ЗАЛДЫ ДУУ КӨТӨРГӨН ЖАНДУУ КОНЦЕРТ

Концерттен кийин

Концерттин аталышы: “Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына карата Токтобек Асаналиев ырдайт”
Концерттин өткөн орду – Улуттук филармония
Башталышы – 18:08
(8 гана мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Мыкты номерлер – “Боогачың сенин болоюн”, “Ат-Башым”, “Элегия” ж.б.
Алпаруучулар – Элмара Турсуналиева жана Мирлан Самыйкожо
Билет баасы – 500 сом

Адегенде эле чоңойтуп көрсөтүүчү чоң экран жана улуттук оюм-чийимдер менен кооздолгон көшөгө менен жабдылган сахна көзгө урунду. Концерттин коноктору Кутман Жолдошев, Уркаш Мамбеталиев, Жеңишбек Жумакадыр, Кундуз Таштаналиева, Улукмырза Полотов жана башкалар болушту. Концерт кыргыздын аты тарыхта калган залкарлары: Сагынбай, Саякбай, Мыскал, Жеңижок, Боогачы, Атай жана башкалардын сүрөттөрүнөн түзүлгөн слайд-шоу менен башталып, Токтобектин залкарларды даңктаган ыр-эскермелери менен коштолду. Төкмө Жеңишбек Токтобекти мактоо менен кошо:
Мурун “хоп” деген бала эле,
Эми “жок” дегенди үйрөндү...
Саячканы алгандар ушинтип,
Жок дегенде ырчы болот да...- деп чымчылап өттү. Анан да төкмөнүн:
Компьютерден үн жасап,
Койкоңдогон ырчы көп.
Алардын 99у келсе да,
Бир Токоңо тең келбейт...- дегени чындык деп отурдук. Анткени Токтобек, дегеле концертке катышкан ырчылардын баары жандуу үн менен ырдашты. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, Токтобектин уулу Канат комузда кол ойнотуп күү черткенде эл жабыла кол чаап, дагы бир номер аткартышты. Дагы бир артыкчылык, Токтобектин электрокомуз менен 3-4 ыр аткарганы болду.
Концертке катышкан коноктор Токтобекке каалоо айтып, өбө беришти эле Токо муну байкап: “Артисттер өбүшө берет экен” дебегиле, бизде ушундай салт бар”,- деп айтып кутулду. Эсте каларлык дагы бир нерсе, Мирбек Атабековдун жаңылганы болду. Ал бир ырды ырдап бүтүп, “эми Током экөөбүз Атайдын “Сары-Оюн” чогуу ырдайбыз” деп жарыялады эле, Токосу “зал толо эл отурат. Бул ыр Атайдыкы эмес, элдики” деп оңдогуча шашты.
Атактуу Алыкулдун "Ата Журтун" Мамыровдуку деп жазып койгондору көрүүчүлөрдү капа кылбай койгон жок. Эки ирет ырдын авторлору экранда туура эмес жазылып чыкты. Муну техникалык катабы же уюштуруучулардын ырлардын авторлорун билбегендигиби деп түшүнбөй калдык.
Анан да клиптер арасында Токтобектин түрдүү формада, түрдүү жерде түшкөн сүрөттөрү көп көрсөтүлдү. Кайран Токо кийиминин көптүгү жана фигурасы менен бир мактанып алгандай болду го, чиркин!
Токо “Боогачың сенин болоюнду” ырдап чыкканда зал өзгөчө дуу эте түштү. “Кыргыз элимди” кыргыз туусун желбиреттирип ырдаганычы! Кыскасы, кыргыз ырлары менен кыргыз жерин, салттуу ырларды даңктаган концерт болду. Концерт 3 саат 30 мүнөткө созулуп, баш-аягы 35 чыгарма аткарылды.
Акырында концерт аяктап, Токтобек 1 ай сатса түгөнбөгөн гүлдестелерди кучактап сахнадан кетсе, биз ыраазы боло өз жолубузга түштүк.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Titi
2011-06-13 09:39:59
atabekov uwintip adawsa anda olgonubuz owol. yiat oto yiat boluptur
0
akiykat
2011-06-13 09:55:04
азаматсыз!!!
сиздин жаны ата-эне деген ырыныз жакты. Суперчилер, агайдын ата-энем деген ырын жуктоп койгулачы, абдан сонун ыр. силерге деле жагат
0
akiykat
2011-06-13 09:56:45
атабеков, ырдай ылбай жыгылып калбаганына рахмат
0
legita
2011-06-13 12:41:44
мындан жаман уят болгондор журбойбу эчтеке эмес
0
Aibengo
2011-06-13 16:16:47
Жакшы куу анан жакшы эски ыр болсо эле анда Таластыктар учун баары эле Атайдыкы......
0
Zamira
2011-06-16 12:38:21
Эх,концертине бара албай калбадымбы.
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан