НИКЕ ТОЮ-КЫЯЛДАГЫ ЖОМОК ЖҮЗӨГӨ АШКАН КҮН

Өмүрдө бир ирет болуучу үйлөнүү үлпөт тоюна кыздар, жигиттер деле кичинекей кезинен тартып кам көрүп, ой-кыялда түрдүүчө элестетип келишет. Бирок, ошол учур келгенде эле убакыттын абдан тартыш экендиги, ар бир саат, ар бир мүнөт саналуу экени билинип, кыз-жигит буту күйгөн тооктон бетер чуркап калышат. Чуркабаганда анан, эң эле романтикалуу салтанат болуп туюлганы менен үйлөнүү тою канча түйшүктү камтыйт эмеспи. ЗАГСка арыз таштоо, тойго ыңгайлуу бир датаны белгилөө, тойго көйнөк, костюм тандоо, чач жасалгасы, нике шакегин алуу, нике кортеж, фотограф, оператор жалдоо, кафе же ресторанда той берүү, дагы далай түйшүктөр... Мындай маселелерди бир жаңсыл кылгыча эле салтанаттуу той күнү кирип келет да, өмүр бою күткөн, бир нече күндөр бою уйку бербеген үйлөнүү үлпөтү көздү ачып-жумгуча өтүп кете берет. Мына ушул көздү ачып-жумгуча эле өтүп кетээр күндү өмүр бою эсте калаарлык кылып өткөрүү үчүн эмнелер керек жана ал үчүн сизден канча каражат талап кылынат? Бул жөнүндө биз кенен маалымат бермекчибиз.
Ашыкча маалыматтар менен башты оорутпас үчүн биз Бишкек шаарындагы үйлөнүү тойлоруна, демек, башкалаабыздагы тойлор капчыктан канча каражат талап кылаарына токтолдук.
Биринчи кезекте албетте, кыздын нике көйнөгү, жигиттин ни­ке костюму. Нике көй­нөктү биздин күндө атайын заказ менен тиктирип, даярын сатып алып же абдан кеңири тараган вариантына токтолуп прокатка алууга болот. Тиктиргенде, сатып алганда деле кыздын эне-атасынын чөнтө­гүнөн 5-6 миң сомдон 10-30 миң сомго чейинки акчасы кетет. Ал эми прокатка Бишкектеги нике салондордон 1000 сомдон тартып 40 миң сомго (чет жердик фирмалардын көйнөктөрүн) чейинки көйнөктөрдү алууга болот.
Жигиттин костюму сөзсүз кара түстө болуш керек деген заман алда качан артта калган. Азыркы замандын модасында гармония алдыңкы планга чыккан. Башкача айтканда, жигиттин костюму кыздын көйнөгүнө, галстугу кыздын колундагы гүлдестеге үндөшүп турушу зарыл. Эркектерге костюмду кадимки эле базар, дүкөндөрдөн тартып ошол эле нике салондорунан табууга болот. Кыздардан айырмаланып, жигиттер нике тоюна костюмду прокатка эмес, биротоло сатып алууну ылайык көрүшөт. Костюмдарды 500-700 сомдон тартып 10 миң сомго чейин алууга болот.
Көйнөк-костюмдар тандалган соң жигит-кыздын туфлилерине кезек келет. Туфлилер да албетте, көйнөк, костюмга ылайык келиши шарт. Аларды 500 сомдон тартып 2-3 миң сомго чейин алууга болот.
Колуктунун нике көйнөгү менен катар башына кийилүүчү фатасы да абдан маанилүү. Көйнөктөн айырмаланып, фатаны прокатка алууга болбойт. “Бирөөнүн фатасын кийүү да, өзүнүн фатасын бирөөгө берүү да жакшы жөрөлгө эмес” деп коюшат. Андыктан, фатаны сатып алууга туура келет. Кыздын фатасы Бишкектин нике салондорунда 350-400 сомдон тартып 1500 сомго чейин барат.
Күйөө болчу жигиттин галстугу же моюнга тагылчу көпөлөк колуктунун көйнөгүнө, колундагы гүлдестесине үндөшүп, атүгүл өңдөш болсо жакшы. Аларды 200 сомдон тартып 700 сомго чейин табууга болот.
Нике тоюнда колуктуга кайталангыс сулуулук берген көйнөк, фатадан бөлөк дагы маанилүү эмне бар? Албетте, чач жасалгасы. Фатага жараша чачты жасалгалоо абдан маанилүү маселе болуп эсептелинет. Азыркы күндө мурдагыдай чачты толук жапкан фаталардын ордуна чачка майда кооз гүлдөрдү кошуп жасалгалап, башты ачык калтыруу модага айланган. Чач жасалгасы колуктудан 400-500 сомдон тартып 4 миң сомго чейинки каражатты талап кылат.
Жигитке, жигиттин досуна жана колуктунун курбусуна тагылуучу бутоньерканы да унутпоо зарыл. Салондордо бул буюм 200 сомго чейинки баада сатылат.
Чач жасалгасы менен кошо колуктунун өң-келбетин да көңүлдөн тыш калтырууга болбойт. Макияжды колукту өзү жасап алса деле болот. Бирок, мындай маанилүү күндө өз ишин мыкты билген адистерге кайрылуу да артыкбаш болбос эле. Салондордо колуктуга макияжды 200 сомдон 1000 сомго чейин жасап беришет.
Колуктунун кийимин толуктаган дагы бир деталь – колундагы гүлдесте. Гүлдестелерди даяр түрүндө сатып алса же кийимдерге жараша заказ менен жасатса да болот. Ал үчүн 350 сомдон 4 миң сомго чейин акча сарптоого туура келет.
Эң маанилүү нерсени унутуп бараткан жокпузбу? Кандай нике той нике шакегисиз өтсүн?! Нике шакегине келгенде жигит менен колуктуга тандоо мүмкүн­чүлүгү кеңири. Анткени, башкалаабыздын зергердик рыногунда нике шакектери өзүнчө чоң бизнес болуп саналат. ЦУМдун, “Ош базарынын” айланасында зергердик жасалгаларды сатып иштеген күркө­лөр­дөн тартып зер­гер­дик дүкөн, борборлордун ар биринде нике шакектеринин толгон-токой түрлөрү бар. Алардын экөөсүн чогуу 1500 сомдон тартып 40 миң, кааласа андан бир нече эсе көп акчага деле сатып алууга болот.
Эми кезек чакыруу кагазында. Илгери жигит-кыздын документтер үчүн түш­көн сүрөттөрү менен эле чакыруу кагазын даярдап коюшчу. Азыр компьютердик технологиянын жетишкендигине ыраазы боло түрдүү варианттагы чакыруу кагаздарын жасатууга болот. Алар үчүн 180 сомдон 500 сомго чейинки каражат талап кылынат.
Бул күн – күйөө менен колуктунун эсинде өмүр бою жаркын элес менен сакталып калаар күн. Бирок, эс-тутумдагы элестерди башка жол менен да көөнөргүс кылып сактап калууга болот. Алар: фото сүрөттөр, видеотасма. Учурда Бишкектеги фотографтар, операторлор нике тойду толугу менен 1000 сомдон тартып 5 миң сомго чейин тартышат.
Нике тоюнун таттуу даамын ого бетер ача турган нерсе – нике тоюндагы торт. Тортту калаабыздагы кондитердик фирмаларга заказ кылууга болот. Алар торттун килограммын 100 сомдон 200 сомго чейин жасап беришет.
Жигит менен колукту даяр болду, коноктор чакырылды. Демек, кезек нике кортежине, башкача айтканда, унаага келди. Нике кортежинде канчалык машиналар көп болсо, той ээлеринин аброю да ошончолук чоң экени жашыруун эмес. Учурда Бишкекте заказ менен иштеген “Лимузиндерге” 2-3 саат үчүн 100 доллардан тартып 250 долларга чейин төлөөгө туура келет. Ал эми акыркы күндөрү ак сөөктөрдүн тойлорун элестеткен ат араба модага айланып барат. Баштан-аяк гүлдөр, ленталар менен жасалгаланган ат арабада жаштардын сейилдөөсүнүн бир сааты 100 доллар турат.
Жогоруда саналып өткөндөрдүн баары бир жолго алпарат. Ал – никени каттоодон өткөзүүчү Бакыт үйү. Таңкалыштуусу, үйлөнүү тоюна сарпталган каражаттардын эң арзаны негизги маселе болгон нике каттоосу экен. ЗАГСтан өтүү үчүн жаштар 25 сом салык, каттоо үчүн 750 сом төлөшөт.
Демек, ата-эне, дос-курбуларды, негизгиси, турмуштун катаал жолуна аттанышкан эки жашты кайталангыс бакытка бөлөп, эч качан унутулгус болуп калаар үйлөнүү тоюна керектелээр чыгымдар ушулар. Жогоруда саналып өткөн чыгымдарга үйлөнүү тою өтүүчү ка­фе, ресторан, тамада, ырчы-чоорчуларга кетүүчү каражаттар да кошулат. Маселенин бул жагын майдалап санабаганыбыздын себеби, катыш-байланыштарына, мүм­күн­чүлүктөрүнө жараша ар ким түрдүү суммада каражат сарпташы мүмкүн. Эмнеси болсо да, урматтуу окурман, биз баш кошкон жаштарга чексиз бакыт, түбөлүк алоолонгон сүйүү каалайбыз!

Даярдаган Шаиста Шатманова, Фотолор Султан Досалиевдики

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан