“Кыш сонатасы” же “Бейишке карай тепкич” деген корей сериалдарын көрбөгөн адам аз болсо керек. Андагы баш каарманды ойногон Чхве Чжи У кайгылуу ролдорду ийине келтире мыкты аткара билгендиги үчүн өз чөйрөсүндө ханбийке Чхве Чжи У аталган.
КЫСКАЧА
Толук аты-жөнү – Чхве Чжи У.
Туулган жылы – 1975-жылы 11-июнда Түштүк Кореяда төрөлгөн.
Бою – 175 сантиметр.
Салмагы – 50 килограмм.
Тартылган сериалдары – Баары 15тен ашат. “Кыш сонатасы”, “Чындык”, “Аэропорт” жана башкалар.
Тартылган кинолору – 10го жакын. “Азыр жана түбөлүк”, “Ар биринин сыры бар”, “Жашырынууга жай жок” жана башкалар. Айтмакчы, 2009-жылы “Актрисалар” тасмасында өзүнө арналып жазылган сценарий боюнча роль жараткан.
Сыйлыктары – “Эң популярдуу актриса” (Бэксан фестивалы, 2004-жыл), KBS жана SBS телеканалдарынын 2001, 2002, 2003-жылдарынын эң жогорку наамдарын алган.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Учурда – Актриса жана модель катары белгилүү, 2009-жылдан бери “C,JW” компаниясын башкарып келет.
БААРЫ БИЙДЕН БАШТАЛГАН
Чхве Чжи У азыркы тапта Түштүк Кореядагы эң көп суроо-талапка ээ актриса жана жарнамаларга тартылган моделдердин ичинен аябай популярдуу. Атак-даңкка бөлөнгөн биздин каарман бүгүнкү күндө тасмаларга тандап тартылат. Сценарийге чоң көңүл бурган актриса кайсы бир компаниянын жүзү болуу үчүн да көп убакыт сарптайт. Мунун баары анын популярдуулугу азыр туу чокуда экенинен кабар берет.
Мындай урмат-сыйга Чхве бир күндө эле жете калган эмес. Ал орто мектепти аяктап, андан кийин Кесипкөй бий окуу жайынын аэробика бөлүмүнө тапшырат. 1994-жылы ал “Эм-Би-Си” компаниясы тарабынан уюштурулган таланттардын сынагына катышып, көздүү мончокту байкап калышкан режиссёрлор ага тасмага тартылуу сунушун айтышат. Ошентип, анын дебюту 1995-жылы “Согуш жана махабат” сериалы менен башталган.
«КЫШ СОНАТАСЫНА» ЧЕЙИНКИ «АЛГАЧКЫ МАХАБАТ»
Балким, тагдыр өзү Чхве Чжи Унун бешенесине Пэ Ён Жунду (Жун Сан)жазып койгон чыгар. Анткени корей сериалдарын бүткүл дүйнөгө тааныткан “Кыш сонатасы” сериалы Түштүк Кореянын визиттик карточкасына айланганга чейин бул экөө “Алгачкы махабат” сериалына тартылышкан. Жүзү кайгылуу жаш актрисаны режиссёрлор өзүнүн тасмасына тартуу үчүн кезекке тура башташат. 2001-жылы тартылган “Сонун күндөр” сериалындагы лейкемия оорусу менен жабыркаган жетим кыздын ролу Чхвеге чоң ийгилик алып келген. Мында анын шериктеши азыркы учурда өтө белгилүү актёрлордун бири Ли Бён Хон болгон. Ушул эле жылы актриса Ханьян университетинин театр жана кинематография бөлүмүнө тапшырат. Бирок убакыттын тардыгынан улам бир жылдан кийин окууну таштоого мажбур болгон.
ЯПОНИЯНЫН ХАНБИЙКЕСИ
2002-жылы корей толкунун жараткан “Кыш сонатасы” тартылганы белгилүү. Бул сериалды Жер шарынын дээрлик бүткүл өлкөлөрүндө көрсөтүү иш-чаралары бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет. Аталган сериалдын башкы идеясы Корея туризмин өнүктүрүүгө багытталганын көбү билбеши мүмкүн. Бирок идея иш жүзүнө 101 пайызга гана ашпастан, Түштүк Корея бул тасмасы менен дүйнөнү дүңгүрөтө алды десек да жарашат. Белгилеп кетчү нерсе, “Кыш сонатасы” сериалы өзгөчө япониялыктарга жаккандыгын айта кетүү зарыл. Анткени ушул күнгө дейре Японияда жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, “Эң атактуу жана сүймөнчүк кореялык актриса” деген тизменин башында Чхве Чжи У турат. Андыктан күйөрмандарын кубантуу үчүн 2009-жылы “Кыш сонатасы” сериалы Японияда анимэ вариантында кайрадан тартылган. Андагы баш каармандын ролуна Чхве өзү үн кошкон. Мунун баары калың эл тарабынан атактуу актрисанын “Япониянын кореялык ханбийкеси” деп аталып калышына жол ачкан.
ҮЧ ЖЫЛДЫК СҮЙҮҮ ТОЙСУЗ КАЛДЫ
Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, 2004-жылдан кийин Чхве кинодон убактылуу тыныгууга кетип, кайрымдуулук иш-чаралары менен алектене баштаган. Кийин 2007-жылы “Аэропорт” сериалына тартылып, анда чогуу ойногон Ли Чжин Вук менен ысык мамилеси тасма аянтынан чыныгы жашоосуна өтөт. Буга чейин Чхвенин жеке жашоосу дайыма бекем сандыкта сакталганы үчүн Ли Чжин Вук менен болгон мамилеси журналисттердин көңүл чордонуна чыгат. Актёр аскердик кызмат өтөөгө кетип, андан кайткан соң мамилелери тойго жетпей ажырашып кетишкен. Чхведен алты жашка кичүү болгон жигити Ли Чжин Вук биринчи болуп мамилени улантуунун керексиз экендигин айткан. Дегенибиз, актёрдун продюсери бул маалыматты биринчи болуп билдирген. Ал эми Чхвенин продюсери “актрисанын жеке жашоосун ачыкка чыгарууну башынан эле туура көрбөйбүз, андыктан эч кандай түшүндүрмө бере албайм” деп кутулган.
Эльвира Караева
koom@super.kg