БОЛСОҢ БОЛОТ ШЕРДЕЙ БОЛ!

2-июндагы ЖКнын чоң отурумунда “Ата Мекендин” депутаты Болот Шер генерал-лейтенант наамы менен депутаттык кол тийбестиги жана партиялык мүчөлүгүн убактылуу алып салууну суранды. Бул өтүнүч жөн жеринен чыккан жок. Анткени парламентте Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Июнь окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы каралган. Жыйында депутаттар тарабынан “коогалаңга ким күнөөлүү жана алар жазасын алышабы?” деген суроолор берилди.
Ошол кезде ИИМди жетектеп турган Болот Шер күтүүсүздөн сөз алып, президент берген генералдык чининен баш тарттаарын билдирди. Спикер Ахматбек Келдибековдон жана «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден ошол кездеги иш-аракетине юридикалык баа берилгенге чейин депутаттык кол тийбестигин ала турууну, ошондой эле партиядагы мүчөлүгүн токтото турууну суранды. “Мен ошол учурда Ички иштер министри болуп турганмын. Андыктан каза болгон 447, жарадар болгон 2 миңдей кишинин жана жалпы эле кыргыз элинин алдында кечирим сурайм”,- деди эл өкүлү.
Учурунда Бакиевдерден кооптонуп, эч бирөө ИИМди жетектөөгө батынбай турган кезде ден соолугунун өтө чабал экендигине карабай милицияны башкарып, өлкөдөгү курч абалды калыбына келтирген Болот Шердин бул кадамы анык жигиттик болду. Айрымдар өз дарегине ачыктан-ачык ат көтөргүс айыптар айтылса деле кылы кыйшайбай кызматына жабышып, өздөрүн акча аркылуу актап жатышпайбы. Эми бул азаматтын каршылаштары аны каралоо аракетинде «ансыз деле аны генерал катары кабыл алышчу эмес» же «түштөн кийин актанууда» деп чыгышары анык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
mikinookat
2011-06-06 13:26:52
tuuru kiliptyr5555555555555555
0
kalpakchan
2011-06-06 14:47:16
Кечирим сураганы жакшы,анык кыргыздын жигити!эми ошол эле Роза эжебиз,кызматына жарганаттай жабышпай Атамбаев да кечирим сурашсын,алар да куноолу!ошол эле учурда чабалдык кылбай К.Батыров баштаган озбек лидерлерин да эртереек кармап камашса болмок!
0
kalpakchan
2011-06-06 14:50:45
Эл кутуп жатат К.Батыровду кармаш керек!негизи ошолор уюштурган озбектерге автомат таратып,брондолгон камазды жасаткан ошолор!
0
Jokasan
2011-06-06 15:19:41
Bolot sher erkek! men sizdi siylaym,
0
masha
2011-06-06 16:10:04
эн туура чечим себеби ШЕРдин генерал деген наамды алып журушу туура эмес.кайсыл эмгеги учун ал генерал болуш керек же мурда ИИМде кызмат отогонбу.тушунбойм.министр болуш анаын колунан келбейт.ага жалан МОНОЛГ окутуш керек же кырыгыз адабиятынанан мугалим кылыш керек.корком окуштун атасын таанытат
0
Zamira
2011-06-06 22:18:23
Наамды олкодо кырдаал курч болуп турган убакта ыйгарды беле? Наам алганын деле билбептирмин. Бирок Болот Шердин маркумдардын,жарадар болгондордун, деги эле КЫРГЫЗ элинин алдында кечирим сураганы чон эрдик!
0
UvE
2011-06-08 14:44:46
Ойлоп жатасынарбы, бул чын дили менен тапшырды деп?! Болгону саясий упай топтоо. Логически ойлоп коргуло, 1) Генералдык наамдын баркы жок бизде. 2)Кол тийбестик бул совершенно керек эмес баарына, себеби, азыр КРде абал бир топ тынч болуп калды! Бул киши ошондуктан тапшырды, кереги жок нерсени которуп журбой андан коро элдин алдында упай топтоону чечти! Ошто согуш бутоору менен эмнеге тапшырбады? ЖКга келип ТВдан элдин козунчо жасалма эр болбой туруп эле тапшырып салмак ошондо!
0
UvE
2011-06-08 14:46:05
Анан ММКалар жазып чыкканда эрдике айланмак! Мунун баары анын куулук кадамы, дагы айтам, булар ар бири озунун элдин арасында баркын которуп алууну каалап жатат.
0
Sama81
2011-06-08 19:06:19
Салам туугандар мен бул Адамды жакшы билем турмушка, жашоого коз карашы башкача. Азыркы депутат аттулардан айрымасы ошондо. Мыкты жигиттен депутатардын арасында экоо эле бири Болот Шер, экинчиси Камчыбек Ташиев калгандары жон эле митаам курттар. Создорун шамалга учуруп эле журушот. Элди ойлошпойт.
0
Noion
2011-06-08 19:32:18
Masha! ал мурда ИИМде иштеген 90чу жылдары капитан болсо керек бирок ал 2 жолу ЖКтин депутаты болгон адамдын башка кызматта иштегени деле стаж катары чини которуло берет. Ал министр боло алмак бирок ден соолугуна байланыштуу отказ бергенде кабыл алынган эмес кайр иштешине тура келген. 2 жолу инсульт жана бир жолу инфарк болу оной бекен!!!
0
Noion
2011-06-08 19:36:42
UvE ар бир адамдын терс жагын карабай жакшы жагын карабайсынбы жана ал адам боюнча кичине маалыматка ээ болуп туруп чечим чыгарбайсынбы жазат десе жаза бербей, мындай нерседен баш тартыш оной эмес Генерал чини ар кайсыл жерде катту должностько ээ сен биринчи озундун адресинди толук билип кимсин кайсыл жерден чыккансын билип алып анан башка бироону судитет!!!
0
UvE
2011-06-09 10:33:50
Noion Озунчо эле эмне болуп жатасын? Ар бир киши оз оюн жазганга акысы бар, так что, 18деги дебилге окшобой, нормальныйрак прыгать эткенди уйрон. Мен сага айта турганым, генералдык чиндин лично биздин КРде итчелик баркы жок! Мен ал жонундо маалыматка ээ болгудай ал ким мага? Бийликтеги лажа генералдарды уруп койгом давно. Эгер бул чыныгы генерал болсо тартипти КРде темирдей кылып орнотуп коймок. Мындай генерал болмок тугул озуго окшогон бут актерлорду гнать этуу керек!
0
avadanov
2011-06-09 20:21:00
на счет того что все они приходят для решения личных проблем согласна, но и поступок Болота Шера достойный. Ведь и вправду когда человек 3 раза стоял перед смертью он не будет уже думать о себе. Он начинает мыслить иначе... так что дорогие читатели скажу я вам так, мы так негативно относимся ко всему потому что у народа нет доверия!!!
0
chinovnik
2011-06-12 14:37:57
Болот Шер давно Шер болуш керек болчу.
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан