БҮГҮНКҮ ӨСПҮРҮМ ЭМНЕСИ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨ?

Өспүрүм кезди өткөөл курак деп коюшат. Бул курч жашта адам өз чөйрөсүндө орун таап, жоопкерчиликтин алгачкы даамын татат. Бирок бүгүнкү өспүрүмдүн буга чейинкилерден кыйла өзгөчөлөнүп турганы даана байкалат, андыктан алардын ар бирине кыскача токтолуп өтөлү.

КАПЫСТАН КАТ КЕЛДИ
Азыр интернет дүйнөсүндө желип-жортпогон жаштар дээрлик жокко эсе. Керек болсо Кыргызстандын алыскы айылдарында жашаган окуучулар да уюлдук телефон аркылуу интернетке кирүүнү күндөн-күнгө өздөштүрүп баратат. Социалдык Фейсбук тармагында ачылган баракчаларда ушундай кичинекей кат көбүнүн көңүлүн бурду.
“Бир досум жөнөттү. Окусаң, чын экенине ишенесиң”. “Менин бала чагымда достор онлайнда эмес, короодо болчу. Аларды ойноого чакырганда уюлдук телефон аркылуу эмес, үйүнүн алдында туруп алып “чык!” деп кыйкырар элек. Анда компьютердеги оюндар жок болчу, ошондуктан таза абада кубалашмай ойночу элек. Биз "кимдин уюлдук телефону кымбат?" деп салыштырчу эмеспиз, анткени колубузда өзүбүз толтурчу күндөлүк жана анкета дептерлери бар эле”.

ИНТЕРНЕТТИ ТЫТАТ, БИРОК КИТЕПТЕН КОРКОТ
Өспүрүмдөр күнүмдүк жашоосунда эмне менен алек? Өткөөл курактын өзгөчөлүк­төрүн изилдеген социологдордун изилдөөлөрү­нөн алынган өспүрүмдүн портрети азыр мындай:

  • Телевизордогу бардык каналдарды эмес, өзүнө жакын жана өспүрүмдөр ичинде мода болгон телепрограмманы көрүшөт. Бул көбүнчө музыка, кийинүү стили жана техника тууралуу берүүлөр.
  • Бош убактысын дээрлик интернетте же музыка угуу менен өткөрөт. Анын ичинде айрыкча социалдык тармактар өтө популярдуу. Ал эми музыканын ичинен жеңил түрү (поп, хип-хоп, арэнби ж.б.) кызыктырат.
  • Уюлдук телефондорду сатып алуу учурунда ыңгайлуулук же функциясынын көптүгүнө карабастан, көбүнчө белгилүү бир брендге, баасына ("Nokia" менен "Samsung") басым жасайт.
  • Жеңил жана тез тамактануу түрүн тандайт. Ысык тамак ордуна гамбургер же сэндвич болсо, чайдын ордун газдалган шире ээлейт.
  • Классикалык чыгарма тургай, негизи эле китеп дегендин досу эмес. Өспүрүм кыздардын курбусу журналдар болсо, эркек балдардын хоббисинде китепти барактоо эбак жоголгон.
  • Буга чейинки муундун кечки жашоосу дискотека же отуруштар менен өтсө, азыркылар көбүнесе түнкү клубдарда эс алышат.
  • Стилисттердин айтымында, кыз жана эркегине карабастан, бардык өспүрүмдөрдүн чач жасалгасы менен кийинүү ыкмасы жыл сайын окшошуп бара жатат. Негизинен, спорттук жана күнүмдүк стилде кийинишет.
  • Короого чыгып мурункудай балдар менен чогуу ойноону жапайылык, мезгилден артта калгандык деп билет. Анын ордуна бөлмөсүндө компьютердеги оюндар же дагы башка менен алек болууну туура дейт.
  • Өтө көп сүйлөйт, ошондой эле кыймылдуу. Маанайы жана табити чагылгандай өзгөрүп турат.
  • Улуулар менен бат урушуп кетет же атайын ачуусуна тиет. Көп суроо берет, бирок жообун чанда гана күтүп угат.

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН...

  • Өспүрүм жаш бала эмес, аны чоңойду деп айтууга да эрте. Бирок өз алдынча болуу каалоосу ушунчалык чоң болгондуктан, улуулар тарабынан киргизилген чектөөлөргө чыдабайт.
  • Балдар ата-энесинен канчалык алыстаган сайын алар көзөмөлүн ошончолук жогорулатат. Же, тескерисинче, убакыттын тардыгына шылтоолоп өз жайына коюшат. Муну менен чоңдор баласына мурункудай жакшы көрүү сезимин көрсөтүүнү унутат. Бул чоң ката, мындан улам бала эмоционалдык дефицитке кабылат. Мындай көрүнүш өспүрүмдүн адамдык сапатына терс таасирин тийгизет.
  • “Балам чоңойду” деп ата-эненин өспүрүмгө чоң кишинин милдетин жүктөй салуусу да туура эмес. Эгерде кандайдыр бир тапшырманы аткара албай калса, аны “чоңойдуң го, а сенин мээң дале иштебейт” же “сага канча жолу түшүндүрүш керек?” деген сыяктуу сөздөр менен урушпаңыз.

КЫСКАЧА
Өспүрүм курагы ар өлкөдө түрдүү белгиленген. Жалпылап алганда, бул мезгил 12ден 17 жашка чейинки мезгилди камтыйт. Бул учурду өткөөл деп коюшат. Бул учурда бала ата-энеси менен тез-тез кайым айтышып, өзүнүн пикирин жактоого же өз алдынча болууга аракет жасайт.
Кызыктуу изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, өспүрүмдөр, биринчиден, тынч үй-бүлөлүк жашоону, андан кийин бай-бакубат өмүр сүрүүнү жана үчүнчүдөн, бекем ден соолукту маанилүү деп эсептейт.

Эльвира Караева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баланы катуу кармоо керекпи же эркин койгон оңбу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2011-06-06 21:05:10
Чеги менен катуу эле кармаш керк го. Бирок уруп сокпой.
0
DilyaKiev
2011-06-07 00:32:30
Сейчас все дети умные и поэтому просто можно им обьяснить и рассказать что можно и что нельзя. Нельзя их бить и оскорблять. сейчас 21-век! Так что надо думать прежде чем что то говорить детям.
0
Luckyman
2011-06-08 22:03:22
катуу да эмес экрин да эмес, бирок экринден катуураак кармаш керек деп ойлолм)
0
MaksKG
2011-06-13 09:21:02
Ну бирдеме дейин десем озум оспурум экем.
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан