(Башы өткөн сандарыбызда)
Ошентип, убакыт учкан куштай сабалап, Жаңы жыл дагы жакындап калды. Ошол күндөрдүн биринде Ахмеддин баласы Макшарип айыгып, пилорамага келди. Ширинбекти көрөрү менен кучактап, ыраазычылыгын билдирди.
– Машинанын рулунун тетиги сынып кетиптир да. Башкаралбай калдым. Өзүм да катуу келе жаткам.
– Ооба, тим эле учуп келе жаткансың.
– Досуң акча алып кетип келбей коюптур го. Атама 40 миң карыз экениң чынбы?
– Ооба.
– Ошонун 20 миңинен мен кутулуп берем. Чогулткан соляркам бар. Сатсам эле кутулам. Болгону, эч кимге айтпа, макулбу?
– Болуптур, рахмат сага да.
– Сага рахмат, мени сен сактап калдың. Болбосо азыр сени менен сүйлөшүп турбайт элем.
Ошол учурда Макшарипти атасы чакырып калды. Алардын сүйлөшкөнүн байкап турган Самат чуркап келип:
– Эмне дейт?
– Рахматын айтты.
– Болдубу?
– Болбогондо дагы эмне дейт эле?
– Айта бер. Эч кимге айтпайм. Бир нерселерди айтып жатты го.
– Өлгүдөй түкшүмөлдөйсүң, ээ?.. Менин карыз экенимди билип алыптыр. “Солярка сатсам, Султандын карызынын жарымынан кутулуп берем” деди.
– Толук эле кутулбайт бекен? МАИчилерден солярканы арзан алып, кымбат сатат, атасынан бекитип...
– Билбеген нерсең жок сенин...
– Кантсе да жакшы болуптур. Кой, кеттик иштейли.
Экөө куушкан боюнча пилорамага кирип кетишти.
Жаңы жылга саналуу эле күндөр калган. Айлык колго тийген соң Кыргызстанга акча жөнөтүштү. Ширинбекке 47 миң айлык чыккан экен. “Эмне кылайын, карызыңды кармап калайынбы?” деп сураган Ахмедге “кармап кала бер” деп койгон эле. Ошентип, колуна 7 миң гана алды. Бирок Макшарип сөзүнө туруп, 20 миңин төлөп берди. Үйүнө, Бишкекте окуп жаткан Берметине да белек кылып акча салды. Ошентип, Жаңы жыл да кирип келди. Алар шаан-шөкөт менен укмуш тосуп, шаарга барып кафеге киргенге да жетишишти.
Жаңы жылдан соң күндөр билинбей өтүп жатты. Көптөн күткөн, сагындырган, жүрөктү дегдеткен жаз да келди. Кыргыздар Нооруз майрамын өткөзүп, райондун борборуна кафеге барышты. Ошол учурда Ширинбектин атасы телефон чалып калды.
– Балам, Мыктыбек абаңдын баласы Кумар акең каза болуп калды. Курулушта бийик имараттан кулап кетип...
Суук кабар уккан Ширинбектин ою Мыктыбек абасына бурулду. Кумар акеси менен айыл аралап, күрөшүп жүргөн кездери көз алдына тартылып, көзүнөн жаш сыгылды. “Эптеп эле май айы келсе, кетем” деп иштеп жүрдү. Ал күткөн май да келип, мыкты дос болуп жүргөн Бактыгул Кыргызстанга кетмек болду. Анткени ал университетке окууга тапшырып жаткан. Эртеси Бактыгул жолго чыгып баратып, “Ширинбек, сенин тагдырың мени аябай кызыктырды. Сенин башыңдан өткөн күндөрдү чыгарма кылып жазам, көрөсүң го” деди. «Мен дагы артыңдан барып калам» деп кыйкырган Ширинбек узатып кала берди. Андан туура 10 күндөн соң Ширинбек да сапар алды. Айылдагылардын баары менен коштошуп чыкты. Ага аябай көнүп калышкан экен, орусу-кыргызы дебей, баары узатышты. Айрыкча Ахмед катуу кайгырды. “Кетпей эле кой. Айлыгыңа 10 миң кошуп берем. Күзгө чейин иштеп тур” деп кайра-кайра суранып жатты. Бирок Ширинбек айтканынан кайтпай туруп алды.
– Ахмед, рахмат баарына. Бирок жүрөгүм “кетем” деп дегдеп алды. Мына, туура бир жыл болуптур келгениме. Үйгө жетерлик акча таптым. Эми кетишим керек. Мени да зарыгып күтүп жүргөн адамдар бар.
– Макул анда. Бирок эс алгандан кийин күзүндө кел, ээ? Муну жол кире кылып кет,- деп 10 миң рубль сунду.
– Менин суранычым, бул жердеги кыргыздарга жардам кылып кой, ээ, Ахмед?- деп суранды Ширинбек кетеринде.
– Силерге жардам бербей жүрдүм беле? Билесиң го, кыргыздарды сыйлайм.
Ошентип, мекенине жол тарткан Ширинбектин өпкөсү көөп “чын эле кетип баратамбы?” деп ишенбей жатты. 2 күн жол жүрүп, Кыргызстандын топурагына буту тийгенде гана келгенине чындап ишенди. Таякеси менен Бермет тосуп алышты. Шаар аралап, базар кыдырып, сейил бакка барып Бермет экөө болушунча сагынычтарын жазышты.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Залкарбек Карабалаев