ЖАШЫНГАН СУЛУУЛАР, КАРАЙЛАГАН МЫРЗАЛАР

Мырзалар бойго жетип өзүнчө түтүн булаткан соң алардын эң жакын адамы өмүрлүк жубайы болуп калат эмеспи. Алар жан шеригин канчалык деңгээлде билишерин аныктоо максатында кызыктуу оюн өткөрдүк. Жыйынтыгын чогуу байкайлы.

ОЮНДУН ШАРТЫ
Бул оюнга үч жылдыздын келинчектери жана атайын даярдалган эки кыз катышты. Оюндун шарты боюнча, 1-турда көзү таңылган мырзалар колду кармоо менен, 2-турда жыт искөө менен 5 сулуунун ичинен өз келинчектерин табышы керек. Ал эми 3-турда мырзалар буюмдардын (келинчектери өздөрү ала келишкен) арасынан жан шеригине тиешелүүсүн таап чыгышы шарт.
Мырзалар өз ара чечишип, оюнду алгач ырчы Эрлан Андашев баштап берди.


Эрлан Андашев, ырчы, 23 жашта.
Перизат Көпөбаева, комузчу, 23 жашта.
Экөө 5-класстан бери тааныш. Үй-бүлө кургандарына 6 айдын жүзү болду.

Колун кармоо боюнча: Туура тапты.
Эрландын ою:
– Чынында, келинчегимдин колун табуу кыйынга турду. Ошондуктан эки жолу мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү суранбадымбы. Негедир колдордун баары чоңдой сезилди. Алгач колу кичинекей, билеги ичке, муздак, бир аз нымдалышкан колду издедим. Себеби менин сулуумдун колу ошондой. Андай колду таппай айлам кеткенде кыздардын тырмактарын кармай баштадым. Анткени Перизат комузчу болгондуктан, тырмагын өстүрбөйт. Тырмагынан улам таап алдым.

Жыт искөө боюнча: Туура тапты.
Эрландын ою:
– Ар бир адамда өзүнө тиешелүү жыт бар эмеспи. Жытыбыз сиңишип калса керек да, бат эле таап алдым. Кыздардын экөөсү гана атыр себинбептир. Алардын бири Перизат болду.

Буюмдарды табуу боюнча: Эки буюмун тең таап, ооз боёкту ашыкча алып алды.
Эрландын ою:
– Перизаттын сумкасынан дайыма пудра менен кооз капчыгы түшпөйт. Ооз боёк ашыкча болуп калды. Бирок келинчегимдин дал ушундай түстөгү помадасы бар болчу, чынбы, жаным?
Перизаттын ою: – Ооба, бирок идиши бир аз башкачараак. Аябай кызык оюн экен. Колду кармоо оюнунда кантер экен деп атайын нике шакегимди алып койгон элем. Эрлан мени жакшы билип калыптыр. Ушуга аябай кубанып турам.


Эмил Токтогонов, спортчу, 29 жашта.
Аида Насипбекова, мугалим, 27 жашта.

Баш кошкондоруна алты жарым жыл болду.
Бир кыз, бир уулдун ата-энеси.

Колун кармоо боюнча: Адашып Бакыт Байсариевдин келинчегин тандап алды.
Эмилдин ою:
– Мен лак коюлган, жылмакай тырмакты издедим. Келинчегим кечээ боёп жаткандай болгон. Азыраак боёп койгон окшойт, адашып Наргизаны тандап алыптырмын. Аябай өзүмө ишендим окшойт, ушул деп туруп алдым. Ка-ап, дагы бир мүмкүнчүлүк сурасам болмок экен.

Жыт искөө боюнча: Туура тапты.
Эмилдин ою:
– Атырынын жытынан таап алдым.

Буюмдарды табуу боюнча: Эки буюмун тең таап, кол кремди ашыкча алып алды.
Эмилдин ою:
– Арстан (сувенир) – биздин ыйык буюмубуз. Таиланддан досум белекке алып келген. Нике шакектерибизди чечкенде ошого илип коёбуз. Ал эми бул бокал биздин сүйүүбүзгө күбө десем болот. Себеби экөөбүз таанышкан күнү ага шире куюлуп, тост айтылган эле. Буларды табуу оңой болду. Кол кремди болсо жытына карап эле тандап алган элем, башканыкы турбайбы.
Аиданын ою: – Эмил колумду таппай калганда алгач кызыктай боло түштүм. Бирок жиним келген жок. Жыт искөө боюнча айтсам, көбүнчө ушул атырды себинип жүрөм. Жаңы үйлөнгөнүбүздө косметика каражаттарын белек кылып турчу. Азыр «алып ал» деп колума акча карматып коёт. Буюмдар боюнча айтсам, мен көзүн таңып алып табат деп ойлоп алыптырмын. Болбосо, башка буюмдарымды алып келмекмин. Аябай кызыгып жаткам, мени канчалык деңгээлде билет деп. Колумдан гана адашты. Эң негизгиси, жытымдан адашпасын.


Бакыт Байсариев, бийчи, 26 жашта.
Наргиза Момунтаева, бийчи, 24 жашта.
Таанышкандарына 7 жыл, баш кошкондоруна 3 жыл болду.
Бир кыздын ата-энеси.

Колун кармоо боюнча: Бакыт адашып Перизатты тандап алды.
Бакыттын ою:
– Ой, билбейм, мага жети кыз отургандай сезилди. Ичке колду издеп жүргөм. Тапканым Эрландын келинчеги болуп чыкпадыбы.

Жыт искөө боюнча: Туура тапты.
Бакыттын ою:
– Менин Наргизкамдын жыты өзүнчө эле керемет.

Буюмдарды табуу боюнча: Сумкасын гана таап, күмүш билерикти ашыкча алып алды. Ооз боёгун таба алган жок.
Бакыттын ою:
– Сумкасын дароо таап алдым. Анткени ушунусун көп көтөрөт, ал гана эмес, кечээ колунан да түшүрүп жиберген. Экөөбүз тең күмүшкө жакынбыз, ошон үчүн күмүш жасалганы тандап алган элем. Ооз боёкту Эрлан менден биринчи тандап, чекеге бөлүп койбодубу. Чын эле ошолордуку турбайбы деп алган эмес элем. Көрсө, Наргизамдыкы экен да. Бул жагынан Эрлан тың экен. Эми келинчектерибиз бизди издеп табышса жакшы болмок...
Наргизанын ою: – Чынында жакын адамың сени таппай калса, кызыктай абалда калат экенсиң. Алгач кызыктай боло түштүм да, анан бул оюн да деп эсиме келдим. Кийинки эки тапшырмадан да адашса, анда эмне болмокмун билбейм. Бакытка жакшы эле таарынсам керек.

Дамира Арстанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Супер шоу: Жашынган сулуулар, карайлаган мырзалар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
jamalenok
2011-06-06 22:40:05
эрландын келинчегинин боюнда бар окшойт
0
dina
2011-06-07 09:33:13
Эрлан азамат келинчегин жакшы таапты.
0
akiykat
2011-06-07 15:13:55
мага да Эрландын келинчеги жагат, боюнда бар окшойт
0
4andi
2011-06-08 11:04:19
Аябай кызык оюн экен. Мага Бакыттын келинчеги жакты. Эрдан азамат экен келинчегин адашпай таап алды :)
0
asyl
2011-06-08 22:18:09
жакшы оюн экен.жакты.
0
ulua
2011-06-09 04:02:37
оюнда адашкан эч нерсе эмес турмушта адашпагыла жылдыздар..............
0
juka
2011-06-09 08:41:46
эн соонун оюн экен азаматсынар!
0
kolduk-kyz
2011-06-09 09:19:30
Erlan & Perisat abdan jagymduu, jyldysduu tugoilordon eken. Baktyluu, usak omur surushunorgo tilekteshmin !!!
0
jamalenok
2011-06-09 15:40:18
Наргиза озу аябай сулуу бирок озуно жарашпаган тень коюп алыптыр
0
bakirbek
2011-06-09 17:26:00
сонун болуптур. Эрлан Перизат азаматсынар. Мага уй булоонор жакты
0
Tokmok
2011-06-10 02:39:54
oo sonun, molodzy!
0
bala
2011-06-10 09:56:21
тамаша тамаша бирок шарыятка туура келбей калыптыр
0
merimka89
2011-06-10 22:40:13
аябай жакшы. мага жакты. мындан ары да кызыктуу оюндарды кутобуз.
0
kyrgyzajym
2011-06-11 19:15:57
ha-ha,ajabaj prrikol6nyj boluptur!:)
Bakyt bajke sonun kuldurup,ogo beter tamashanyn korkun a4yptyr!Sonun!Dagy kutobuz!!!
0
kleine
2011-06-13 02:45:27
Kancha okup,kancha korsom dele , kundo 1 maal kirip , okup, korup chykchu boldum,ushunu ;)
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан