Болгариялык көзү ачык Ванга тууралуу ар бир адамдын маалыматы бар. Ал сокур болгону менен, келечекте боло турган олуттуу окуялардан тартып жөнөкөй окуяларга чейин айта билгендиги менен даңкталган. Ал көзү тирүүсүндө эле ордун Францияда туула турган кыз баса тургандыгын айткан. Ошол айтканы туура келдиби? Болсо, ал кыз ким?
СЕНСАЦИЯЛУУ БЕРҮҮ
2011-жылдын апрель айынын башында Орусиянын НТВ телеканалы “Ванга кайтып келет” деген темадагы көрсөтүүнү эфирге алып чыккан. Бул көрсөтүү сенсациялуу болгондуктан, көгүлтүр экран алдына көп миңдеген адамдарды чогулткан. Сенсациялуу дегенибиз, берүүгө Ванганын ордун басат деген кызды катыштырганы эле. Берүүнүн алпаруучусу Андрей Куницындын айтуусу боюнча, ал атайын топ менен Францияга барып, кызды тапкан. Жана анын ата-энесин макулдатып, Орусияга алып келип, берүүгө катыштырган. Ал тургай эл алдында бир нече суроолорго жооп бердирүү менен көзү ачыктыгын далилдетүүгө жетишкен.
Куницын:“Ванганын айтканы боюнча, анын ордун басуучу ушул кыз – Каедэ”,- деп сөзүн далилдөө үчүн фактыларды келтирген. Фактыда 7 жаштагы Каедэнин көрүүсү улам начарлап баратканы жана көзү ачыктык касиетке ээ экендиги камтылган.
Ванганын өзүнүн айтканына келсек, өмүрүнүн акыркы жылдарында: “Эгер менин ордумду басуучу адам чыкса, анда ал Францияда жашаган көзү азиз кыз болот. Ал адамдарды таң калтыруучу өзгөчө күчкө жана касиетке ээ. Адамдар ал кызды таап, жогорку күчкө ээ жөндөмдүүлүгүн ачууга жардам берүүлөрү кажет”,- деп айткан.
КАЕДЭ КИМ?
Медиктердин маалыматы боюнча, Каедэ тукум куучу оорунун айынан майыптарга тиешелүү белгилер менен төрөлгөн. Ал өзү теңдүүлөргө салыштырмалуу бардык жагынан кеч өсүп-чоңоюуда жана көрүүсү улам начарлап барат. Болжолго караганда, ал жакынкы жылдары толук сокур болуп калышы мүмкүн. 7 жаш курагында тамгаларды таанып, жазып калмак түгүл, тегеректин сүрөтүн жөндөп тарта албайт. Бирок Каедэ жакындарын көзүн ачып отурган кезине караганда, көзүн жумган учурда жакшы көрө ала тургандыгын айтып, ишендирип келет.
Алдын ала айтуучулугу кыздын 5 жашында башталган. Мисалы, ал агасына абайлабаса бутун кокустатып аларын эскерткен. Айткандай эле агасы ошол күнү томугун чыгарып алган. Апасына чоң энесинин жакында ооруп каларын, таежесинин убагынан эрте көз жарарын айтканы да туура келген. Булар эле эмес, чакырылбаган коноктордун кайсы күнү келе тургандыгын, футболдук таймаштар кандайча аяктаарын, аба ырайынын кандай болорун алдын ала айтып турган. Алгач ата-энеси кызынын көзү ачыктыгына ишене беришпеген. Бирок анын айткандары дал чыга бергендиктен, ишенбеске аргалары жок калган. Ата-энеси булар тууралуу кандайча билип коёрун сурашканда ал: “Ар түнү кызыктай адамдар келип (кээ бир маалыматтарда арбактар) алдыда эмне боло тургандыгын айтып турушат. Мен алардан корком”,- деп жооп берген. Кыздын өзүнүн айтуусу боюнча, Ванганын ким экендигин билбейт, бирок “ал мага бат-бат келип турат” деп ишендирет.
Каедэнин жакындары кыздын феномендүү жөндөмдүүлүгүн жашырып келишкен. Анткени кокус билип калышса, үйдүн алдында эл үзүлбөй калып, бирөө жарым кызга зыян келтирет деп чочулашкан. Бирок Орусиянын НТВ каналынын кызматкерлери барып абдан суранышканда гана кыздын касиети тууралуу ачык айтып, телеберүүгө катыштырууга макул болушкан. Ошондон кийин кыз азыр дүйнөгө белгилүү болуп отурат. Бирок Ванга айткан адам ошол кыз экенине күмөн санагандар көп.
АЛ ЧЫН ЭЛЕ ЖАҢЫ ВАНГАБЫ ЖЕ...
НТВнын берүүсүндө Каедэ көзү ачыктыгын көрсөтүү үчүн бир нече сынактардан өтүшү керек эле.
Ошентип, Каедэ Ванга айткан кыздын өзү же башка экендиги азырынча табышмак бойдон калууда.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg