Биздин бүгүнкү маектешибиздин министрлик кызматка киришкенине 6 айдын жүзү болду. 6 ай аз убакыт болгону менен, маданият тармагында иш алпаруу оңой-олтоң иш эмес. Эмесе, сөз кезеги министрде.
– Нурланбек мырза, сиздин министрликти жетектегениңизге жарым жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта маданият тармагында кандай өзгөрүүлөр болду?
– Маданият тармагында кандайдыр бир көзгө көрүнө турган өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн 6 ай абдан эле аз убакыт. Бул тармак кыска аралыкта эле өсүш же артка кетүү байкалган өнөр жай, экономика тармагы эмес. Мында салык же жыйымдардын көлөмүн пайыздар менен аныктаган сыяктуу көрсөткүчтөрдү айтууга болбойт. Анткен менен, Кудайга шүгүр, бир топ жакшы иштерди баштадык. Алардын бири – кадр маселеси. Азыр биз маданий окуу жайлардын пенсия курагындагы жетекчилерин жаштарга алмаштыра баштадык. Ошондой эле көпчүлүк райондук, шаардык маданият бөлүмдөрүнүн башчылары да пенсия курагындагы адамдар экен. Аларды жаш, заманбап көз караштагы кадрлар менен алмаштыруудабыз. Эң башкысы, маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акыларын эки эседен ашык көтөрүүгө жетиштик. Мындан башка тармактарга салыштырмалуу маданият кызматкерлерине мурда эмгек стажына кошумча төлөмдөр болбой келген экен, ошону быйылтан баштап төлөнө турган кылдык.
– Эмгек акыларга келсек, «Улуттук» деген макамы бар маданият мекемелеринин кызматкерлери «мурда эмгек акыбызга жүз пайыз кошумча алчу элек, азыр андай болбой калды» деп нааразы пикирлерди айтып жатышат.
– Туура, мындай пикирлер бар. Мурда ошол «Улуттук» деген макамга жүз пайыз кошумча төлөнчү. Азыр андай болбой, «Улуттук» деген макамы бар бардык мекемелердин кызматкерлерине 1000 сомдон кошумча төлөнөт. Ошондой эле Эл артисти наамы барларга кошумча 5000, Эмгек сиңиргендерге 2,500 сом төлөнөт. Бул жерде, негизинен, маданий мекемелердин катардагы кызматкерлеринин эмгек акысы эки эседен ашык көтөрүлүп, алар ыраазы болуп жатышат. Мында ошол «Улуттук» макамына жүз пайыз кошумча алып жүргөндөр бир аз нааразы болушууда. Анткен менен, алардын базалык эмгек акысы эки эсе көтөрүлдү. Учурдагы кыйын кырдаалга карабай, туура түшүнүү менен минтип эмгек акыларды көтөрүүгө белсенген коалициялык өкмөткө ыраазычылык билдирсек болот.
– Өткөндө өкмөт башчысы: «Эгерде эмгек акыларды жаңыча төлөөдө кемчиликтер болсо, министрлерди кызматтарынан кетирем»,- деди. Бул жагы кандай?
– Элибизде жакшы сөз бар, «чоң иштин ийгилиги да, кемчилиги да чоң болот» деген. Кандай гана жаңыча иштер болбосун сөзсүз түрдө кемчилик, катачылыктар болбой койбойт. «Көч бара-бара түзөлөт» дейт. Биз баарын өз убагында так жасоого канчалык аракет кылсак дагы, бир аз техникалык маселелер чыгып жатты. Бул маселе жеке эле бизден көз каранды эмес. Өкмөттө да, Каржы министрлигинде да бири-бирибизге анча-мынча түшүнбөгөн маселелер болуп калат экен.
Ал эми кызмат боюнча айтсам, мен кетип калат экенмин деп коркпойм. Бардык нерсе Кудайдын буйругуна жараша болот. Эгерде буйрук болбосо, Токмокко чейин жылаңачтанып алып чуркап барсаң деле эч нерсе чыкпайт. Мен эч качан кызматка тырышкан эмесмин. Бардык нерсе калыс жана так чечилиши керек деп эсептейм.
– Республиканын бардык аймактарын кыдырып чыккан турбайсызбы. Жер-жерлерде абал кандай экен?
– Ооба, ушул май айынын ичинде бир айлык мөөнөт менен Чүй облусунан башка 6 облуска барып, маданият кызматкерлери менен бетме-бет отуруп маданияттын күнгөй-тескейин талкуулап, сүйлөшүп келдим. Мени таң калтырганы, бардык жерде катардагы маданият кызматкерлери «биз минтип министр менен арай көзүбүз чарай болуп биринчи жолу түз жолугуп жатабыз» деп айтышты. Абал боюнча айтсак, мактана турган деле эч нерсебиз жок. Жаңылап оңдой турган бир катар маселелер бар. «Миң уккандан бир көргөн артык» дейт эмеспи. Негизинен, көйгөйлөрдү өз көзүм менен көрүп, баамдап келдим. Эми, буюрса, алардын негизгилерин чечүүнүн үстүндө иш алпарам.
– Угушубузга караганда, өзүңүз өкмөт мүчөсү болсоңуз да азыркы бийликтин кемчиликтерин ачык эле айтып жүрүптүрсүз...
– Мен болгонун болгондой эле өз оюмду ачык айтып жүрөм. Болгон мүнөзүм ошондой. Кемчиликтерибизди ачык эле айтам. Биз бири-бирибизден кемчиликтерибизди жашырып-жаап жүрүп ушул күнгө жеттик да. Элге ачыгын айтып түшүндүрсөң, бардыгын туура кабыл алат. Анан эле жашыра берсең, «ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» болуп жатпайбы. Бийлик башындагыларга ыйман берсин, өткөн күндөрдөн сабак алсын деп айтып жүрөм.
– Жакында эле Түштүк Кореяга барыптырсыз, иш сапарыңыздын жыйынтыгы кандай болду?
– Сапарым абдан жемиштүү болду. Өзүм менен кошо тажрыйба алмашуу болсун деп Ош облустук улуттук театрынын директору Асан Мансуровду да алып бардым. Бир топ маселелер боюнча кызматташтыкты баштадык. Корейлер биздин маданий мекемелер үчүн учурда аба менен суудай эле керек болуп жаткан жаңы технологиялар жагынан жардам бермей болушту.
Өзгөчө дагы бир жагдай, Сеул шаарында эки чоң университетте Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана туризми тууралуу дарс окудум. Студенттердин кызыктуу суроолору абдан көп болду.
– Кореядагы кыргыз студенттери менен дагы өзүнчө жолугушкан турбайсызбы...
– Түштүк Кореяда кыргызстандык жүзгө жакын студент ар кайсы жогорку окуу жайларында билим алышат экен. Алар менен атайын жолугушуп сүйлөштүк. «Силер биздин мамлекетибиздин эртеңки келечегисиңер» деп айттым. Жаш мекендештерибиз «биринчи жолу өкмөттөн кишилер келип, ушундай кырдаалда жолугушуу болуп жатат» деп сүйүнүчтөрүн айтышты. Жолугушуунун соңунда кореялык студенттер менен биздин кыргыз студенттеринин ортосунда футбол ойноп, жолдоштук беттешүү өткөрдүк.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg