(Башы өткөн сандарыбызда)
– Билесиңби, дагы эмне деп айтканын?
Арстан тууралуу да айткан экен да, оңбогур! Жүрөгүм дүкүлдөй түштү.
– “Арстан экөөнүн келечеги жок экенин ошондо эле билчүмүн. Анан эле ортодон сен чыга калып, менин пландарымдын баарын буздуң” дейт...
– ...
– Айтар сөзүң жокпу?
– Кандай жооп күтүп жатасың, менден?
– Чоочун кишиден эмес, баарын өзүңдөн уккум келет.
– Тагыраак айтсаң, эмнени уккуң келет?
– Арстан... Арстан мыкты жигит болчу, артынан жаман сөз айткым келбейт...
– Артынан жаман кеп кылчудай Арстан бейчеки иш кылган эмес, эч качан.
– Ошентсе да... Айтчы, чын эле экөөңдүн ортоңдо мамиле бар беле?
– Элдар, түшүнөм, бир да эркек өзүнүн аялынын дарегине мындай сөздөр айтылса көтөрбөйт. Айдардын өз максаты үчүн баарына даяр экенин ошол мектепти бүткөн жылы эле түшүнүп, түңүлгөм. Сага турмушка чыккан соң “эми мындай адамга жолукпасам экен. Күйөөм ошондой акмактардан мени коргоп алса экен” деп тилегем. Сага эч бир капачылыгым, нааразычылыгым жок. Бирок тагдыр экен, Айдар кайрадан турмушума мурдун тыгып жатат. Айдардай акмактын Арстанды каралашына жол бербейм. Аны менен өзүм сүйлөшөм.
– Жок, кечиресиз, улуу урматтуу сулуум, андай иштерди күйөөң өзү бүтүрөт. Айдардын жанына жакын жолобойсуң, өзүм сүйлөшөм.
– Ал эмне, ошончо эле коркунучтуу болуп жатабы? Деги каалаганы эмне экен?
– Анчалык коркунучтуу эмес. Эң башкысы, мага ким бут тосуп жатканын билип алдым. Эми маселелерди чечүүгө болот. Өзү контрабандист экен, карматып коюу бат эле.
– Деги абайлачы.
– Башка темага өтүп кетүүгө эле машсың. Менин суроомо жооп бербедиң го?
– Ал суроого жооп болбойт. Эч качан бул теманы козгочу болбо.
– ...
– Мен сага турмушка чыкканга чейин да, андан кийин да эч бир эркекти жаныма жакын жолоткон эмесмин. Жообум канааттандырабы?
– Өбүшкөн да эмесмин дечи?
– Элдар!
– Демек, өбүшкөнсүң. Дагы эмне кылгансың?
Көз алдыма Арстан тартылды. Бир ирет, туулган күнүмө Москвадан келгенинде болчу, түнү бою экөөбүз кучакташып, эшиктеги орундукта отурганбыз. Таң аткыча сүйлөшүп, сөзүбүз бүткөн эмес. Арстан экөөбүздүн арзуубуз азыр Элдар шекшип тургандай жакындыкта эмес болчу. Ооба, ал далай ирет эриндеримден өпкөн. Бирок ал аруу, таза өбүшүү болчу. Аны менен бир төшөккө жатып алуу деген нерсе оюма да, түшүмө да кирчү эмес. Эриндери оттуу, жумшак, жагымдуу болчу... Сагындым... Жүрөгүм дирт дей түштү.
Элдардын ысык колу жүзүмдү аарчып, мени кучагына тартты. Ыйлап жатканымды эми сездим.
– Кечир, дартыңды кайра козгодум. Сенден эч качан шекшиген эмесмин. Сен эң аруу, таза, жакшы аялсың. Башкалардын сага көлөкө түшүрүшүнө жол бербейм.
Жоок, сен мени кечир. Мен сага жакшы аял боло албадым. Сени пайдаландым. Кучагыңда жатып, дайыма Арстанды ойлодум, ошону күттүм, сагындым, бир гана аны көксөдүм. Аны менен бирге болгум келди. Аны унута да, сени сүйө да албадым. Сен андай мамилеге татыктуу эмес болчусуң, мени кечир! Ушул сөздөр дилимден жамгырдай жаап жатты. Бирок үн чыгарып айта албадым. Эрким жетпеди. Коркоктук кылдым.
Бүгүн кайрадан жумушка чыктым. Мен жөнүндө кандай сөздөр айтылганын билбедим, бирок кесиптештер сынай тиктеп, артымдан күбүр-шыбыр болуп жатышты. Жумушту кадимкидей сагынып калыптырмын, камера алдында бир башкача сезимде отурдум. Сүйлөп жатып ушул тапта өзүңдү жүздөгөн, миңдеген көздөр тиктеп турганын сезүү абдан жагымдуу нерсе. Эфир бүтүп, гримдөөчү эми гана бетимди тазалап бүткөндө мени телефонго чакырып калышты.
– Саламатсыз, угуп жатам.
– ...
– Алло, угуп жатам, сүйлөңүз.
– Салам, бул мен... Айдармын.
Ал атын атай электе түшүндүм, ким экенин.
– ...
– Айдармын дейм.
– Билдим Айдар экениңди.
– Кандайсың?
Не кылуу керек, азыр телефондон эч нерсени чече албайм. Жакшысы, жолугуу керек. Бирок Элдар муну билип калса, өлдүм. Кандай кылуу керек?..
– Айдай, угуп жатасыңбы, кандайсың дейм?
– Азыр телефондон ал-жай сурашып отура турган заман эмес, кайдасың, сага айта турган кебим бар.
– Азыр айдоочумду жумушуңа жөнөтөм, алып келет.
– Айдоочуңа ташытпай эле өзүң кел, 15 мүнөттөн кийин чыгам. Эшиктен сүйлөшөбүз.
Трубканы таштап салдым. Карасаң мунун кыйындыгын, “айдоочу алып келет” деп. Тапкан экенсиң, сенин машинаңа түшүп, сейилдеп жүрчү кишини! Жиним келип, өзүмдү коёрго жер таппай турдум.
Асел туура айткан экен, баягы сары, мышмыйган Айдар жок, аябай өзгөрүптүр. Тимеле зыңкыят. Ойлобогула, ашык болуп калды деп. Жок, кызыккан деле жокмун. Бирок бир нерсе көзүмө даана урунуп турду. Мурдагыдай илбериңки эмес, текебер боло түшүптүр. Мени чуркап келип учурашат деп ойлосо керек, качан саламдашат дегенсип күтүп турду. А мен эмнеге биринчи учурашышым керек экен? Кантээр экенсиң дегенсип, экөөбүз көпкө чейин унчугушпай тиктешип турдук.
– Мына, көптөн күткөн күн да келди. Сени менен кайрылып учурашар күндү канчалык күткөнүмдү билсең...
– Сени сезим билдирүү үчүн чакырган жокмун.
– Дале баягы чалпоо, бетке чабар мүнөзүң калбаптыр. Сезимиңди айтпасаң да, менин кебимди бөлбөй угуп койсоң болбойбу? Кой, телеканалдын эшик алдында тартышканыбыз болбостур, тиги кафеге кирип сүйлөшөлү. Түнгө чейин иштеп чарчаган чыгарсың, бир бокал вино эс алдырат, жүрү.
Байкоочу камералар алдында тартышкым келбеди. Унчукпай жөнөп калдым.
– Ии, эми айт, сага эмне керек?
Официант винону куюп, бурулары менен сөздү баштадым. Аны менен чогуу отургум келбей, азыр эле туруп басып кетким келип турду.
– Жолукканыбыз үчүн.
Жылмая бокалын көтөрүп туруп алды. Айла жок мен да көтөрдүм.
– Күйөөң мен элестеткенден да сабырдуу киши экен. Бирок сен үчүн өтө эле улуу. Анын кучагында жатканыңды элестетким да келбеди. Айдай сымал сулуу ошондой карыган кишинин колунда калат деп ким ойлоптур дейсиң?!
– Мага жаның ачыбасын. Элдардай эркекти дүйнөнү төрт тегеренсең да таппайсың.
– Кызык, илгери Арстан тууралуу так эле ушул сөздөрдү айтчусуң. Эми сени Элдардан тартып алсам... мен тууралуу да ушинтип айтасыңбы?
Мени сынай, көз албай, кирпик ирмебей тиктеп турду. Каректери көздөрүмө тигилип, анан жай гана ылдый жылып баратты. Акмак! Мени жиндентип, чычалатам дейсиңби? Жаңылышасың!
– Биринчиден, Арстанды сени менен талкууга алган эмесмин. Экинчиден, тартып алсам эле Элдардай азамат болуп калат экенмин деп ойлойбо. Сен эч качан Элдар боло албайсың. Үчүнчүдөн, Элдардан тартып алат элем деп убакытыңды текке кетирбей, жакшы, ыймандуу кыз таап, үйлөнүп ал. Балалуу болсоң, жашооңдо жакшы ой-тилек, максат пайда болот.
– Үйлөнбөйм деп сага ким айтты? Сен айткандай ыймандуу, мотурайган кызга үйлөнгөнүмө эки жыл болду. Кудайга шүгүр, жакшы аялга туш болдум.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жазгүл Калыева