МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ АКЧА ҮЧҮН ӨНӨГҮН АТЫП ТАШТАДЫ

"43 миң 750 доллар үчүн Карасуу райондук ички иштер бөлү­мүнүн кызматкери, лейтенант А.А. чогуу иштеп жүргөн өнөгүн атып салыптыр..." Өткөн аптада Карасуу шаарында катталган бул кылмыш көпчүлүктүн кулагын түрдүрүп, резонанс жаратты.

КАРАСУУ БАЗАРЫ
Түштүктө эле эмес, жалпы Кыргызстанда Карасуу базары көп чырдын башы, миллиондогон акча айланган майлуу-сүттүү базар катары таанымал. Жакынкы эки жыл ичинде эле ушул базардын айынан бир нече митингдер өтүп, бир эмес, эки базар башчысы киллердин огунан каза тапкан. Ушул чуулгандуу базарда иштегендер өзбектердин сумун долларга алмаштырып иштеген "валютчик" Махмуджанды жакшы таанышаар эле. Бул киши уулу Шерзодбекке кошо кыргызстандык Таалайбек, Мавлян аттуу жигиттер менен чогуу базарда сентябрь айынан тартып валюта алмаштырып иштей баштаган. Айрым тааныштары анын Өзбекстанда көп жылдар бою милиция кызматында иштеп, 2002-жылы Чуст шаарынын РИИБ башчысы, милициянын подполковниги кезинде пенсияга чыкканын, учурда өзбектердин Карасуу шаарында жашаарын жакшы билишчү.

КАНАЛГА ТАРТЫЛГАН ЗЫМ ЖОЛ
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнө Махмуджан Мамарасуловдун уулу менен жубайы келип, үй ээси 14-октябрь күнү таң эрте үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айтып арыз жазышкан. Уулу Шерзодбектин айтымында, атасы экөө ошол күнү таң эрте Карасуу базарына келишкен. Адаттагыдай эле Мавлян жана Таалай аттуу өнөктөрү менен бирге өзбек сумун сатып ала башташкан. Түшкө жакын Махмуджан уулу Шерзодбекти үйүнө, Өзбекстандын Карасуу шаарына жөнөтүп, өзү түнкүсүн бараарын айтып калып калган. Кечки саат алтылар чамасында Шерзодбекке атасы телефон чалып, өзүлөрүнүн "постуна" барып туруусун дайындайт. Шерзодбектин айтымында, алар "өзүбүздүн "пост" деп Кыргызстан менен Өзбекстанды бөлүп турган канал аркылуу жүргүзүлгөн жоон зымды айтышчу. Дал ушул зым аркылуу алар акчаны бажыга каттатпай, мыйзамсыз жол менен алып өткөрүп турушкан. Канал үстүнө салынган зым жолу аркылуу акчалардын аман-эсен өткөрүлүп турушуна Карасуу шаарынын тургуну, Бахтияр аттуу жигит жардам берип турчу. Айтор, бул күнү да уулу акчаны өткөрүүчү каналга келип күткөн. Бирок, атасы келбеди...

43 МИҢ 750 ДОЛЛАР...
Арыздын негизинде шашылыш ыкчам иликтөөчү топ түзүлүп, иликтөө башталды. Кылмыш иликтөөчүлөр алгач ошол күнү Мамарасулов менен чогуу иштеген эки шеригин табышты. Сарай айылынын тургуну Т.Рахманалиев да, Савай айылынын тургуну М.Тургунбаев да ошол күнү кечке маал Мамарасуловго кимдир-бирөө телефон чалгандыгын, сүйлөшүүлөргө караганда, ал адам "машина жөнөтөм" дегендигин, бир аздан соң кызыл түстүү "Мерседес" келгендигин, экөө жардамдашып төрт сумкадагы акчаны багажникке салышып, Мамарасуловду жөнөтүшкөндүгүн, ошондон тартып аны көрүшпөгөндүгүн айтып беришти. Алардын айтымында, Мамарасулов жумасына эки-үч ирет 30-40 миң доллар акчаны ушинтип Өзбекстанга алып кетип тураар эле. 14-октябрь күнү Мамарасулов каналдагы зым менен акчаны өткөрүп турууга жардам берген Бахтияр аттуу жигитке телефон чалып: "Айлана-тегерек тынч элеби? Акчаны алпара берүүгө болобу?"- деп сурап, "баары жайында, эртерээк келип калгыла" деген жооп алган.
Дым-дареги чыкпай калган адамды табуу үчүн кичинекей илинчек таап алган кылмыш иликтөөчүлөр суракты улантып жатып күтүлбөгөн маалыматка туш болушту. Көрсө, Мамарасуловго базардан чогулткан акчаларды чегарага чейин алпарууга өзүлөрүнүн эле кесиптеши, Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, лейтенант А.А. жардам берип турчу экен. 2004-жылдан бери милицияда кызматта жүргөн 28 жаштагы бул жигит Мамарасулов менен абдан жакшы мамиледе экендиги, экөө ошол 14-октябрь күнү да телефон аркылуу сүйлөшкөндөрү маалым болду. Алгачкы илинчектер табылган соң сурак улантылып отуруп, дайынсыз кеткен Мамарасуловдун эми балдарын, жубайын, дос-душманын экинчи көрө албастыгы, ал ошол эле күнү тигил дүйнөгө жол алганы билинди.

РИИБ КЫЗМАТКЕРИ – НОМЕР БИРИНЧИ ШЕКТҮҮ
"Менин милициям мени коргойт!" Бул – жалпыга тааныш фраза. Бирок, жашоодо тескерисинче, милиция коргобой эле кордоп, атүгүл минтип өлтүрүп койгон учурлар да болот.
ИИМден берилген маалыматтарга таянсак, лейтенант А.А. Мамарасуловго базардан чогулган акчаларды бирөөлөргө тарттырып ийбей, аман-эсен чегарага жеткизүүгө жардам берип жүргөн. 18-октябрда кармалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына алынып келинген лейтенант артка жол жоктугун түшүнүп, эмне окуя болгондугун айтып берүүгө аргасыз болду.
Ошол күнү лейтенант жана кызыл "Мерседестин" ээси К.Ш. Мамарасулов менен бирге Өзбекстандын чегарасын, жогоруда айтылган зым тартылган каналды көздөй жөнөшкөн. Бирок, белгиленген жерге жете электе лейтенант А.А. менен Мамарасулов чырдаша кетишкен. Күтүлбөгөн жерден лейтенант табелдик тапанчасын сууруп чыгып, өнөктөшү Мамарасуловду бир нече ирет башына, анан жүрөк тушуна атып салган. Бир саамдан кийин эстерин жыйган соң машина ээси К.Ш. экөө Бишкекти көздөй жол тартышкан. Бир нече жүз чакырым жолдо токтобой жүрүп отурган экөө таң эрте лейтенант А.Анын Бишкектин Свердлов районунда жашаган атасынын үйүнө келишип, Мамарасуловдун сөөгүн короого терең ор казып туруп, көмүп салып кете беришкен. Канга боёлгон сөөктөн кутулушкан соң экөө кайрадан эч жерге токтобой жүрүп отуруп Ошко келишип, Кызылкыштак айылынын четиндеги камыштардын арасына акча салынган төрт баштыкты бекитип салышкан.
Ошентип, 19-октябрда камакка алынган экөөнүн көрсөтмөсү боюнча бир нече күбөлөрдүн жана Карасуу райондук прокурорунун катышуусунда Кызылкыштак айылынын четине бекитилген төрт баштык акча табылып, далил буюм катары каттоого алынды. Ал эми эртеси жолго чыккан иликтөөчү топ Бишкек шаарынын Свердлов районунун Киров көчөсүндөгү 141-үйгө келип текшерүү жүргүзүшүп, короого көмүлгөн адамдын сөөгүн табышты. Өзбек Республикасынын 43 жаштагы жараны Махмуджан Мамарасулов башына бир нече ирет жана көкүрөгүнө тийген октордон улам каза тааптыр. Учурда Карасуу РИИБинде бул далилге байланыштуу кылмыш иши козголуп, жогоруда айтылгандай, ошол эле РИИБдин кылмыш иликтөөчүсү жана кызыл "Мерседес" машинасынын ээси камакка алынып, Өзбек Республикасынын жаранынын өлүмүнө дагы кимдердин катыштыгы бары такталууда.

(Тергөө жүрүп жаткандыгы эске алынып, кылмышка
шектүү делинип камакка алынган жарандардын
аты-жөнү кыскартылып берилди).

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан