮГӨ МАЖБУР
Мындан ары АКШнын Техас штатынын айымдары боюнан алдыруунун алдында 3 күн мурда ультрадобуштук текшерүүдөн өтүп, андан соң жыйынтыгы менен таанышып чыгуулары керек. Дарыгер текшерүүдө алынган сүрөттөргө баяндама берип, түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун угузмакчы. Бул мыйзамдын автору Сид Миллер: “Ушундай жол менен боюнда бар айымдар аборттун кесепеттеринен кабардар болушат”,- дейт. Ал эми жаңы мыйзамга каршы чыккандар мындай мажбурлоо боюнан алдырам дегендерге экинчи сокку болуп, алардын жан дүйнөсүн талкалайт деген ойдо.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
adiiiiiiiiiii
2011-06-06 13:53:54
Irandyn zakonun bizge da kirgizip sarttardy polnyi asysh kerek . AKSH ga ech koshulam dep oyilobodum ele birok bizdin gog meelerge da korsotush kerek oz balasyn olturup jatkanyn
0
MaksatXXI
2011-06-08 18:28:27
Абдан жакшы!!!
0
Prokuror
2011-06-10 22:20:47
Техастын мыйзамы жакты!
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан