Асылбек өз энесинин көздөрүн, жүзүн 3 жашынан бери көргөн эмес. Эркектер аялдын сулуулугун көзү менен көрсө, бул адам жан дүйнөсү менен сезет жана айымдардын үнүнө ашык болот. Оор дарттан улам көрүүсү начарлай берип, кийин таптакыр көрбөй калган Асылбектин тагдыры эч кимди кайдигер калтырбаса керек.
ТАМ БООРУ МЕНЕН ЖЫЛГАН БАЛАЛЫК
– Жараткан бешенеме жазса керек, тагдыр мени караңгылык дүйнөсүнө чулгап койду. Өзүм Ноокаттын Ак-Булак айылынан болом. Ата-энем бар, үй-бүлөдө беш баланын экинчисимин. Кичинемде кызамык менен ооруп, «3 күн караңгы жерге кармаш керек» деген сөздөргө ишенип, доктурларга кеч кайрылышыптыр. Эки көзүм тең тоодой шишип, ичине суу толуп кеткендиктен, аны жарышат. Натыйжада бир көзүмдүн карасы өчүп, экинчисинин карегин ак басып калган. Доктурлар “көзүң кайра көрөт” дешкен эле. Менин оюмча, алардын жаңылыш диагнозунан ушул күнгө туш болдум. Анан 6 жашымда доктурлар Москвага жиберишкен. Тилекке каршы, алар жардам бере алган жок, диагноз да коё алышпады.
Башка балдардай мектепке барган жокмун. Балдар сабакка чуркап кетип жаткандарын сезип, мен тамдын бооруна сүйөнүп кала берчүмүн. Мен теңдүүлөр үйлөнө баштаганда эжем Назгүл аттуу кыз менен тааныштырды. Ал көзү көргөн, мээримдүү кыз болчу. Сүйлөшүп жүрүп экөөбүз баш коштук. Көп жылдар бою Назгүл колуктум гана эмес, менин көзүм, колум болду. Бир уул, бир кыздуу болдук. Негедир аялым кыйналып, жашоосуна ыраазы эместей сезиле берди. Бир адамды кыйнап, жасалма жашоо кургум келген жок. Азиз адам менен жашоо кимге болсо да оор экенин түшүнөм. Акыры мен өз жолум менен, ал өз жолу менен кетти. Кызым менде калды, уулумду жубайым алып кетти. Ушундан соң ата-энемдин мойнуна жүк болгум келбей, мен да өз арабамды кылдыратайын деп чечтим.
Ошентип, Бишкекти көздөй жөнөдүм. Шаарда эч кимим жок, эптеп кара жанды багыш керек болду. Базарларга ырдап чыккандан башка эч жол жок экенин түшүндүм. “Дордой”, “Орто-Сай” базарларына көп каттай баштадым. Базар кыдырып ырдоо менин кесибим болуп калды. “Ош базар” жактагы бир түндүк батирлерге 50 сомдон төлөп түнөп жүрдүм.
Күнүнө 400-500 сомго чейин тапчумун. Ал жатакана, жеп-ичкениме кетчү. Чогулуп калган акчамды көп учурда уурдатып да жиберер элем. Тонолуп, ур-токмок жедим, “карып экен” деп эч ким мени аябады. Маңдай тер менен, кадам санап көчө кыдырып тапкан акчамды Кудайдан коркпогондор алып койгон учурлар көп болду. Бирок жашоо менен тынбай күрөшүп, ыр чыгарып, чыгармачылыгымды кеңейте бердим. Жазганды, окуганды билбегендиктен, баары тең эсимде жазылып, жакпай калгандар мээмден өчүп кетет.
КАРАҢГЫДАГЫ ЖАРЫК СҮЙҮҮ
– Досторум – өзүмдөй азиз адамдар. Кээ бири чала-чарпыт көрөт, кээ бири такыр эле көрбөйт. Бир күнү баарыбыз чогулуп калдык, адаттагыдай турмуш жөнүндө кеп козгоп, сөз кыздарга да жетти. Чала көргөн бир досум, “Медакадемияда бизге окшош көзү көрбөгөн, бирок сулуу кыздар окуйт экен” деп айтып калды. “Кой, убакытты текке кетирбейли” деп жөнөп калдык. Барсак, чынында эле массаж курсунда азиз кыздар окушат экен. Аларды сөзгө тарттык. Мага бир кыздын үнү аябай жакты. Жүзүн көрбөгөндөн кийин мен үн аркылуу адамдарды ажыратам. Ал мага үнүнөн аябай сулуу сезилди. Досуман сураштырсам, “ооба, татынакай кыз экен, аты Кызжибек” деп калды. Анын көзү такыр көрбөйт экен. Ал кызды катуу сүйүп калдым.
Кызжибек жатаканада жашачу эле. Кеч калсам, кароолчу эжелер шыпыргысы менен кыйкырып-өкүрүп артыман кууп чыгарышчу. Өжөрлөнүп кетпей, коридордо да түнөгөн түндөр көп болду. Кээде кечинде келип, аны жетелеп сейил бакка алып кетип калчумун. Таң аткыча жетелешип сейил бакты тегеренип жүрө берчүбүз. Экөөбүздү тоноп кеткен күндөр да болду. Караңгыда колун коё бербей, бизге кол салгандар менен тирешкен күндөрүм да эсте. Айланам караңгы болгону менен, сүйүү дүйнөнү жарык кылып турчу. Бирок ырдап тапкан акчам жашоого жетпей, акыры Казакстанга кеттим. Ал жактан күнүнө 800 сомго чейин тапчумун. Тапканым баарына жетчү, бул жактагыдай тоноп, уруп кеткендер болбоду. Кээде бул жакка келип кайра барганымда “баурым, калайсың?” деп учурашып калышчу. Арадан эки жыл өттү. Бишкекке кайттым, Кызжибекти издеп таап алдым, аз өтпөй баш коштук. Кыздуу болдук. Учурда чогуу жашап келе жатабыз.
АРМАН ЖАНА ҮМҮТ...
– Эркек болгондон кийин эч кандай байлыгың жок четтелип калат экенсиң. Жубайымдын үйүндө жашоо мага өтө эле оор. Кызжибек мага эмес, мен ага турмушка чыккандай сезилет. Эмнегедир жан дүйнөм кыйналып, эч бир жай таба албай келет. Ошол кемсинүүдөн улам жубайыма болгон сүйүүм да түгөнүп бараткансыйт. Мен, болгону, жакшы мамилеге жана сүйүүгө муктажмын. Канча тырышып, таш боор тагдыр менен таймашсам да, утулуп бараткансыйм. Армандамын... Ата-энемдин, бир туугандарымдын жүзүн көрбөгөнүмө, балдарымдын жүзүн көрбөгөнүмө... Мага жылуулук берген күндүн көзүн көрбөгөнүмө армандамын... Бирок үмүтүмдү эч үзбөйм. Балким, көрүп калармын деп кыялдана берем. Кайгыдан улам жан дүйнөмө мындай саптар келет:
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНАСүйүп, бирок сүйүлбөстөн жүрөмүн,
Сүйүү эңсеп, сыздайт менин жүрөгүм.
Жан дүйнөмдүн жакыны жок кантейин?
Жалгыздыктын кучагында түнөгүм...
Жарым жүрөк болсо экен бир бүтүн,
Жараткандан тилеп келем күнү-түн.
Оо, жаштыгым, тура турчу узабай,
Жалгыз жүрөк таап алсын сүйүүсүн.
Мальвина Уметбекова
lira@super.kg