Ар бир жүрөктө сыр болот. Айрымдар аны жүрөгүнүн түпкүрүндө сактаса, айрымдар кимдир бирөөгө айтып жеңилдеп алгысы келет. Биздин кезектеги каарманыбыз Жанаранын окуясын өз оозунан угуңуздар.
“ЖОЛУГУУ”
– Жолдон өтүп бара жатып АНЫ көрдүм. Буттарым шилтенип-шилтенбей катып калдым. Аттиң ай, кылчайбай өтүп кетсең эмне?! Кимдир бирөө атыңдан чакыргандай тык токтодуң. Жолдун ары жагында сен, бери жагында мен. Шуу-шуу өткөн машиналардын үндөрү угулбай, алдыбыздагы он метрдей жер узарып, жолдун эки боюнда селейип турдук. Оо, биз эки башка жолго түшкөнүбүз качан... Эки жээктин адамы болгонубуз качан...
Көрмөксөн болуп басып да кете албай же бири-бирибизге жакын келгенге да батынбай жаттык. А балким, дагы деле намысың түшкүр буттан тартып, сени мага, мени сага жакындатпай жаткандыр? Кызык, неге мынча окшош жанбыз? Азыр сен ойлогон ойду мен ойлоп, сени кыйнаган сезим мени кыйнап турган жокпу? Мындан беш жыл мурун “сен келбесең, мен басып барбаймын” дегендин айынан экөөбүз эки жолго түшкөнүбүз эсиңдеби? Мынчалык неге катуубуз десең. Сен жакты көздөй кадам шилтөө өлүм болуп турганын карачы... Көзүмдөн жаш төгүлүп кетти. Убакытты эми тапкансып токтобой мөлтүрөгөнүн айт. Турам, мурдумду шуу тартып. Анан шарт бурула тескери жолго түштүм. “Кетип калса” деп жатат бир оюм. Бирок...
Чыдабай кеттиң да, мен жакка кадам таштадың. Көрдүңбү, бул жолу да мен жеңдим. Мен сени жеңгенди аябай жакшы көрчү элем. Эсиңдеби, бири-бирибизге сезимибиз бар экенин билип турсак да, тиреше берчүбүз. Мисалы, эртең менен аябай көргүм келчү. Бирок “эмнеге мен биринчи барышым керек экен?” деп көгөрүп отура берчүмүн. А сен жарк этип жалпыга салам берип, мага көзүңдү кыса баш ийкеп өтүп кеткенде “өх” деп отуруп, анан ишимди улантчумун. Кээде зарыктырып келбей, түш оой бир көрүнчүсүң. Чыргоо кыялымдан улам сен мени "дикая роза" деп койчусуң.
Кызык, сени өтө кызганткым, кыйнагым келчү. Жолугууга чакырганда да сенден биринчи жетип, бактардын арасына жашынып калар элем. Сен келип, улам саатыңды карап, ары-бери басып тынчың кетип жатканын көрүп ушунчалык рахатка батчумун. Акыры чыдамың түгөнүп, кетүүгө шашылганда гана жашынган ордумдан чыга калчумун.
– Сен жинди кызсың!- дечүсүң менин бул жоругума таң калып.
– Сен менден ашкан жиндисиң. Эки саат да күтөбү?
– Эй, күттүрсөң күтөм да.
Ачууланарыңды же күлөрүңдү билбей турган абалың сонун да. Ушундай күндөр өткөн...
“СЕН АГА ТЕҢ ЭМЕССИҢ!”
– “Үйлөнөм” дедиң. Макул болдум. Ошонун эртеси эле апаң жумушума келип, cен шаардык, мен айылдык экенимди баса белгилеп, сага тең эмес экенимди айтып жаңжал чыгарды. "Сен менин баламдын теңимин деп ойлобо! Сен аны түшүнө албайсың. Экөөңдүн тарбияң, чөйрөң таптакыр башка". Алдымда зиркилдеп жаткан аялды аргасыз тиктеп турдум.
Неге мынча ызаландым ал сөздөргө? Табиятымдан дүрт этип кетме жан элем го. Тыбырап, күйүп-бышып жаттым. Апаңдын сөздөрү мени ээрчип, кубалап, намысыма тийип туруп алды. Эч нерсени ойлогум келген жок. “Он күндүн ичинде турмушка чыгып кетпесем, атым өчсүн” деп каргандым.
Он эмес, беш күндүн ичинде аркамдан чуркап жүргөн жигитке макулдугумду берип, турмушка чыгып кеттим. Алда менин акылсыздыгым, кызуу кандуу жаштыгым, ай! Кимден мен өч алам дедим? Апаңданбы? Сенденби? Бул жоругум үчүн ириде өзүм күйүп кетеримди неге ойлогон жокмун десең. Турмушка чыгып кеткенден кийин кабарыңды билгим келген жок. Жашоонун бурганагы менен сенин карааның алыстап кеткен эле.
Экөөбүздүн ортобуздагы он метр аралыктын ичинде ушундай тарых жаткан эле. А сенин жолдон өтүп, жакындап келе жатканыңды сезип турдум. Сен алдымды торой токтоп калдың. Бул жоругуң да өзгөрбөптүр.
– Салам!
– Мен сизди тааныбайт экем. Кечирип коюңуз,- дедим башымды чулгуп.
Селейип калдың. Минтеримди күтпөсөң керек. Өзүмдөн да күткөн эмесмин. Үнүмдөгү муздактыктан өзүм да чочуп кеттим. Көзүңдү тиктегим келген жок. Тиктесем жеңилип калмакмын. А мен сенден жеңилүүнү өлүм деп билем.
– Кантип эле мени тааныбайсың? Мени булка кармап, өзүңө каратып көзүмдү издедиң.
– Мени эмне кыласың? Булкуна колумду бошотуп алып тез-тез басып бараттым.
– Дагы деле жапайы роза экенсиң, ээ?
– Энең экөөң эми бактылуусуңарбы? Канчалык айтпайын десем да болбой ушул сөз чыгып кетти.
– Апамдын кандай тиешеси бар? Токточу...
Жок, токтой албайт элем. Бутум өзүнөн-өзү чуркап, сенин жаныңдан кетүүнү каалап турдум. Кийин жай учурда кездештик. Сен апаңдын мага чаң салып кеткенин билбептирсиң. Эмнеге шашылыш турмушка чыгып кеткенимди, көп жылдан бери түтүнсүз өрттөнүп жүргөнүмдү билбепсиң. Өз таарынычың дайра болуп, мени жек көрүп жүргөн экенсиң.
– Сени көргөн жерден баса калып муунтуп салсам деп жүргөм. Ушинтип эч нерсе айтпай басып кетүү менин жапайы розамдын гана стилинде эле. Кылыгыңа башка жооп таба алган эмесмин убагында,- дедиң оор улутуна.
“КЕЧИР, ЖҮРӨГҮМ!”
– Билесиңби, азыр сенден эмес, өзүмдөн кечирим сурагым келет. Адам өзүн-өзү кечириши керек экен. Кечир, менин жүрөгүм! Мага сүйүүсүн арнагандардын сезимин кордоп, өз сүйүүмдү ойлой берген өзүмчүлдүгүмдү кечир! Өжөр, сезимсиз, таш боор адамга айланганымды кечир! Мага жылуулук бере турган адамдардан жан далбастап качканымды, өзүмдүн сүйүүмдү издегенимди кечир! Эми чындап мойнума алышым керек. Күйөөм менин жиндилигимдин, куру намысымдын курмандыгы эле. Колунан келгенин кылып, акыры анын сүйүүсү да чарчады. Көрсө, жапайы розаңдын сүйүүсү да түгөнүптүр.
Жанара
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg