Дайыр Исмадияров: «13 БИР ТУУГАН ЭКЕНИМДИ ЖАШЫРЧУМУН»

Дайыр Исмадияровдун “Кара көзүм” аттуу ыры чыккандан тарта анын күйөрмандар талаасы кеңейди. Аны менен катар ырчы тууралуу ар кандай сөздөр да көбөйдү. Деги эле учурда Дайыр эмнеге байып, эмнеге суусап тургандыгын сураштырып көрүүнү чечтик. – Куш келиптирсиң, Дайыр. Алгач телефондон “бул эмне кылганың?! Сенден мындайды күткөн эмеспиз. Бул жакта сени бирөө болушунча шыбаптыр. Редакцияга тез келип калчы” деп тамашаласак, учуп-күйүп жетип келдиң. Жашырган бир нерсең бар го дейм?..
– Алгач өзүмө “эмне кылдым эле?” деген суроо берип, жообун таба алган жокмун. Таанымал болгондон кийин артыңдан ар кандай сөздөр ээрчийт экен. Дагы кимиси эмне деп салды, барганда билермин деп жетип келбедимби. Өзүм да бирөөнү тамашага салганды жактырам. Бир жолу 5-кабаттагы досумдукуна чыксам, үйүндө жок экен. Эшикте күтүп турсам, дагы бир досум келип калды, тигини издеп. “Үйүндө бекен?” дегенинен “ооба” деп койсом, чуркап чыгып кеткен. Бир убакта келди бышылдап, кызаңдап да алган. Кебетесин көрүп, аябай күлгөн элем.
– Сөзүңө караганда өзүңдү популярдуу деп эсептейсиң...
– Жок, антип деле эсептебейм. Бирок популярдуу болоюн деп катуу аракеттенүүдөмүн. Алдыда дагы бир клип тарттырып жатам.
– Продюсериң Канат Кадыржандын сен тарапка таш ыргытканына караганда экөөң катуу араздашкан окшойсуңар?
– Ооба, продюсерим мен жөнүн­дө бир топ туура эмес маалыматтарды таратып жүрөт. Чынында, анын деңгээлине түшүп, каяша айткым келбейт. “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” дегендей, жер тоголок. Балким, кайра иштешип калышым да мүмкүн.
– Аны менен иштешпей калгандан кийин чыгарма­чылыгың аксадыбы?
– Аксап калган жок. Бирок бы­йылкы жыл мен үчүн оор да, жемиш­түү да болду. Оор дегеним, гастролдорго, ар кандай сүйлөшүүлөр­гө өзүм чуркап, жаным тынбады. Жакында Орусиянын шаарларына концерт коюп келейин деп турам. Буга чейин клип тарттырууга, ыр жаздырууга акча коротуп жүрсөм, азыр жемишин көрө баштадым.
– «Кайдасың?» деген жаңы клибиңде жалгыздыктын азабын тарткан жигиттин образын жаратыпсың. «Неужели» жалгызсың?..
– Буга чейин тартылган клиптериме өзүм тараптан көп сын-пикирлер жаралчу. Бул клип өзүмө абдан жакты. Чыгармачылыгымдын жакшы түшүмү деп айта алам. Клиптин мазмуну да терең болду. Чыгармачыл адамдар жумушун 1-орунга, жеке жашоосун 2-орунга коюп жүрүшкөнүн көп байкайм. Мен алардын бири болчумун. Клибим акжолтой болду окшойт, тартылып бүтөрү менен өз сүйүүмө жолуктум. Учурда сүйүүгө мас болуп жүргөн кезим.
– Сени мас кылган сулуунун атын билсек болобу?
– Сүйүктүүм белгилүү ырчы кыз. Атын атабай эле коёюн, ал “азырынча ачыкка чыкпай туралы” деп суранууда. Чынын айтсам, буга чейин аны жактырчу деле эмесмин. Жакында гастролго чогуу барып келдик. “Алыскы жолдо кимдин ким экенин билесиң” деген сөз чын экен. Анын жөпжөнөкөй, жан дүйнөсү ымыркайдыкындай таза экенин билип, анан да макияжсыз сулуулугуна суктанып, сүйүүмдү билдирдим.
– Буга чейин башка кыздар менен ээрчишип жүргөнүңдү көзүм чалды эле. Анан да сенин дарегиңе “бабник” деген сөз айтылып келет экен...
– Чынында, көзүм ойноктоп, кыз жандуумун. Азыр жок десем, эртең эле ошол кыздар бетиме түкүрүп кетишери анык. Ооба, көп кыздардын жүрөгүн жибиттим, ээрчиттим дегендей. Бойдок кез – ойноок кез, аны моюнга алам.
– Учурдагы сүйүүңдү «чындап сүйдүм, түбөлүктүү» деп айта аласыңбы?
– Буга чейин канча кыздар менен мамиле түздүм. Бирок жыйынтык чыккан жок. Азыр эрте эле ооба деп өзүмө ала мышык болбой турайынчы. Бирок чындап сүйдүм деп айта алам. Жүрөк кургур бир башкача болуп жүрөт.
– Ушуга чейин элге айтпаган сырларың­дын бирин ача аласыңбы?
– Мм-мм... Буга чейинки интервьюларда «4 бир тууганмын» деп айтып келчүмүн. Бирок, чынында, мен 13 бир тууганмын. Атамдын кийинки турмушундагы балдарын бир тууганым деп эсептечү эмесмин. Ыраматылык атам быйыл каза болду. Аны акыркы сапарга узатып жатканда балдарынын баары зыркырап ыйлап жатканын көрүп, “туура эмес кылыптырмын, бир атанын каныбыз” деген ойго келип, атама болгон таарынычымдын баарын чийип салдым. Азыр бир туугандарым көп экенине сүйүнөм. Бат-бат байланышып турушат. Ушул жерден бир нерсени айта кетейинчи, апамдын атамдан көңүлү калса да, “туугандарыңар менен катышты үзбөгүлө” деп той-топурларга кыйнап жөнөтүп жиберчү. Баары бир тууган керек экен.
– Жашоодогу ар кандай кыр­­даалдардан улам адам депрессияга түшөт. Депрессиядан кантип чыгасың?
– Анчалык катуу депрессияга кабыла элекмин. Өзүмдү-өзүм дарылай алам. Мисалы, мага муздак душтун алдында туруу өтө жардам берет.
– Бир жолу бизге берген интервьюңда “мектепте орусчаны мен эле кыйын бил­­чүмүн. Калгандары оң кулак десе, сол кулагын көр­сөтүшчү” деп айт­каныңда классташта­рың чалып “Да­йыр – мактанчаак” деп жинденишкен. Чын эле мактанчааксыңбы?
– Кээ бир адамдар болгон нерсесин жашыра беришет. Ал эми менин ичиме эч нерсе батпайт. Байпак сатып алсам да айта берем. Бирок апыртып, кошумчалап, кооздобойм. Балким, болгонду болгондой кылып айтканым мактанчаактыкка жататтыр. Ал эми классташтарым бекер эле таарынышат. Ошондо орусча ойлонуп, кыргызча жооп берип салсам керек.
– Кызыктуу маегиңе рахмат.

ДАЙЫР ТУУРАЛУУ БУГА ЧЕЙИН АЙТЫЛБАГАН НЕРСЕЛЕР
– Толкун урган жээкти карайсыңбы же купальникчен кыздыбы?
– Мындай да, көл жана купальникчен кыз. Мен чалкалап жатам… Анан бул жерге кичине шамал жетишпей турат. Эгер шамал болсо, кыздын купальниги, балким, чечилип кетет, ха-ха...
– Эротикалык тасмага тартылууга сунуш түшсө...
– Тартылмакмын. Өз келбетимден уялбайм.
– Уят сөздөр “менюңда” барбы?
– Бул жагынан апамдын таягы катуу болгон, ошондуктан сөгүнбөйм. Кээде достор арасында атайын тамашага салып сөгүнүп калсам, “сага жарашпайт экен, жөн эле сүйлөчү” деп калышат.
– Гейлерге болгон мамилең...
– Андайларды кемсинтип, саламдашпай койгондун өзү туура эмес. Гейлер менен иштешип эле жүрөм.
– Кыз менен таанышканда юбкасынын кыскасына карайсыңбы же?..
– Көзү, анан буттары өзү эле көрүнөт.
– Төмөнкүлөрдүн ичинен эмнеге дитиң барбайт: Эл көзүнчө өбүшүү, стриптиз бийлөө, досуңдун кызын тартып алуу.
– Досумдун кызын тартып албайт болчумун.
– Эң жаман адатың...
– Пайдасы жок эле нерселерди сатып ала бергеним. Жакында Новосибирсктен 3 миң рублга матрёшка сатып алгам. Москвага келсем, андан жакшысы арзан эле турат экен. Азыр ошол матрёшканы көргөн сайын жиним келе берет.
– Косметика колдоносуңбу?
– Албетте, ха-ха... Мурда сахнадан аппак көрүнөйүн деп шыбанчумун. Анан терим бузула баштады. Азыр ошол себептен капкара бойдон деле чыга берем.


Жылмайып коюңуз!

Спорт Ордосунун буфетинде иштеген сатуучу курбусуна:
– Ушул биздин ырчылар орусча жакшы сүйлөй алышпайт. “Мне одно кофе” деп сурашат. Дайыр Исмадияров деген ырчы гана “мне один кофе” деп кайрылат,- деп сөзүнүн аягына чыга электе Дайыр кирип келип:
– Здрассти, эжешка. Мне один кофе и один булочка,- дептир.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Дайыр Исмадияров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
4andi
2011-06-08 09:49:10
Абдан сонун маек болуптур, сырдуу кыз ким болду экен?
0
azulya
2011-06-08 11:18:28
Аябай женил желпи бала, уну жок такыр эле. Миканын созуно толук кошулам. Жакшы Пиарщик. Ну все равно молодец, уну болбосо да пиар кылганды жакшы оздоштуруптур :))))))))
0
MaksatXXI
2011-06-08 18:39:54
Асманга чыгып алса керек "таанымал болгондон кийин" деп... Ырас сураптырсынар популярдуумун деп эсептейсинби деп.

0
asyl
2011-06-08 21:17:02
мага дайым комментарийлер кызык))
0
mira85
2011-06-09 10:21:43
jakshynakai ele kyrgyzdyn jigiti bolup turat,kyrgyz eli kachan onolobuz degi biri biribizdi korolbai turabyz go!!!
0
Маша
2011-06-09 15:48:28
ты настоящий молодец,уважаю тебя очень.Не слушай что другие говорят.Ты самый лучший,и мне очень интересно кто же та красавица которая покорила твое сердечко?
0
ayzatkyz
2011-06-09 17:35:19
rasul kyzy aigerim bolso asynyn alap.bashkasy bolso da oshonusu bolboso eken.
0
kirpik
2011-06-09 23:00:46
тимеле концертке кеч калгандай айтыптыр атасынын каза болгонун
0
Titi
2011-06-10 07:48:57
janum aizat owol bolup jurbosun kyzy
0
venadina
2011-06-10 11:03:58
Кайыргул эле болуш керек, ал да берген маегине жигитим ырчы жигит дебеди беле сыр кылып. Кимиси болсода экооно тен чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
bost2428
2011-06-12 02:08:18
Ар кимди сынабастан озунорго сабак алгыла.
0
EMMI
2011-06-12 11:07:28
Ырчылар эмнеге суйушсо болбойт! Алар адам эмеспи эмне? Журогу топ келсе Уйлонуп деле алышсын.Кызганыч эле болбосо баары сонун болот.Озунор бир клип дебейин бир куплет ыр чыгаргылачы ар кимди сындабай!ДАЙЫР Аззамат жакшы иштеп жатат десем болот.пияр болбосо кандай ырчы болот? А Байкуш ырчы кыздарыбыздын денгээли кайда баратат? Байкуштар бактысын табышсын!Андай дебегиле туугандар!
0
talant777
2011-06-12 23:33:17
Да он децствительно хороший певец
0
Ayna
2011-06-13 09:10:18
Jaman maktan4ak da uwul bala,ozun da krassav4ik elestetet tura.4indiginda v jizni takir bawka4a uwul bala litsosun aitam
0
OdiNokaYa
2011-07-01 21:09:42
Гастролго Кайыргул менен келгенсин ошондо эле мамиленер жылуу экенин сезгем, таможняга тушуп калганына аябай "гыжылуй" болгон элен)))))))) Бактылуу болгула. Иий баса ага кыргызча уйротуп койчу.
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан