Азыр мени менен сүйлөшчү жигиттин журналистика чөйрөсүнө келгенине көп деле убакыт боло элек. Теледен көргөндө жүзүн да тааныйт болушуңуз керек. Ал – былтыркы жылы “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “Жылдын супер телеалпаруучусу” аталган Жанар Акаев. Бүгүнкү маектеш-кесиптешимден бир байкаганым, креативдүү экен.
– Жанар, атың Алайга, даңкың далайга кетип жүрөсүң анан?
– Атым Алайга жеткени туура, бирок даңкым далайга жеттиби, аны айта албайм.
– Жаның тынбаган журналистсиң. Ушул кесиптин аркасы менен кайсы өлкөлөргө бардың? Бир карасак Баткенде, бир карасак Берлинде жүрөсүң дегендей...
– "Азаттыкка” жумушка орношкондон бери “саякатчы бака” болуп калдың” деп досторум да тамашалап калышат. Бир жыл ичинде Түркия, Япония, Украина, Орусия, Араб Эмираты, Грузия сыяктуу мамлекеттерге барып келдим. Азыр Германиядамын, андан ары Чехияга барабыз. Баарынан да мага Грузияга болгон сапарым абдан жакты. Атактуу саясатчыларынын баары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болду. Негизи эле мен Лондонго же Парижге барууну кыялданбайм, Ооганстанга жана Африка өлкөлөрүнө барсам деп жүрөм.
– Саясатчылар деп калдың, “саясатты укмуш сүйөт” дешет го сени. Өзүң качан аралашасың?
– Саясатка мен 1-классымдан баштап эле кызыкчумун. Анын үстүнө кесибим да күн сайын саясатты окуп, аны иликтеп, ошол чөйрөнү мыкты билгенге кааласаң да, каалабасаң да мажбур кылат. Бирок мага журналистика көбүрөөк жагат. Кээде ойлойм, депутат болгондон көрө журналист болгон элге көбүрөөк пайдалуу го деп. Жакынкы беш жылдын ичинде сөзсүз саясатка келем. Келгенде да күчтүү, пара албаган, жалаң жаштардан куралган команда болуп келебиз. Азыркы саясатчылар «эскирип» бүтүштү, сыналгыны карасаңар, баягы эле жүздөр. Мен ойлойм, чет өлкөдө иштеген, Кыргызстанда да өз ийгилигин көргөзө алган жаш муун саясатка келгенде азыркы саясатчыларыбыз дароо пенсияга чыгышы керек деп.
Грузияда ошондой болгон, революциядан кийин жалаң жаштар бийликке келип, өлкөдө аз убакытта ийгиликтүү реформаларды жасашкан. Айрым жаш министрлер түнкү саат үчкө чейин иштешет экен ал жакта. Грузияда полиция, мугалимдер таптакыр пара албай калышкан. Ушунун баарын жаш саясатчылар жасашкан. Бизде качан өлкөнү бутуна тургуза ала турган программа иштеп чыгып, ошону ишке ашырууга көз жеткенде гана саясатка барыш керек. Азыр андай эмес. Курулай убада менен гана элди алдап жатышпайбы.
– Таза абалуу Алайдын жигити бүт ат оюндарын билсе керек?
– Албетте, биз эми ат жалында чоңойгон балдарбыз да. Өткөндө Оштун кайсы бир айылында программа тартып жатсак, эл абдан көп топтолуп кетти. Бирөөнүн атын минип алып ары-бери чаап, айылдыктарга абдан мактандым. Бирок кичинекей кезимде аттан катуу жыгылгам, ошол дагы эле эстен кете элек.
– Интернет дүйнөсүндө көп досторуң бар, интернет сен үчүн эмне?
– Интернет нан сыяктуу эле курсакты тойгузат. Чарчаганда силердин Медиа-порталга баш багып, клип көрөм, музыка угам. Көп убактым интернетте өтөт. Интернеттин өнүккөнү жакшы, алысты жакын кылат. Аз убакытта интернет Кыргызстандын бүт айылдарына жетсе, балким, дыйкандар да картошкасын интернет аркылуу сатып калышаттыр.
– Өзүңө кайсы берүүң жаккан?
– Улак тартыш тууралуу жасаган программа абдан жаккан. Биз көк бөрүнү эмес, “сахна” артындагы кызыктуу окуяларды көргөзүп бергенбиз. “Аттарды кантип даярдайт? Улакчылардын кир кийимин аялдары жууй берип тажашпайбы? Улакчынын колу кандай болот?” деген суроолорго жооп алып бергенбиз. Абдан кызык чыккан.
– Спортко кандайсың? Кайсы түрүнө кызыгасың?
– Анча-мынча футбол ойнойм, волейболду жакшы ойнойм. Сууда сүзүүгө кызыгам, бирок продюсерибиз Касым мени урушуп отуруп машыгуу залына жаздырып койду. Оор темирлерди кантип көтөрөм билбейм эми, “семирип, 80 килограмм болуп калыпсың” деп кесиптештерим мээмди чагып жатышат. Ошто окуп жүргөндө эркин күрөш менен машыкчумун. Мен барган залга маркум спортчу Баяман Эркинбаев да барчу. Мени “ии, Акаев” деп мазактап калар эле.
– Бир эжең сени Мирбек Атабековго окшоштурчу экен...
– Ооба, 1-курсумда болуш керек, анда эми арык, башкача бала болчумун да. Мирбектин жылдызы жанып баштаган убакта сыналгыдан чыкса эле “Жанарга окшош” деп калчу. Мен өзүм да Мирбектин ырларын көп угам, “Жүзүң” деген эски ырын азыр да угуп жүрөм.
– “Жылдыз” деген бир жаман “илдет” бар. Бул “оору” сага да жуктубу?
– Мага бул “оору” таптакыр жукпайт. Мен деген жөпжөнөкөй, карапайым жигитмин. Телепрограмма жасоо – менин жумушум. Өздөрүн жылдыз сезген тележурналисттер менен мен учурашпайм дагы.
– Сага айтылган сындарды кандай кабыл аласың? Мисалы, “шашып сүйлөйт, түштүк диалектини көп колдонот” дешет.
– Бул эки сын тең туура. Шашып сүйлөйм, шашып жүрөм, керек болсо шашып уктайм.
А түштүк диалектини колдонгонум мурда кездешчү. Азыр калган, нукура адабий тилде эле сүйлөйм. Бирок көрүүчүлөр тараптан сынга караганда мага мактоолор көбүрөөк айтылат. Ошон үчүн бүт өлкө боюнча КТРК уюштурган сурамжылоодо мен алпарган телекөрсөтүү 1-орунга татыды да.
– Студент кезиңде окуу жайдын гезитине макалаң чыккан эле, жаш ырчыларды сындаган. Азыр кандай көз караштасың?
– Ошол мен сындаган ырчылар азыр сахнадан четтеп калышты. Демек, мен туура сындагам. Азыр деле үнү жок, бирок сахнага көгөрүп эле чыгып алган ырчылар толтура. Келбетин, кийимин жарнамалап жүрө бергендери бар. Азыр сындасам, биротоло тура алгыс кылып сындайм.
– Ишиңдеги негизги кеңешчиң ким?
– Кесиптештерим мени ар бир программа сайын сындап отуруп чыңалтып коюшту. “Азаттык+тун” азыркы курамына өзүм да суктанам. Экрандан Элиза Кененбаева экөөбүз чыгып жатканыбыз менен, көп эмгекти продюсер Касым Рахманкулов менен режиссёр Алмаз Алимбаев жасайт.
– Акаев кантип эс алат?
– Акаев эс алуунун бардык түрүн колдонот. Тоого да чыгат, жаш балдардын оюнун да ойнойт, ат минет, түнкү клубдарга барат, кыскасы, баарына жетишет.
– Апаң “Жанарга “Азаттыкка” үйлөнүп алдыңбы?” деп айтам” деген эле. Ал оюнан кайттыбы же уулун үйлөндүрө албай дале убарабы?
– Апам ал оюнан кайтты. Мен түшүндүрүп айттым, туура бир жылдан кийин, келерки күздө үйлөнөм деп. “Чет өлкөгө окууга кетпейсиң” деген шарт койду, макул болдум.
– Сараң байсыңбы же ак көңүлсүңбү?
– Ашыкча ак көңүлмүн. Акчаны көп эле табам, бирок көп иштетем. Өзгөчө чет өлкөгө чыкканда акчамды ойлонбой коротуп коём. “Жакшы акча тап, ошого жараша жакшы шартта жаша” деген принцип бар менде.
– Кыздарга убакыт бөлөсүңбү же иш деп эле жүрөсүңбү?
– Кыздар менен жетелешип, сейил бакта балмуздак жеп жүргөнүмдү элестете албайм. Өзүмдү бекерчи сезем анда. Анда-санда киного барып же клубдарга барып койбосом. Мага жаккан кыз болсо, оңой эле сүйдүрүп алам. Кафелерде же башка жакта болбосун, досторум менен чогуу кыздар менен таанышып калсак, кыздардын эң мыктысы меники болот. “Жанар дагы илип кетти” деп досторум тамашалап калышат.
Акылдуу, билимдүү жигиттер кыздарга жагарын мен билем, ошон үчүн өзүмчө эле “гений” көрүнүп жатып, кыздардын жүрөгүн багындырам. Ал эми “таанышып алалы, жолугалы” деп телефон чалгандарга түз эле жумуштун дарегин берем. Келсе, биздин жамаат менен тааныштырып, иш боюнча гана сүйлөп, акыры-ын узатып коём. Ушундай “хитрый” баламын.
– Ушундай “хитрый” журналист болуп жүрө бер деп маекти бүтүрөлү. Ийгилик ишиңе.
АКАЕВ ТУУРАЛУУ
Бурул Исмаилова
star@super.kg