Токтобек Асаналиев: «АРАК МЕНЕН ТАМЕКИНИ КЕЛИНЧЕГИМ ТАШТАТКАН»

Эл оозуна «Боогачың сенин болоюн» деген ыры менен алынган көрүнүктүү ырчы Токтобек редакцияга кыңылдай ырдап кирип келди. Ал жан дүйнөсүн ачып, өткөнүн, бүгүнкүсүн кеп кылды.

КААРМАН ЖӨНҮНДӨ
Туулган жылы – 1975-жыл, 6-июнь.
Туулган жери – Нарындын Ат-Башы району, Ача-Кайыңды айылы.
Билими – Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган.
Иштеген жери – Улуттук консерваторияда ага окутуучу.
Үй-бүлөсү – Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы. Жубайы Саадат кесиби боюнча эсепчи. Учурда тигүү цехин иштетет.

ТОКТОБЕК ӨЗҮ ТУУРАЛУУ

  • Жетишкендигим – Орто Азия жана Казакстан боюнча өткөн Эл аралык сынактардын бир нече жолку лауреаты болгондугум. Элдин сыйы, урматы...
  • Кандай адамдарды жаман көрөм? Иштен сөзгө өтүп, бирок сөздөн ишке өтө албаган адамдарды. Башкача айтканда, куру сөз сүйлөгөндөрдү.
  • Көзүмө жаш тегеренет – Көчөдө балдарын кучактап, кайыр сураган кыргыз кыздарды көргөндө. Ата-энесин мас баласы сөгүп же уруп жатканын көргөндө, укканда.
  • Сыймыктанам – Кыргыздын салттуу ырларын дүйнөнүн ар бурчуна таанытууга салым кошуп келе жатканыма. Окуучуларымдын саны арбып, “Токтобектин мектеби” деп аталчу кез жакын калганына.

“ТӨРӨЛГӨНДӨ ЭЛЕ БИР ТИШИМ БАР ЭКЕН”
– Токтобек, концерт коюу алдында турасың. Ушундан улам ырчылык, комузчулук өнөр сага кимден жуккан деген суроо туулат?..
– Атам, атамдын эркек 3 бир тууганы тең комуз менен ырдашат. Апам да жакшы ырдагандыктан, тойлордо үн созуп калат. Ушундай үй-бүлөдө чоңойсом, анан мага ырчылык, комузчулук жукпай коймок беле?! Ата-энем 7-классыма чейин чабан болуп иштеди. Азыр ойлоп көрсөм, атам мендеги көрөңгөнү кичинемде эле байкап, эч кимге билдирбегени менен, өз алдынча бышырып келген экен. Анткени үйгө конок келди дегиче мен үйдүн артистине айланчумун. Түндө уктап жатсам, бирөө түрткүлөсө эле “энең... дагы ырдатканы жатышабы?” деп сөгүнүп алып, көзүмдү ушалаган бойдон ырдай баштайт элем. Атам болсо “сени тартып жатышат. Андыктан камерага түз карап ырда” деп күйгүзөт. Же чындап камера болсочу? Жок эле камерага карап ырда дейт да. 6 жашымда комузду үйрөнүп, күү черте баштадым. Кичине кезимде “Балам жок”, “13 жашар баланын арманы”,“Өрүк комузду” ырдайт элем да. Буларды ырдасам эле кемпирлер үшкүрүп, мурдунун суусун ыргытып жатып калышчу.
– Балалыгыңда тоголок, сары бала болсоң керек?
– Жок, кичинемде арык, көзү ойноктогон шок бала элем. Тоголок болуп жакынкы 4-5 жыл аралыгында эле толбодумбу. Мурун түз эле басчу элем, толгондон бери салмактан улам кыйшык басып калдым.
Мынчалык болду, төрөлгөнүмдү айтпасам болбос. Төрөлгөндө эле бир узун тишим бар экен. Абам (атамдын агасы) «эмгенде апасынын эмчегин тиштейт. Андыктан тишин жулуп салуу керек» дептир. Анда чоң энем “бул бала Кудай колдогон бала. Бул жөн тиш эмес, жышааналуу тиш. Жулдуртпайм” деп болбой коюптур. Ошол тишим кийин 7 жашымда түштү.
– Кийин мектепке барганыңда ырдаганыңды уланттың...
– Ооба, адабий ийримге катышып, майрамдарда, чогулуштарда шаңшып эле ырдап калчумун. Ошол кездерде кайда болсо да кыңылдап ырдап жүрчүмүн. Ал адатым дале сакталып калды.

“ЧАЛДАРДЫН ЫРЫН ЫРДАЙТ“ ДЕП КЫЗДАР ЖАКТЫРБАЙ...”
– Мектепти бүткөн соң кайсы окуу жайга аттандың?
– Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга келип, тапшырып, өтүп кеттим.
Чоң сахнага ошол студияда окуп жүргөндө эле чыктыңбы?
– Жок, чоң сахнага Искусство институтунда окуп жүрүп чыктым. 4-курста экенимде “Жибек Жолу” долбоору менен башка ырчы-чоорчуларга кошулуп АКШга кеттим. Ошол гастролдо чоң сахнага чыктым.
Институттагы кездеримди эстесем эле бир окуя эсиме түшүп кетет. Бир ирет балдар менен отурушка барбайбызбы. Болушунча көңүл ачып жатабыз. Бир убакта досторум “биздин Токо ырды “өлтүрөт”. Азыр силерге ырдап берет” деп калды. Мен комуз менен фольклордук ырларды ырдасам, кыздар “чалдардын ырын ырдайт экен” деп жактырышпай койсо болобу. Ошондо “ушундай ырларды баалабайт экен” деп ичимден аларга таарынып, көңүлүм бир сынган. Көрсө, эстрадалык жеңил-желпи ырлар жаштардын музыкага болгон табитин өлтүрүп коёт тура.

“АТТЫН БАШЫНДАЙ АРМАНЫМ ДЕЛЕ ЖОК”
– Эми жеке турмушуңа кезек берип, ал тууралуу өз оозуңдан уксак. Биринчи жубайың Кенже менен эмнеге ажырашкансың?
– Кенже менин биринчи никем. Жакшыбы, жаманбы, ал мезгил менин жашоомдун бир үзүндүсү. Бирок ал тууралуу айтууну жактырбайм.
Кээ бирлер “Кенже өзүнө жана үйүнө да караганды билчү эмес. Токтобек ошондон улам ажырашкан” дешсе, кээлери “Кенже популярдуу болуп, Токтобек анын көлөкөсүндө калып кеткендиги үчүн ажырашкан” дешет. Кайсынысына ишенсек болот? Азыр ал баласы менен катташып турабы?
– Мен Кенже тууралуу тигиндей-мындай деп отурбай, кыскача эле айтайынчы. Кенже баланы төрөгөнү менен, аны карап-баккан деле жок. Ал түгөнбөгөн гастролдордо жүргөндө мен баланын богун жууп, ооруса врачка чуркап карадым. Анан апам мектепке окугуча деп айылга алып кетти. 1-класста кайра колума алдым. Эне болуп карабаса, эне мээримин төкпөсө, бала деле апасынан алыс болуп калат да. Азыр балам Кенже ырдап жатканын угуп калса, радиону өчүрүп салат. Калган жыйынтыкты өзүң чыгара бер.
– Азыркы жубайың Саадат менен кандайча таанышкансың? Ал сендей жигиттин жүрөгүнө кандайча чок салды экен?
– Анын жездеси той берип, мени чакырган эле. Ошондо таанышкам. Кийин бир досумдукуна барсам, Саадат ошол жерде жүрөт. Байкасам, намаз окуган такыбаа, калп айтпаган, шар сүйлөгөн, маңдайы жарык кыз экен. Жагып калгандыктан, мамиле түзсөм деп дегдедим. Экөөбүздүн ортобузда мамиле түзүлүп калгандан соң “Саадатым” деген ыр чыгардым. Ал ырымды азыр да ырдап, көңүлүн ачып калам. Кээде тамашалап “бул ырды кийин мага ысык чайын жаркылдап берип турсун”деп кошомат кылып чыгаргам деп да калам.
Ушул жерден айта кетейин, мен “арманым аттын башындай” деп ырдасам эле эл “арманы көп окшойт” деп калышат. Менин арманым деле жок. Ии, унутуп кете жаздаган турбаймбы. “Баш кошолу” деп сунуш киргизгенимде Саадат: “Арак менен тамекиңди таштасаң гана тием”,- деди. Мен макул болдум. “Ийне көзүнөн, жигит сөзүнөн сынат” эмеспи, мен сөзүмдөн сынбайын, эркекче айтканыма турайын деп арак, тамекини таштадым. Негизи, 8-классымдан тамеки чегип, убагында арактан да “бодро” эле ичип койчумун.
– Жиниң келгенде Саадат эмне кылат?
– Ачуум чукул, мурдумдун учунда турат. Андыктан катуу ачуум келгенде бетимден өөп жоошутуп коёт же көзүнө көрүнбөй турайын деп эшикке чыгып кетет.
– Анын ачуусу келгенде сен кантесиң?
– “Саадатымды” же башка ырды ырдай баштайм, же “ооба, кемчилик менде” деп кулак жапырып туруп берем.
– Сени билгендер сөгүнгөнүңдү жактырышпайт...
– Ии, ушундай иттигим бар. Сөзүм­дүн көбү эле “энең...” деп башталып кетет. Ушуну коё албай койдум. Ушул адатымдан улам апам кайненеме “Токонун “энең” дегени “жакшы көрөм” дегени, андыктан элес албай эле койгула” деп айтканы бар.

“КӨӨП КАЛДЫҢ ДЕШЕТ...”
– Чабандын балдары бышык болуп чоңоёт эмеспи. Ашканада деле чебер болсоң керек…
– Жаркөп менен жумуртканы бышырууда мыкты элемин. Анан бир “больной местам” бар. Керчөөнү бала кезден өлө жакшы көрөм. Азыр да атамдар айылдан кой союшса, керчөөсүн мага жиберип турушат. Аны чокко кактап бышырып, балдарыма кесип берип жеп отургандан рахат алам десең!..
– Сени “кийинки кезде көөп кетти” дешет...
– Мен да кээде угуп калам. Бирок андай деле эмес. Бул убакытым жоктугунан тааныш-билиштерге көңүл бөлө албай, ал тургай жакшылап учураша албаганымдан чыгар...
– Кантип эс алууну баалай­сың?
– Тынч жерде жатып алып, китеп окуп эс алганды сүйөм. Анан жайлоодо ат менен бастырып кыдырып жүрсөң, ээ, атаганат!
– «Ырчылардан өкүл бала-өкүл кызга бай» дешет...
– Ооба, ырчылардан 6 өкүл кыз-өкүл балам бар. Алардын арасында Кундуз Таштаналиева да бар. Бири-бирибизди баалаган чыгармачыл адамдар болгондуктан, алар сунуш киргизишти, мен макул болдум дегендей.
– Шоу-бизнестеги кимдер менен кирип-чыгышып турасың?
– Оголе көп. Кутман Жолдошев, Жеңишбек Токтобек, Динара Акулова, Гүлзат Байзакова жана башкалар.
– Убактыңды бөлүп маек куруп бергениңе рахмат.

Канымжан Усупбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Токтобек Асаналиев: "Арак менен тамекини келинчегим таштаткан"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aku
2011-06-06 14:06:39
kerchoo degen soz emne ?kenje degen kaisy yrchyny aityp atat
0
Protokol
2011-06-06 15:07:30
Токтобек байке азамат!
0
Zamira
2011-06-06 15:52:34
Керчоо деген эт.
0
Jaigz
2011-06-06 17:25:06
Азаматсыз, бар болунуз, бактылуу болунуз.
0
Мика
2011-06-06 17:29:01
Кенже деген ырчы бар го, ына-ынннна деп туруп кайрып ырдаган комуз менен Кубатова. Ошол ырчы бомпошка байкебизди таштап кеткен башка бироонун колун кармап. Айтымында азыркысы тын чыккан окшойт абдан мактаптыр
0
aku
2011-06-07 11:37:38
aaa tushunuktuu chygarmachyl adamdar biri birin tushunushot dese naoborot go e
0
azulya
2011-06-07 13:37:21
междупрочим Кенже Кубатова Кыргызстандагы бирден бир ырчы! Ал постоянно Кыргызстанды представить этип дуйно кыдырат. Анча мынча мынкылдаган ырчылардын эмес. Кыргызстандын атынан чыгып уну менен дуйно элдеринин оозун ачырган ырчы. Жадакалса Токтобекти дагы Америкага алпарган ошол Кенже да.
Ал эми жеке жашоосун билбейт экенмин. Эми ал жеке жашоо да, эч кимибиз кийлигишкенге акыбыз жок.
0
Zamira
2011-06-08 00:22:22
Кенже Кубатова укмуш ырдайт комуз менен. Мага аябай жагат.
0
Narynbek
2011-06-09 20:59:32
Токого мен да капа болгом.Былтыр Москвадан Бишкекке барып жолугуп кетейин десем убактым жок кийин чал деп койгон.Студент кезде жакын дос болчубуз.Адам өзгөрөт деген ушул тура.Кенжеге келсек ырдаганына сөз жок.Азамат!!!
0
TUKO
2011-08-09 15:24:25
Bul irchi jakshi irchi Katyy SozoT! +1
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан