КҮЙӨӨСҮНҮН КОЛУНДА БАРЫМТАДА

Бул үйдө алты саат бою Жыпар эки баласы менен өзүнүн карачечекей күйөөсүнүн колунда барымтада отурду. Тун уулунун билегине ок тийип, анын жараатынан токтобой кан агып, жети жашар баласынын жүрөгү тирүүлүк үчүн жаналекетке түшүп алышып жаткан эле. Жыпардын жашырынып шашып-бушуп жазып жөнөткөн SMS билдирүүсүнөн улам Бакыт милициянын ыкчам-иликтөөчү тобун барымтадагы ашыгын бошотуу үчүн алып келе жатты.

ВИРТУАЛДЫК ТААНЫШУУ
Жыпар курбу кыздарынын арасынан ойноок, шар мүнөзү менен айырмаланып тураар эле. Ошондой мүнөзүнүн жардамы менен түрдүү оюн-зоокторго, сынактарга катышып жүрүп, Түркияга бир жылга окуп келүүгө жолдомо алган. Ошол жактан интернет деген оору менен ооруп келди. Бир чети шоктугу, бир чети интернетке ашыкча берилип кеткениби, айтор, Жыпар интернетте жүргөн "чет элдиктер менен турмуш куруу" деген жарыяны окуп, анкета толтуруп, жылдызы жайнаган сүрөтүн кошо салып жиберген. Ошол жарыядан тартып жашоосунда дагы бир кызыктуу нерсе пайда болду. Албетте, жашоосу буга чейин деле кызык болчу: өзүнө жаккан супер-заманбап жумуш, жигиттер, кафе, дискотека... Бирок, тааныш жигиттерден, досторунан көңүлүндөгүдөй мамиле таппай, Жыпар сыртынан жашоосуна ыраазы көрүнсө да, ичинен кемтиги толбой умсуна берээр эле. Ошол умсунуунун орду интернеттеги бир таанышуудан улам толгондой болду.
Күндө бир маал интернетке кирип, почтасын текшерип коёт. Алгач литвалык бир жигиттен, андан соң германиялык, кийинчерээк Түркияда окуп жүргөн казак жигиттен каттар келди. Баары менен кат жазыша баштаса да, олуттуу маани берип, "ушул жигит мага күйөө болуп калышы мүмкүн" деп ой кылган эмес.
Бир күнү Түштүк Кореядан кат келди. Каттын алгачкы саптарын окуганда эле өзүнчө толкунданып кеткен. Орто Азиянын кыздарына абдан кызыгаарын, интернеттен Жыпардын сүрөтүн көрөөрү менен жактырып калгандыгын, анын жылдыздуу, сулуу экендигин жазыптыр. Ошентип, кореялык бул жигит менен бат эле сырдаш болуп кетти. Айрыкча анын: "Жер шарында Азиядан өткөн сырдуу дүйнө болбосо керек. Ошондой сырдуу дүйнөнүн өкүлдөрү баш кошушса кандай балдар жаралаарын элестете аласыңбы? Сага окшош уулум, мага окшош кызым болсо дейм. Жакында сенин жериңе барам. Өзүңдү көрмөйүнчө тынчый албайм",- деп жазган каты келген күндөн тартып уйку дегенди унутуп салды.
Айтканындай эле "Кыргызстанга барам" деп кат жазгандан эки айдан соң Мин Хи Бишкекке келди. Мындай жигитти Жыпар эч качан жолуктурган эмес. Атүгүл Түркияда жүргөндө да буга окшогон келишимдүү жигит көрбөгөн. Жолуккан мүнөттөн тартып эле эсин жогото ашык болуп калды. Мин Хи деле чексиз кубанычын жашырган жок. Бишкектен бир бөлмөлүү квартираны батирге алып жайгашып алган жигит качан Кореяга кайтаарын, эмне жумуш менен алектенээрин айткан жок. "Кесибиң эмне? Мекениңде эмне жумуш менен алектенесиң?"- деген суроолорго: "Тамак-аш калдыктарын кайра иштетүүчү чакан ишканам бар",- деп кыска гана жооп берип коёр эле. Табиятынан шар мүнөз Жыпар Мин Хи келгенден бир ай өткөн соң айылга, апасына барды.
– Апа, мен келдим!- тоокторго жем чачып жүргөн апасын кучактай калып айлантып жиберди.
– Ой, Жыпаштай, бу сен кайдан таң атпай? Тынччылыкпы?
Жүзү жайнаган кызын апасы күмөнсүрөй тиктеп калды.
– Апо-ов, кызыңыздын жакшы жаңылыгы бар. Бүгүн жумуштан суранып алып эле сизге жүгүрдүм. Кечке чейин кайра кетип калышым керек.
Жыпашын дале жаш кыз элестетип жүргөн апасы "күйөөгө чыгам" дегенин укканда таарына кетти.
– Бала дегениң ушул экен да! Боорун көтөрүп алса эле өзүнүн камын ойлой баштайт. Атаң каза болгон соң агаң экөөңдү караан тутуп жашап келем. Агаң үйлөнүп, аялынан башка адам менен иши жок. Эми сен да ошонун жолуна түштүң. Бир-эки жыл коё турсаңар болбос беле?
Капа болуп сүйлөнгөн энеси Жыпардын "Кореяга кетем" дегенин укканда такыр чалкасынан кетти. Ал эми агасы каткырып, карындашын мурдунан чымчый: "Молодец менин Жыпашым!"- деп кубанып калды. Айтор, урук-туугандары, энеси да кыйылып жатып макулдугун беришти. Тойдо жүзүнөн күлкү төгүлө күйөөсүнүн кучагында турган кызын карап отурган эненин гана жүрөгү тынчыбай кайра-кайра сайышып, мыжылып жатты...

«КЕТЕМ ДЕСЕҢ ӨЛТҮРӨМ!»
Ушунчалык да жаңылуу болобу? Сеулдагы Мин Хинин үйүнүн босогосун аттаганда эле Жыпардын бутунан жан кетип, тизелери титирей отуруп калды. Эмне болгонун дароо түшүнгөн күйөөсү тиштерин кычырата:
– Кетем десең өлтүрөм!- деди.
Керебет, стол, стулдан бөлөк бөлмөдө ныпым эмерек жок. Эки бөлмөлүү үйдүн ичи бүтүндөй коробка, баштыктарга толтура.
– Булар эмне?- беш-он мүнөт эси кетип турган соң тилге келген Жыпар жердеги бир баштыкты ачмай болду.
– Жок! Ачпа аларды! Аларды сен карабай эле кой.
Ого бетер чочуп, жүрөгү түшкөн Жыпарды күйөөсү дегдеңдете колунан жетелеп, керебетке алпарып отургузуп койду.
Көрсө... Эч кандай тамак-аш калдыктарын кайра иштетүүчү фирмасы жок эле Жыпардын күйөөсү бир нече жылдан бери иштебейт экен. Кааласа карта ойноп акча таап, көңүлү келбей калганда акыр-чикир салынган челектерди тытып тамак таап жеп, ошол эле челектерге ташталган кийимдерди кийип жүрө берет тура! Тактап айтканда, кадимки эле биздеги бомждордон экен. Болгон айырмасы, үй-жайы бар, өнүккөн өлкөдө жашайт. А демек, ачкасынан же суукка тоңуп өлбөйт. Турмуштун мындай ачуу чындыгы баамына жеткенде Жыпарга жер астын-үстүн болуп кеткендей туюлду. Үрөйү учканы ушунчалык, бир жума бою эсине келе албай, жалдырап эки бөлмөлүү үйдү, дубалдарды, додо болуп үйүлгөн баштык, коробкаларды тиктеп отура берди. Атүгүл күйөөсүнө: "Сен мени алдаптырсың!"- деп да чаң сала алган жок. Мин Хи болсо "кетем деп чыгат" деп шекшип, эшикти сыртынан бекитип кетет. Төрт дубалдын ортосунда жымжырттык менен сүйлөшүп коюп, күйөөсү келгиче отура бермей. Күнү бою таштанды салынган челектерди аңтарган күйөөсү кечке маал кудуңдап келет да, Жыпарга тапкандарын көрсөтүп мактана баштайт. Таштандыдан таап келген кийимдерди өзү кийип алганы аз келгенсип, Жыпарды да "кийип ал" деп күйгүзөт. "Ушундай экен дүйнө бок!" деп ким айтса да, дал Жыпарга тийиштирип айтса керек. Кечээ эле чамгарактап жигиттерди тоготпогон жан айласыз бул турмушка да көнүп берди. Сеулга келгенине беш ай болгондо көшөрө суранып жатып күйөөсүнөн иштөөгө уруксат алды. Үйүнө жакын жердеги кафеге идиш жууган кызматка орноштуруп койгон күйөөсү Жыпардан кабар алганы бул жерге күнүнө он ирет келет. Таштанды тыткан жоругуна эптеп чыдаса да, Жыпар анын жанда жок кызганчаактыгына көнө албай кыйналды.
Ошондой жүрөктү эзген беш жыл өттү арадан. Ыйлап-сыктап жүрүп Жыпар эки балалуу болду. Тээ башында күйөөсү катта жазгандай, уулу Жыпарга, кызы Мин Хиге окшош. Күйөөсүнө терисин каптап койгондой окшош кызынын супсулуу жүзүн тиктеп отуруп: "Атаңа өңүң окшосо да, өзүң окшобосоң экен",- деп эзиле берет. Уулдуу болуп акылына кирдиби, айтор, бир күнү: "Мен бир жумуш таптым. Түнкүсүн иштейм. Сен болсоң үйдө отурасың",- деп калыптыр. Кыйратып тапкандагы жумушу түнү бою көчө шимшилеп, жалгыз-жарым бараткандарды тономой экен. Баягы адатына түшүп, Жыпарды кайрадан сыртынан кулпулап кетчү болду. Эки баласы, эки бөлмө, даараткана, ашкана, ванна... Беш жыл бою көргөн-билгени ушулар болду. Анысы аз келгенсип, одураңдап күнүнө канча нан жеп, канча тамак түгөткөндөрүнөн бери эсептейт. Жарым жылда бир ирет соткасын берип, агасы, энеси менен сүйлөштүрүп коёт. "Ашыкча бир ооз кеп айтсаң өлтүрүп салам!"- деп коркутат. Акыры чыдабады. Бир күнү күйөөсү түнкү жумушунан келип, коңурукту кош тарта уйкуга кеткенинде балдарын жетелеп алып, үстүнө кийген кийимдеринен бөлөк эч нерсе албай качып кетти. Түз эле Кыргызстандын элчилигине барды.
Самолёт "Манас" аэропортуна келип токтогондо бечара Жыпардын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөп, жерге буту тиери менен чөгөлөй калып туулган жерине тооп кылып, шолоктоп ыйлап жиберди.

«АПАМА ТИЙБЕ!»
Мекенине кайтканына эки жылдан ашса да, Жыпар тынч ала албады. Күйөөсү энесинин үйүнө тынымсыз телефон чалып: "Балдарды алып кайтып келсин! Тилимди албаса кийин өкүнүп калат!"- деп коркутуп жатты. Жумушка орношуп, агасы, досторунун жардамы менен турмушу оңолуп калса да, эшиктин, телефондун чырылдаганынан жүрөгү алып учуп корккону токтобой койду. Жыпардын мындай коркунучун жашоосунда пайда болгон сүйүктүү адамы Бакыт да токтото алган жок. Ооба, жүрөгү алдаган эмес экен! Көрсө, Мин Хи Бишкекке келип, болгондо да Жыпар жашаган үйдүн каршысындагы үйдөн батир алып жайгашып, ыңгайлуу учурду күтүп жатыптыр. Чогуу жашап жүргөн жигити Бакыт таенесиникине кеткен эки баласын алып келип, өзү үйгө кирбей жумушуна жөнөгөн. Бакытты узаткан Жыпар балдары менен кобураша үйүнө кирип баратып артынан келип калган кишини да байкабады. Качан гана артынан карылуу колдор үйгө түртүп киргизип, каалганы жаап салганда кайрыла калып, эси кете туруп калды.
– Былк этсең атып таштайм! Балдарды алып төркү бөлмөгө кир!
Колуна тапанча кармап турган Мин Хи эгер талабын аткарбаса чын эле атып салчудай болуп турган. Уулу атасынын далай ирет энесин кордогонун, кыйнагандарын көрүп, энесинен бетер коркуп калган эле. "Тийбе апама, тийбе!"- деп бакырып ыйлап, атасынын санына барып жабыша калып тиштегилеп жиберди. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, "тарс" эле дей түшкөн. "Оо, Кудай, өлтүрдү!"- бакырып ыйлаган Жыпар уулуна бой урду. Жок, Кудай жалгап, ок баланын билегине тийиптир.
– Кач, тигил үйгө өт дебедимби сени! Азыр дагы бир жолу кыйкырсаң, эми сени атып таштайм!
Көздөрү кутургандай кызарып чыккан күйөөсү Жыпарды балдары менен кошо төркү үйгө кубалап ийди. Ошондон алты саат өткүчө баланын кан аккан колун байлап коюуга уруксат бербей, тапанчасын кезей кармап Жыпарга мораль окуп жатты. Баарын жерди каратып көмкөрөсүнөн жаткызып койгон. Болгону, Жыпарга жакын жерде жаткан чөнтөк телефонду байкабады. Ал ажатканага чыкканда жанталаша Бакытка билдирүү жазганга үлгүргөн Жыпар ичинен "өх-х" деп үшкүрүп алды.
Эмне окуя болгондугун дароо түшүнгөн Бакыт милицияга кабарлап, опер-топту ээрчитип жетип келди. Колуна ок тийген бечара бала кансырап, такыр алы кетип калган экен. Кызганчаак күйөө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтпөй, колго түшүп берди.­

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан