ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР

Атактуулардын жеке жашоосу, керек болсо ар бир кадамы күйөрмандар үчүн баалуу маалымат. Алардын сүйүү романдары тууралуу билүүгө кызыккандар да көп.

ЛЬЮИС МЕНЕН ШЕРЗИНГЕРДИН СҮЙҮҮСҮ
2008-жылдын “Формула-1” жарышынын чемпиону Льюис Хэмилтон менен “Pussycat Dolls” тобунун чырайлуу ырчысы Николь Шерзингердин сүйүү баяны уланууда. Жыл башында спортчу менен атактуу ырчы ажырашууну чечишкен. Ал кадамга баргандарынын себебин ар ким өз карьерасы менен болуп, ортодогу мамиленин муздап бараткандыгы менен түшүндүрүшкөн. Бирок жыл айланбай атактуу жылдыздар элдешип, минтип кол кармашып турган кездери. Аларды Лос-Анжелестеги соода борборлорунун биринен жетелешип жүргөндөрүн көргөндөр сүрөткө тартып алышкан. Льюис менен Николь эми турмуштун бардык сыноолорун артка таштап, түбөлүккө кол кармашат деген тилектебиз.

СҮЙҮҮ 10 ЖЫЛДЫК АЙЫРМАГА КАРАБАЙТ
Ырчы Шакира испан футболчусу Жерар Пике менен жылуу мамиледе экенин жакында эле тастыктады. Шакира жарандык никедеги күйөөсү Аргентинанын мурунку президентинин уулу – адвокат Антонио де ла Руа менен жыл башында кол үзүшкөн. Ошондо “11 жыл бою чогуу жашаган экөөнө эмне болду?..” деген бүдөмүк ой менен калган элек. Көрсө, Шакира махабаттын деңизинде чумкуп, футболчу Пикенин жүрөгүн ээлеп алган экен. Пике Шакирадан 10 жашка кичүү. Жерар Пике Испаниянын улуттук курама командасында жана “Барселона” клубунда ойнойт. Эки жаш Шакиранын “Waka-waka” (“This time of Africa”) ырына клип тартуу учурунда таанышышкан. Аталган ыр 2010-жылы Африкадагы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун гимни болгонун бардыгыбыз эле билсек керек.
Өткөн жылдын ушак-айыңдарынын чордонунда болгон ырчы менен футболчу артынан аңдыган папараццичилерден тажаганбы, айтор, ачыкка чыкканга камынышыптыр. Жакында эле Шакира твиттердеги баракчасына (социалдык тармак) Пике менен пляжда түшкөн сүрөттөрүн жүктөп, алдына “Менин күнүм менен таанышып алыңыздар” деп жазып койгон. 34 жаштагы таланттуу ырчы менен 24 жаштагы футболчунун сүйүү романынын аягы эмне менен бүтөр экен, күтө туралы.

ЖЕЙСОН ДАЙЫМА БРИТНИ МЕНЕН
Бритни Спирстин жашоосундагы оор учурларда колдоо көрсөткөн 39 жаштагы менеджер Жейсон Травик “William Morris Endeavor” агенттигинен кетүүнү чечти. Ал жумушка короткон убактысын сүйүктүүсүнө арнагысы келет. Бритни менен жолугушуп жүргөндөн бери аброю өскөндүгүн баса белгилеп, эми менеджерлик жумушунан кетип, убактысынын көп бөлүгүн Бритниге жана анын балдарына арнаарын айтып өттү. 39 жаштагы бул мырза Бритнини дүйнөлүк турнелерде дайыма коштоп, жанында болгусу келерин да жашырбады. Эмнеси болсо да Жейсон Бритнини мурунку жолдошундай болуп ара жолго таштап кетпейт деген ишенимдебиз.

РОНАЛДУНУ КИМ БАГЫНДЫРДЫ?
Көп адамдар атактуу футболчу Криштиану Роналду менен сүйлөшкөн кызы – топ модель Ирина Шейктин сүйүү романы көпкө созулбайт дешкен эле. Бирок алар жаңылышкан көрүнөт. Эки түгөй Мадриддеги теннис боюнча ачык чемпионатка чогуу келишкен. Оюнда Роналду менен Шейк бири-бирине тамаша сөздөрүн айтып, попкорн жеп көңүлдүү отурушкан.
Ирина Шейк Орусияда чоңоюп-өскөн. Анда орустарга мүнөздүү бетке чабарлык сапат бар. Бирок «сүйүүнүн күчү керемет» дегендей, сүйгөнүнүн айрым тентектигине чыдап келет. Мисалы, былтыркы жылы Криштианунун америкалык официант кыздан никесиз балалуу болгондугуна карабай, спортчудан кол үзгөн жок.

«КАРА АК КУУДАН» ЖАРАЛГАН СҮЙҮҮ
Жакынкы айларда көз жаруу алдында турган америкалык актриса Натали Портман махабатын “Кара ак куу” тасмасынан тапкан. Тасмадагы хореограф Бенжамен Мильпье экөөнүн ортосунда жылуу сезимдер болгон. Бул эки жуп да жыл башында ачыкка чыгып, ортолорундагы сүйүүнү коомчулукка жар салганы менен, мыйзамдуу никеге туруша элек. Актриса июнь айында жарыкка келе турган наристесин чыдамсыздык менен күтүп, бала жытын искейм деп турган чагы.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Rihanna
2011-06-07 13:49:30
Сонун мага жакты
0
aykasolntse
2011-06-07 22:48:56
Бритни будь самой счастливой! Ты этого достойна,что бы о тебе не говорили.Ты-легенда!
0
Luckyman
2011-06-08 22:16:12
шейк жакты мага)) завидую Роналдуга
0
leo10
2011-06-09 01:04:15
хемильтон девушкан татынакай экен го,бирок чемпионатта биринчиликти жене албай жатканын окунучтуу ,анан шерзинегер сулуу аял экен эххххх жашооо
0
leo10
2011-06-09 01:07:51
пике менен шакира да татту тугойлор экен! молодец ВАКА ВАКА!!!!!!!!
0
kyrgyzajym
2011-06-11 20:03:33
Pike krasssaav4ik ekeeeen :)
Shakira maga belek kylbajsynby ;)
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан