XXI КЫЛЫМДЫН КАРАКЧЫСЫ

Өткөн айда белгисиз адам автомат менен коркутуп, Бишкектеги дүкөндөрдү тоноп жүргөндүгү тууралуу маалымат тараган. Борбордо аталган арам ойлуу тоноочу “конокко кирбеген” дүкөн-күркөлөр дээрлик калган эмес. Милиция кызматкерлерине мындай “азаматты” колго түшүрүү оңойго турбады.

АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ КҮН САЙЫН ТОНОП КАЛГАН
Маалыматтарга караганда, кылмышка шектелген адам эл аз болгон дүкөндөрдү тандап, сатуучуларды автомат менен коркутуп, акча алып жүргөн. Май айында күнүгө жок дегенде бир дүкөн тоноп жүргөндүгү ачыкка чыгууда.
– 30-майда Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, ушул эле күнү күндүзгү саат 12 чамасында 6-кичирайонунда жайгашкан анын соода павильонуна кавказ улутундагы белгисиз адам кол салганын айткан. Ал автомат менен коркутуп, 1200 сомун алып көздөн кайым болгон.
– Май айынын аяк чендеринде Совет-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода павильонуна кирип, дүкөнчүнү автомат менен коркутуп, 1000 сомун тартып алган.
– Май айынын аяккы күндөрүндө кичирайондордун биринде жайгашкан павильонго кирип, акчасын жана шоколаддарды алып жолуна түшкөн. Учурда канча зыян келтирилгендиги эсептелүүдө.
– Майдын орто чендеринде таксиге отуруп бир дарекке баргандан кийин таксисттин башына автомат такап коркутуп, жанында болгон акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен.
Ошентип, талап-тоноо боюнча арыздардын саны ондоп саналып, акыры Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери “соода павильондорду, дүкөндөрдү тоноп жүргөн” деп шектелген адамдын изине түшүшөт.

ИШЕНГЕНИ ОЮНЧУК АВТОМАТ, ЫШКЫРЫГЫ ТАШ ЖАРАТ
Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Руслан Бектенбаев бул иш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жогоруда сөз болгон каарманыбыздын аты-жөнү – Цуров Магомед Ваахович, 20 жашта, Бишкек шаарынын тургуну. Эч жерде иштебейт, окубайт, мурун соттолгон эмес.
Тоноо үчүн барганда жанына спорттук сумка ала барчу экен. Ал дайыма жалгыз иштеп, дүкөнгө, күркөгө кадимки кардарлардай эле кирип, эч ким жок экенине көзү жеткенден кийин гана сумкасынан автоматтын башын чыгарып, тоноп келген. Автоматты көргөндө ким коркпосун, дүкөнчүлөр кассада болгон акчасын берип жүрүшкөн. Сумкадан автоматты толук чыгарчу эмес, эгер толук чыгарса, анын жасалма экендиги көрүнүп калмак.
Мектепте аскерге даярдоочу сабак өтүлчү эмес беле, ошондо сабын жыгачтан, башын темирден кылып автомат жасачубуз. Магомед ошондой автомат менен тоноп жүргөн. Ал кайра дүкөндөн сыр бербей чыгып, кээде такси кармап отуруп кетсе, кээде маршрутка менен кетип жүргөн. Мисалы, “Пилот” деген дүкөндү тоноп, таксиге отуруп кеткен. Аны алып барган таксистти кармаганда, ал кардары Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинен түшүп калгандыгын айтып берди. Таксисттен анын өңү-башын, кийген кийимдерин билип алгандан кийин “кайсы жакка барышы мүмкүн?” деген суроонун үстүндө иштей баштадык. Андан эки күн өткөндөн кийин дагы ушундай тоноо болгондугу тууралуу маалымат түштү. Бул сапар Түштүк-2 кичирайонундагы павильонду тоногон. Сурамжылап көрсөк, ал жалгыз кирген жана кавказ улутундагы адам экендигин айтышкан. Андан кийин Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунан окуя кайталана баштады.

“АҢКОО БОЛУП КӨРҮНГҮСҮ КЕЛДИ”
– Кайсы жол менен, кайсы жакка кетиши мүмкүн болорун анализдеп иштеп чыктык. Акыркы тоногонунда маршруттук такси менен кетип бараткан жеринен биздин райондун уюшулган кылмышка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери кармашты. Жанына спорттук сумка асынып алган. Текшерген учурда сумкадан жасалма автомат чыкты. Бөлүмгө алып келсек, алгач “эмне болду, түшүнбөй жатам?” дегенсип, өзүн аңкоо кылып көрсөткүсү келди. “Атың ким? Канчага чыктың?” деген суроолорго да “билбейм” деп жооп берип жатты.
Анын туугандарын, тааныштарын аныктап чыксак, ал оорубай-этпей эле жакшынакай экен. Тонолгон кишилерди алып келип Цуровду көрсөтсөк, ушул адам тоногонун тастыктап беришти. Азырынча өзү мойнуна алган 10 факт такталды. Мындан сырткары 500 же 1000 сомун тоноткондор арыз жазбай коюшу да мүмкүн. Себеби өзү “тонодум” деп айтып берген дарекке барсак, дүкөндүн ээси таң калып жатат, “мен арыз жазган эмес элем го?..” деп. Дагы бир нечеси чыгышы ыктымал, андыктан гезитке чыккандан кийин таанып-билгендер болсо, бизге кайрылышса болот.
Цуров Магомед Вааховичке КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренесинин 2-пункту (бир нече жолу каракчылык кылуу) боюнча иш козголгон. Мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылууга жазаланат.

“КЫЛГАН ИШИМЕ ӨКҮНБӨЙМ!”
Биз милиция бөлүмүнө барганда оперкызматкерлер кылмышка шектелген Цуровду суракка алып жатышкан экен. Биз да убакыттан пайдаланып, суроо узатканга үлгүрдүк. Ал суроолорубузга төмөнкүчө жооп берди:
– Бул автоматтын макетин базардан ­300 сомго сатып алганмын. 14 кылмышка катыштыгым бар экенин мойнума алдым. Кылган ишиме өкүнбөйм!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - XXI кылымдын каракчысы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aibengo
2011-06-13 16:09:56
Ушинтип эле анан турмодон чыккандан кийин чыныгы каракчы болот да, ал жерден муну ким жакшы жолго тарбияламак эле.
0
elya2404
2011-06-15 04:11:06
Озунчеле СЕНСАЦИЯГО! Ушинтип миллиондоп элдин акчасын жегендердин дагы артынан тушуп кармасанар кана!!! Русландын суротуно эмне жок,кыйраткансып!!
0
Tokmok
2011-06-17 21:10:30
mama ujasko. Ruslan Bektenbaevke suroo: Bul karakchynyn akchasy jok kamap koidunarby? Akchasy bar karakchylar boshtondukda jurushot........
0
baibolot71
2011-06-20 08:33:05
Ушуга окшогон талап тоногучтарды жок кылуу керек,ошондо бейпил турмуш оз нугунда кете берет...
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан