СУПЕР СУЛУУ-2011

СУПЕР СУЛУУ БОЛ!
Кадырлуу окурмандар, «Супер-Инфо» гезити кезектеги 5-жолку «Супер сулуу-2011» сынагынын старт алганын маалымдайт. Андыктан өзүнө ишенген, бой-келбети келишкен сулуу бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Урматтуу бийкеч, эгер сиз көптөн бери чет өлкөгө чыгып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз жана келбетиңиз биздин талапка жооп берсе, анда бизге келиңиз. Балким, дал сиз «Супер сулуу» наамына татып, кыялыңыз орундалар. Биз сизди күтөбүз!
Байланыш телефону: 0312 32-33-26.

СУЛУУЛАРДАН ДОБУШУҢУЗДУ АЯБАҢЫЗ!
Гезит бетине чыккан сулууларга добуш берүү үчүн сулуунун катар номерин терип, 1050 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын бейшемби күнү саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Добуш берүү сынак соңуна чыккыча ушундай тартипте өтөт. Ал эми катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номерине SMS жөнөтүү аркылуу билсеңиздер болот.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ ЖӨПЖӨНӨКӨЙ
“Супер сулуу-2011” сынагына 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Жыл аягына чейин ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү чыгып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, 1050 кыска номери аркылуу добуш берип тандап алышат. Эскертебиз, сулуу бийкечтердин тагдыры сиздин гана колуңузда, кадырлуу окурман! 1-турдан өткөн кыздар финалга катышышат. Алгач финалга чыккандардын купальникчен сүрөттөрү гезит бетине жарыяланат. Андан соң алардын ичинен шоу-сынактын негизинде баш байге ээси аныкталат.

Megacom, Nexi жана О! компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы 43 сом, Beeline жана Кател компанияларынын абоненттери үчүн
1 SMS баасы 0, 90$. Бардык төлөмдөрүн кошкондо.
Эскертүү: Фонекс уюлдук операторунан келген SMS билдирүүлөр кабыл алынбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
saya4ka
2011-06-13 15:44:34
Экөө тең жакшынакай кыздар экен, бирок мен добушумду Үмүткө берем!
0
moi lev
2011-06-13 15:56:08
мага 55-номурдагысы кобуроок жакты!
0
05081994
2011-06-13 19:36:26
55-красивее
0
beknazar13
2011-06-13 19:44:11
э эки эле кыз катышабы
0
sali
2011-06-14 08:07:45
Ekoono ten dobysh jok.Biroo dagy jakkan jok!
0
Jalkoo
2011-06-14 17:41:16
Умутко добуш берет элем
0
leo10
2011-06-14 18:54:10
татынакай экен го, 55 ойлонто турган болуп кийинип алыптыр ээ
0
Elmira
2011-06-14 21:02:06
Мен да скоро катышам:).Достор жардам бересинерби?Дубайга жолдомо болсо жакшы эле :)
0
Erniza
2011-06-14 23:49:42
Экоо тен тим эле татынакай экен Жибекке добуш берет элем
0
Sezy
2011-06-15 01:33:24
Бул жылы кайсы жака эс алышат экен ?
0
nazo
2011-06-17 14:04:19
экооно тен добуш жок....чынын айтканда бойлору эле узун
0
Tokmok
2011-06-17 21:15:49
nazo: :) boiloru uzun 167; 166 dep ele turatko, bul degen kichinekeida boiu 180;190 bolso bir jon uzun degendei :):):)
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан