ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Казакстан

АСТАНАНЫН БЮДЖЕТИ КЫРГЫЗСТАНДЫКЫНАН КӨП
Кыргызстандын бюджети 1,8 миллиард доллар болсо, Астана шаарынын бюджети үстүбүздөгү жылы 2 миллиард долларды түздү. Мындай маалыматты казак президенти Нурсултан Назарбаев Астананы өнүктүрүү боюнча 3-июнда уюшулган жыйында билдирди. Анын айтымында, 2000-жылдан бери шаардын ички дүң өндүрүмү 16 пайызга өсүп, Европа өлкөлөрүнүн деңгээлине жетти. Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүндөгү 81 ири шаарлардын ичинен эң мыкты шаар деп табылгандыгын кошумчалады.

Йемен

АБДУЛЛА САЛЕХ АМАН КАЛДЫБЫ?
Президент Абдулла Салехтин мамлекеттен кеткендигин Йемендин миңдеген тургундары майрамдап жатышат. 3-июнда анын резиденциясына жасалган чабуулда жараланган Салехтин Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда көкүрөгүнө операция жасалып, жүрөгүнө бир нече сантиметр жетпей, өпкөсүн тешип өткөн снаряддын сыныгы алынды. Эр-Риядга президент менен кошо анын аялы, 30дан ашуун тууган-уругу, премьер-министр жана парламент төрагасы да келген. Учурда анын уулу Ахмад менен эки жээни Йемен бийлигинин башында турат.

Израиль

«УЛУТТУК КҮН» 20 КИШИНИН ӨЛҮМҮ МЕНЕН АЯКТАДЫ
1967-жылы 6-июнда араб элдери менен израилдиктердин ортосунда болгон 6 күндүк согушта израилдиктер араб элине тиешелүү Голан дөңсөөлөрүн жана Чыгыш Иерусалимди басып алышкан. Мына ошол күндү эскерүүгө Сириядагы палестиналык качкындар “Кайтаруу маршы” ураанынын алдында жүрүш жасап, Голан дөңсөөлөрүндө калган үйлөрүнө өтүү үчүн чек араны бузуп өтө башташканда израилдик чек арачылар ок чыгарышты. Анда 20 киши каза таап, 300гө чукулу жарадар болду. Эл аралык коомчулук Голан дөң­сөөлөрүн сириялыктарга таандык, ал эми израилдиктер басып алган деп эсептеп келет.

Греция

МИТИНГДЕРДИН ИЛЕБИ ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ЖЕТТИ
Грециянын борбору Афины шаарындагы аянтка бийликтин кризиске каршы багытталган чечимдерине каршы экенин билдирип, он миңдеген жаран нааразычылык митингине чыгышты. Нааразы болгон тарап министрликтер тарабынан айлык акынын жана социалдык төлөмдөрдүн кыскартылышын туура эмес дешүүдө. 15-июнга жалпы өлкө боюнча иш таштоо акциясы белгиленди.

Финляндия

200 ЖЫЛДЫК ШАМПАНДАР САТЫЛДЫ
Финляндияда өткөн аукциондо эки бөтөлкө шампан 54 миң еврого сатылды. Алардын бири «Вдову Клико» шампаны 30 миң еврого сатылып, буга чейин сатылган ичимдиктердин арасынан рекорд койду. Экинчиси “Жуглар” шампаны 24 миң еврого бааланды. Бул эки шампан Балтика деңизинде 1825-1830-жылдар аралыгында ичимдик ташып баратып чөгүп кеткен кемеден алынган. Эксперттердин айтымында, шампандар бөтөлкөгө 1811-жылдары куюлган. Аукциондон түшкөн каражат Финляндиядагы Аланддык аралдар автономиясынын өкмөтүнө берилип, деңиз түбүндө археологиялык иштерди жүргүзүүгө жумшалмакчы.

АКШ

КЕЛЕМИШТЕРДИН МОДА КҮНҮ
АКШнын Нью-Йорк шаарында мурда болуп көрбөгөн шумдук мода күнү өткөрүлдү. Анда дизайнер Ада Нивс адаттагыдай сулуу айымдарга эмес, келемиштерге арнап тиккен кийимдердин коллекциясын тартуулады. Колго багылган жүздөгөн келемиштер моделдердин ордун алмаштырышты. Коллекцияда смокинг, үйлөнүү үлпөтүнө кийилүүчү көйнөктөр, чыптама, юбка, сарафан өңдүү кийимдер камтылган. Мода күнүнүн соңунда көрсөтүлгөн кийимдердин ар бири 80 доллардан сатыкка коюлуп, каалоочулар өзүлөрүнүн келемиштерине сатып алышты.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
legita
2011-06-13 12:29:57
орус оюндагысын кылат обу жоктор
0
19zamir87
2011-06-13 21:45:37
ушул мусулмандар согушканын токтотушпады!!!
0
cosmopolit
2011-06-14 22:13:44
ыйманы бар ынсабы жок деген ушу арабдар болуш керек...кудай тоба кылдым...
0
melo
2011-06-15 05:32:08
Болуп жаткан окуялар ынсаптын жоктугунан эмес, ыймандын алсыздыгынандыр, ынсап ар бир адамда болот эмеспи... Акыйкатта акыйкатты билген Муслим саясат кууп, адам олтvрvvго ашыгып атканы жакшы корvнvшпv же ыймандуулукпу! Ар ким озvнvн жашоосун алга тарткан мезгилде, итке болсо да ит аяк жасап vйдо олтурган дуруско...
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан