БОЁЛГОН КҮРҮЧТӨР сөөктөрдү кыйшайтып жиберет

Өзүбүздө өстүрүлгөн күрүчтөрдү изилдей келгенде, алардан уулуу зат – кадмий чыккан учурлар кездешүүдө. Мунун себептери эмнеде? Кадмий организмге кандай зыяндарды алып келет? Бул суроолорго изилдөөлөр жана фактылар жооп берет.

КҮРҮЧТӨРДӨН ЭМНЕГЕ КАДМИЙ ЧЫГУУДА?
Кызартып боёлгон күрүчтү өзгөн күрүчү деп билбей шашылып сатып алган учурлар баарыбызда кездешет. Аны жууп-тазалаган соң боёгу кетип, кадимки күрүчтөн айырмасы жок болуп калат. “Сатуучу алдаган экен да” деп кейиген менен, андан баары бир тамак бышырабыз. Бирок боёктон улам ошол күрүчкө кандай уу сиңип жана аны кошо жеп жатканыбыз менен ишибиз болбойт.
Билгенге арзан күрүчтү кымбат өзгөн күрүчүнө айландыруу анчалык татаал иш эмес. Ал үчүн кызыл чопону же кызыл кышты упадай майдалап, элеп туруп ак күрүчкө аралаштыруу жетиштүү. Коркунучтуусу – ошол кызыл чопонун же кызыл кыштын курамындагы кадмийди күрүч өзүнө жутуп алгандыгы. Күрүч менен кошо организмге кирген уулуу зат – кадмий акырындап бөйрөктө, боордо жана он эки эли ичегиде топтоло баштайт. Андай күрүчтү алданып же шашып жатып көңүл бөлбөй, айтор, дагы сатып алабыз. Анан андан тамак бышыруу менен өзүбүздү ууландырууну уланта беребиз.
Кадмий денеде көбөйүп кетсе сөөктөр бузулуп, кыйшая баштайт. Бул болсо жан кейиткен оору менен коштолот. Сөөк абдан морт тартып, бат сынма болуп калат. Бул эле эмес, кадмий кан басымды жогорулатып, рак ооруларын чакырат.

ФАКТЫЛАР ДАЛИЛ

  • Кара-Суу райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, Ош облусунун башкы санитардык дарыгери Токтайым Разыкова 2010-жылдын августунда берген интервьюсунда: «Өзүбүздүн күрүчтөрдү лабораториядан текшерүүдөн өткөрүп, изилдесек, курамынан кадмий чыкты. Бул металл адамдын ден соолугуна зыяндуу, уулуу зат. Күрүчтү кызартабыз деп курамында кадмий көп кызыл топурактарды кошкон учурлар болот экен. Андай күрүчтөрдүн сатылышына тыюу салдык»,- деп маалымат берген.
  • Мамлекеттик санэпидемкөзө­мөлдөө департаментинин санитар­дык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн баш­чысы Лорита Агайдарова интервьюсунда: «2008-2010-жылдар аралыгында өлкөнүн ар облустарында сатылган күрүчтөрдүн үлгүлөрүнөн алып, текшерүүдөн өткөргөн элек. Кээ бирлеринин курамынан кадмий көп өлчөмдө чыкты. Жалпысынан 20 миң килограмм күрүчтөн аталган уулуу металл табылып, жарактан чыгарылып, жок кылынды»,- деп белгилейт.
  • 2009-жылы Орусиянын сайттарында Кыргызстандан Оренбургга алпарылган 2 тоннага жакын күрүчтөн кадмий тиешелүү өлчөмдөн 70 эсе көп чыгып, кайтарылганы жазылган.
  • КРнын башкы санитардык врачы Сабиржан Абдикаримов: «2008-жылы өлкөнүн санитардык кызматы 110 миң 892 килограмм түрдүү азык-түлүктөрдү жараксыз деп тапкан. Алардын ичинде күрүч да бар. Ал күрүчтү текшерсек, курамында кадмийдин өлчөмү жогору экен»,- деп маалымат берген.

КЫТАЙ КҮРҮЧТӨРҮНӨН ДА КАДМИЙ ЧЫГУУДА
Кытайда 2010-жылы 196 миллион тонна күрүч өндүрүлгөн. Ал күрүчтөрдүн 10 пайызынан кадмий чыккан. 10 пайызы 20 миллион тоннага жакын күрүчтү түзөт. Экономикасынын өсүшүнө байланыштуу Кытайдын экологиясы булганып жатат.
Уулуу заттар кадмий, мышьяк аба, суу аркылуу тароодо. Ал эми күрүч абадагы жана суудагы кадмийди бат тартып, сиңирип алат. Анын үстүнө Кытайдын кээ бир күрүч плантацияларында өнөр жай калдыктары менен булганган суу пайдаланылат. Андай күрүчтөр экспортко да жиберилет. Алып айтсак, орусиялык сайттардан кадмий менен ууланган кытай күрүчтөрү чек ара постунан кайтарылып жатканын окуп калабыз. Андыктан “Кадмий менен ууланган күрүчтөр Кыргызстанга да келип жатабы?” деген суроо менен Лорита Агайдаровага кайрылдык. Ал “азырынча каттала элек” деп жооп берди.
Жакында эле Кыргызстанда сатууга тыюу салынган арыктатуучу кофе “Ош базарында” сатылып жаткан жеринен алынган. Мурдагы жылы да бизге алынып келинген Кытайдын кургак сүттөрүнүн курамынан уулуу меламин заты чыккан. Ошолорго окшоп кадмий менен ууланган күрүчтөр да кокус кандайдыр бир жолдор менен бажыдан өтүп кетип, текшерилүүгө да кабылбай сатылып жатпасын деген ой туулбай койбойт.

БИЛГЕНИҢ ОҢ

  • Кадмий – күмүш түстөгү жеңил, жумшак жана эритүүгө оңой уулуу металл.
  • Өзгөн күрүчүн сатып алып жатып, колуңуз менен сүрткүлөңүз. Эгер күрүчтө кызыл сызыкчалар сакталса, анда күрүч таза. Сызыкчалары билинбесе, анда боёлгон.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
pashukesh
2011-06-13 10:41:12
Чоон рахмат маалыматынар үчүн!
0
mayak
2011-06-13 17:18:05
Спасибо за инфо!
0
Marmiladka
2011-06-13 17:48:18
Күрүч жегим келбей калды. Маалымат үчүн рахмат. Окуп алып эсим ооп отурам.
0
Ayna
2011-06-13 19:28:31
Ушул создорду мага базарда иштеген бироо айткан эле.ишенген эмесмин.деги "натуральный" эмне калды .жер жемиштерин да уулуу болуп чыгып жатат. (((.
0
djeki
2011-06-14 10:00:35
infarmatsia uchun rahmat!
0
Nina
2011-06-14 19:17:20
emne silerge bul gazetaga bekerinen superinfo degen at berilgen deisinerbi.. ha ha hotya keede attan too kylat
0
Elmira
2011-06-14 21:55:04
Кытайдын ууланган куручу сатылып эле жатпайбы,жыттасан чычкан жыттанат сассык бир.озу жанагыдай кызыл куручту алаканга алып ушалап коруп алыш керек.анан таза жуусу эле жегенге болот,Кытайдын ващще товарын албаш керек акылынар болсо.арзан нерсеге кызыкпаш керек!
0
nurbek_posol
2011-06-15 20:26:48
Баткендин куручуно жетпейт эч кайсы бири. Даамдуу да, эч кандай озгочо тусу деле жок.
+1
arlekino
2011-06-16 11:40:53
уже эч нерсе жегим келбей калды..............
0
Sherick
2011-06-16 20:00:00
Жесть! Теперь будем знать, а статья и в прям полезная.
0
Batken
2011-06-18 16:12:08
эн жакшы куруч бул биздики ,Баткендин ,Озгондун ак куручун алгыла кызылын эмес,Кызык эгер чопо зыян болсо анда эмне учун чоподон жасалган идиштерден тамак жесен ден-соолукка пайдалуу дешет кооо
0
baibolot71
2011-06-20 08:40:32
Озгон куручтон аш жечуу элек,эми эмне жейбиз.Эми наныбыз болгон буудайыбыз эле таза болсо экен деп тилек кылам...
0
asmir
2011-09-02 16:44:19
maalymat uchun rahmat
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан