«МАГА ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕН КИШИ МЫШЫК-ЧЫЧКАН ОЙНОТУУДА»

Психологдун кеңеши

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

«Жүрөгүңдү өйүгөн нерсе болсо, кечке ойлонуп кыйналып кетет экенсиң. Акыры сиздерге кайрылып, кеңеш суроону туура көрдүм. Кептин баары мага үйлөнөм деген адамдын мени мышык-чычкан ойнотуп жатканында. Эмесе, баарын башынан баяндайын»,- деп кайрылды Айзуура айым.
– Өзүм 40 жаштамын, 16 жаштагы кызым бар. Жалал-Абадда туулуп-өскөм, азыр Бишкекте жашайм. Эки дипломум болсо да, азыр базарда иштейм. Убагында мени ала качып кетип, айласыз отуруп калган элем. Ал күйөөм менен 4 жыл бирге жашадым. Түшүнбөстүк көп болгондуктан, 1998-жылы ажырашууга туура келди. Андан бери өз арабамды өзүм сүйрөп, кызымды чоңойтуп келе жатам.
Акыркы убактарда жалгыз экенимди сезип, жакшы адамдар менен таанышсам деген ойго чулганчу болдум. Үстүбүздөгү жылдын 25-январында гезиттеги жарнамалардын биринен Каныбек деген адам менен таанышкан элем. Ал экөөбүз жердеш болуп чыктык. Өзүн «46 жаштамын, 1 кыз, 1 уулум бар. Кызым 19да, Москвада иштейт. Балам болсо түрк лицейинде окуйт, аялым 6 жыл мурун төрөттөн каза болуп калган. Ошондон бери апам менен бирге жашайм» деп тааныштырган. Бара-бара экөөбүздүн мамилебиз келишип, кездешип жүрдүк. Кээде иштер чыгып жолугушууга барбай калсам, «кайда жүрөсүң, эмне телефонду албайсың?» деп кадимкидей үтүрөңдөй кызганчу. Күндө көрүшпөсөк сагынышып калчубуз. 14-Февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө мага гүлдесте көтөрүп келип куттуктады. Ал эми 23-февралда ак калпак кийгизсем, «башымдан түшүрбөй кийип жүрөм» деп аябай сүйүнгөн.
Апрелде атам ооруп жаткандыктан Жалал-Абадга барарымды айтсам, «анда экөөбүз 6-апрель күнү ошол жактан жолугуп, айыл аксакалдарынын алдынан өтүп, үйлөнүп келебиз» деди. Мен болсо жашоомдо боло турган өзгөрүүнү жакшылыкка жоруп, өзүмчө даярдандым. Каныбек бир күн мурун кетти, мен кийинки күнү жолго чыктым. Жолду карай жеткенче телефон чалып, «кандай келатасың? Качан келесиң? Кыйналбадыңбы?» деп сурап жатты. Ошол күнү кечинде жолугабыз деп убадалаштык, бирок кечки саат 5тер чамасында телефонун өчүрүп, дайынсыз жок болуп кетти. Менин оюма эмнелер келип-кеткен жок. «Мына, эртең үйлөнөбүз» деп туруп эле жок болуп кетсе... Кайдан издээримди да билбедим. Ошондон улам үйгө да жетпей, сарсанаа болуп аны 2 күн күттүм. Анан атама барып жолугуп, кайра Бишкекке келе бердим. Эмнеси болсо да өзүнөн бир ооз угайынчы деп телефон чалсам, такыр албайт. Башка телефондордон чалып көрсөм алып, бирок үнүмдү угары менен өчүрүп салат. Кийин өзү телефон чалып, автокырсыкка учурап ооруканада жатканын, 2 күндөн кийин бутуна операция жасатарын айтып актанды. Бир күнү досу келип «азыр Өзгөндө, эки күндөн кийин келет экен» деп айтып кетти. Күттүм, бирок Каныбек келген жок. Кызыгып досунан ал жөнүндө сурасам, 15 жылдан бери экөө дос экенин, аялы 6 жыл мурун каза болбой эле, бир жарым жыл мурун Каныбекти чанып таштап, Москвага кетип калганын айтты. Ошондо гана ал мени алдап жүргөнүнө толук ишендим. «Ал мени эмне максатта алдады, эгерде ою башка болсо?» деп башымды мыкчып эле отуруп калдым. Эми эмне кылышым керек?..

Айзуура, 40 жашта, Бишкек шаары.

– Айзуура, үй-бүлө куруу эң жоопкерчи­ликтүү кадам. Кылдат таразалап, жети өл­чөп бир кесчү иш. Бүгүнкү күндө­гү көптө­гөн ажырашуулар бири-бирин жакшы билбей турмуш куруудан, «биздеги сезим – сүйүү» деп шашылыш чечим кабыл алуудан келип чыгууда. Сиз акыл токтотуп, ак-караны таанып калган курагыңызда жакшылап ойлонуп, териштирсеңиз болмок экен. Бактысыздык болбосо, бакыт кайдан келмек эле? Мындан аркы турмушуңузда ушундай окуяларга кабылбоого аракет кылыңыз.
Сиз ал кишиден кутулганыңыздын өзү чоң бакыт. Аны түшүнбөй Каныбектин жок болуп кеткенине кайгырасыз. Турмуш жолду алдоо, эки жүздүүлүк менен баштаган Каныбектен эмнени күтүүгө болсун? Сиздердин мамилеңиздер чү деген жерден эле ээрге кыйшык отуруу менен башталган. Терең таанышпай туруп шашылыш бүтүм чыгаргансыңар. Бири-бирин жакшы билгенде, терең түшүнгөндө гана нике бактылуу болот. Каныбектин чыныгы түгөйүңүз эмес экенин сиз окуянын финалында түшүнгөнсүз.

Суроого психолог,
Жусуп Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Наралиева Бермет Каратаевна
жооп берди.

Жыпара Досумбетова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
alis
2011-06-14 15:47:26
Бермет эже туура айткан.Сиз ал адамдан үмүтүңүздү үзгөнүңүз жакшы.
0
paradise
2011-06-14 16:24:57
Оз жашообузда болуп жаткан жаман корунушторго бир гана озубуз куноолубуз, башка эч ким.... ар ьир адамдын жашоосу оз колунда, аны кандай кылып башкарып алууну бир гана озу чечет...
0
Eliza
2011-06-14 16:29:04
Мнн да Бермет эжеге кошулам ,кутулганынызга суйунунуз
0
Shah
2011-06-14 23:38:34
Ошон учун айтат аялдын чачы узун болгону менен акылы кыска деп,акыллдуу эже болгонунда биринчи жолдошун менен кандай кундо болсо да чыдап жашашын керек эле ,ошондо баарын женип чыгат элен.Эми оксугонун менен пайда жок.
0
Tokmok
2011-06-15 01:05:00
andai adamdardan kudai saktap,alys ele bolgonunus on........
0
Melis-Aruuke
2011-06-15 01:30:39
Бермет эже жакшы психолог экен,баарын тушунуктуу жооп берген.Ийгилик иштеринизге!
0
taalaigul
2011-06-15 20:20:33
Бул окуя башкаларга да сабак болсун,турмушта ар кандай нерселер болот!
0
toshka69
2011-06-15 20:51:28
Мындай аферистен кудай озу сактаптыр сени карындашым.Жакшы ниет кылсан дагы бир озуно ылайык адамга жолугасын.Оз тенинди таап ылайым бактылуу бол
0
Aza3233
2011-06-16 11:38:17
Албетте окунучтуу, бул бизге жаштарга сабак болсун. Айзуура эже эчкачан сыгылбаныз,сизге бактылуу кундор насип этсин!
0
arlekino
2011-06-16 13:16:26
Коздуу мончок жерде калбайт демекчи-кимге Тенир буйруса ошону корунуз..
эркектик намыс-мени аялым чанып кеткен деп айтбайт калпынын себеби бар ал досу бироонун турмушун айтып бергендей укугу жок...кандай болсо да ал 2 адамдын ортосундагы мамиле.. бул жерде жакшы коруу деген маселе жоктой...жакшы корсо аки чукусуно карабай баардыгын тушуно билуу керек..
0
aman2005
2011-06-16 14:30:27
Менимче Каныбек Айзуурадан кутулгусу келсе,башка жол менен кутулса болот эле... Каныбек Эки оттун ортосунда куйуп жатат. Акыры жакшы болбойт. Сиз Каныбектен эртерээк, ушундай жол менен утулганынызга суйунунуз. А досунун кылганы акмакчылык!
0
kubik
2011-06-19 19:39:58
Туура айтасын. Досу болсо антип айтпастан башкача жол менен умутун уздуруп коюшу керек болчу бул эжени иренжитпей. Каныбектин да досунун да акылы кыскараак корунот-бироо ойлонбой иш кылса экинчиси ойлонбой суйлогон.
Озунузду башка нерсе м-н алаксытып унутунуз аны. Ниетиниз туз, ыйманыныз бекем болсо, буюрса дагы бироону табасыз.
0
Negr
2011-06-16 17:35:24
Бир жагынан досу туура эле айтып койгон,Айзуура эже кыйналып кутуп журбой умут узуп жаны жашоо баштаганы жакшы.
0
Ashan
2011-06-16 20:32:15
Айзуура эже сыгылбаныз бир айтабызбы эки айтабызбы бул бешенеге жазылган. Сабырдуу болунуз .
0
miki98
2011-08-03 11:11:33
каныбек аман эле болгула.тируу аялын кантип уялбай олтурдун.уят эркектик иш кылбапсын.аялдар ушундай конулчок болобузда.эч нерсе эмес эже баарры жакшы болот буйурса.унутун тез унутун бирок кыйын тушуном.арга жок.
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан