Редакциябызга акыйкат издеп, жардам сурап келген окурмандар көп. Бүгүн түрк жигитинен запкы жеген Чолпон Орузбаева аттуу кыргыз кызынын башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу кеп козгомокчубуз. “Бизде качан адилеттик орнойт? Канчага чейин башка улуттун өкүлдөрү кыргыз кыздарын кордоп жүрө беришет?”- деп кеп баштады ал.
“ЛИФТТЕ ЗОРДУКТАМАКЧЫ БОЛДУ”
– Мен Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Вефа” соода борборунун 1-кабатындагы “Бета-Сторес-3” дүкөнүнүн кондитердик бөлүмүндө иштейм. 2011-жылдын 16-апрелинде таңкы саат сегиздерде жумушта иштеп жатсам, ушул эле жерде технолог болуп иштеген Гюнеш Йылмаз (36 жашта, Түркиянын жараны) аттуу жигит келип урушуп кирди. Анын ою боюнча, мен эскирип кеткен баклаваны (кондитердик азык) сатышым керек экен.
“Эски товарларды сата албасаң, жогол бул жерден” деп коркута баштады. Мен “кетпейм, кетсем, директор келгенде гана аны менен сүйлөшүп, анан кетем. Маркеттин директору жаңы товарларды гана саткыла деп айткан” деген жооп кайтардым. “Эмнеге менин сөзүмдү укпайсың?! Сен эскини да сатышың керек!” деп айтып, жаак талаштыра чаап жиберди. Мен түшүнбөй эле калдым, “эмнеге мени чабасың?!” дегиче эле дагы бир жолу чаап жиберди. Колумду толгоп, ичке тепти. Анан лифтти көздөй сүйрөп, ал жактан күч колдонуп зордуктоого аракет жасады. Мен андан араң качып кутулдум да, коопсуздук кызматкерлерине арыздандым. Алар ортобузга түшүп арачалап калышты.
Андан кийин маркетинг боюнча директор Өзгүр, коопсуздук кызматынын башчысы Саид келип, болгон окуяны уккандан кийин да Гюнеш Йылмазга карата эч кандай чара көрбөй, кабинеттерине кирип кетишти. Бир гана коопсуздук кызматынын башчысы келип, “ордуңа барып иштей бер” деди.
“ООРУКАНАГА БАРБАЙ ЭЛЕ АСПИРИН ИЧИП АЛ”
– Жаным кашайып, ошол жерден милицияга телефон чалдым, алар 10-15 мүнөттөн кийин жетип келишти. Милиция кызматкерлери Гюнеш экөөбүздү Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмүнө алып барышты. Ал жерден мени кантип сабагандыгы тууралуу арыз жазып бердим. Гюнеш Йылмаз “Бета-Сторес” соода тармагынын башкы директорунун орун басары Салих Ердогдурга телефон чалды.
Бир аз убакыттан кийин жетип келген орун басар №7-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан деген менен мурунтан тааныш экен, экөө кучакташып учурашты. Нурлан “бул ишти мен өзүм карайм” деп жазган арызды алды да, экөө кабинетине кирип сүйлөшүп чыгышты. Мени да кабинетине чакырып: “Чолпон, бетиңдин шишигени эле болбосо, жараатың жеңил эле көрүнөт. Зордуктабаптыр деле, андан көрө кечиришип, ордуңа барып иштей бербейсиңби? Азыр биздин жумуш аябай көп. Бул ишти караганга башкалардын убакыты жок. Башка бөлүмгө кайрылсаң, сенин ишиңди эч ким карабайт”,- деди.
Ошентип, айласыздан арызымды кайра алдым да, жумуш ордума жөнөдүм. Жумушка барсам, түрктөр “сен эмнеге милицияга бардың? Бизди уят кылдың, эми бул жерде иштебейсиң” деп коркута башташты. Директор болсо “азырынча иштеп тур, анан көрөбүз” деп койду. Бир убакта дене табым көтөрүлүп, башым айланып, өзүмдү жаман сезе баштадым. Анан директорго кайрылып, “ооруканага барышым керек” десем, ал “үйүңө эле барып жат. Анальгин, аспирин ичсең, жакшы болуп кетесиң. Ооруканага барбай эле кой. Бүгүн эс ала бер, жумушка эртең келсең болот” деп уруксат берди.
Мен ошол эле №7-шаардык милиция бөлүмүнө барып кайра арыз жаздым да, үйгө кеттим. Кечки саат алтылардан өтүп калганда ичим аябай ооруп, тура албай калдым. Эжеме телефон чалсам, ал мени Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго алып барды.
“БАШТЫ ООРУТПАЙ ЧЫГЫП КЕТ!”
– Ал жактан дарыгерлер текшерип көрүшүп, “ичегиң айрылып, ичиңе кан уюп калыптыр” деген диагноз кошту. Көрсө, Гюнеш ичегимди жара тепкен экен, дароо эле операция жасашты. Ооруканада 17 күн дарыланып жаттым. Бул арада түрктөр да, тергөөчү да бир жолу келип, абалымды сураганга жарашпады. Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарыптыр. Бирок мен ооруканадан чыккандан үч күн мурун аны Бишкек шаардык соту бошотуп жиберген экен. Ооруканада жаткандагы кагазымды да делого тиркебептир.
Тимур Маржанов деген тергөөчүдөн эч кандай тергөө жүргүзбөй туруп эмнеге аны чыгарып жибергенин сурасам, “мен билбейм, барып прокуратурадан сурап ал” деп койду. Прокуратурадан райондук сотко, райондук соттон шаардык сотко жиберишти. Шаардык соттогу Нарымбаева деген судьяга жолуксам, “сен эмнеге келдиң? Сенин ишиң качан эле жабылган. Бар, башымды оорутпай чыгып кет” деди. Мага соттун кандай өткөндүгүн да айтпай койду. Ал жактан чыккандан кийин кимге барарымды да билбей калдым.
“МУРУН ДА БИР НЕЧЕ ЖОЛУ МЕЙМАНКАНАГА ЧАКЫРГАН”
Чолпон кебинин аягында Гюнеш ага башынан эле тийишип келгенин, андан башка дагы далай кыздар кыйналып жүргөнүн кейип айтып отурду.
– Гюнештин мага көңүлү мурун эле бузулуп жүргөн. Бир нече жолу мени кафеге, мейманканага чакырган. Мен аны кагып койгонмун. Жашырганда эмне, алар менден башка кыздарга да тийишип, кор кылышат. Арасында зордукталгандары да бар, алар кимге арызданышты да билишпейт. Мүмкүн, “арыздансам, жумушумдан куру калам же ден соолугума коркунуч келет” деп коркушат чыгар.
Кыргыз кыздарынын Кыргызстанда жашаган түрктөрдөн көргөн кордуктары адам эмес, ат көтөрө алгыс болуп калды. Бийликтегилер качан намысына келишет? Чыркырап чыкканы мен, а дагы деле кордук көрүп жүргөндөрү канча? Эртеңки күнү эле чоңдордун кыздары, жээн-карындаштары мендей болуп чет элдиктерден запкы жеши мүмкүн. Пулуң болсо, кулуңмун болбогула. Биздин мыйзам бизге каршы иштесе, анда илгеркидей сот кылышыбыз керекпи, таш бараңга алып? Муну күйгөнүмдөн айтып жатам.
Кайдигерликке салып, мени кордогон адамды коё беришсе, башкалары “боло берет турбайбы” деп ачык эле мууздап коюудан баш тартышпайт. Булар күнөө кылып коюп, аны намаз окуп жууп коёбуз деп ойлошсо керек.
«ЙЫЛМАЗ АЗЫР ИШТЕБЕЙ КАЛГАН»
Гүнеш Йылмаздын өзүнө жолугуп, анын пикирин угуу үчүн “Бета-Сторес-3” дүкөнүнө бардык. Дүкөндүн кондитердик бөлүмүнүн башчысы Эля аттуу кыз чыгып: “Ошол окуядан кийин жетекчилик «биздин атыбызды булгап койдуң» деп Йылмазды иштен кетирип жиберишкен. Азыр анын кай жакта экенин билбейбиз”,- деп жооп берди.
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бишкек шаардык сотунун судьясы Нарымбаева Людмила Петровнага кайрылдык. Ал курамында болгон үч судья коллегиялык сот өткөрүп, Гюнеш Йылмазды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан экен. Сот процесси бүтө электигине байланыштуу Людмила айым комментарий берүүдөн баш тартты.
Мына, окурман, Чолпондун айтып бергендери, чынында, намыска тиет. Бул жерде бир эмес, бүтүндөй кыргыз кыздарынын укугу жана намысы тебеленип жатат. Кыргызстандын укук коргоо, сот системалары качанкыга чейин кыргыздардын укугун башка өлкөнүн жарандарына тебелетет?!
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg