“Супер-Инфо” гезити жыл сайын чырай жүздүү, кымча бел кыздарга “Супер сулуу” сынагын жарыялап, жеңүүчүлөрдү кыштын ызгаарында жылуу, тропикалык өлкөлөргө эс алууга жөнөтүүдө. Кезектеги сынактын алдынан буга чейинки жеңүүчүлөр менен ой бөлүштүк.
«СУПЕР СУЛУУ-2007»
Кубанычбек кызы Айгерим
Анталиянын керемет табиятына күбө болуп келген.
– Сынакка кантип катышып калдың?
– Алгач “Супер-Инфо” гезитинде фотороманга тартылгам. Кийинчерээк сулууларга сынак жүрүп жатканын угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим.
– Жеңишке канча пайыз ишеним болду?
– Чынын айтсам, акча берип анан өтсө керек деп ойлочумун. Бирок жеңүүчү болгондо гана андай эмес экенине ишендим.
– Сулуулукту далилдеш үчүн сөзсүз бирөөлөр менен сынашыш керекпи?
– Менимче, сулуу болуш үчүн сөзсүз сынакка катышыш керек эмес. Негизгиси, жакын адамдарың үчүн ар дайым сулуусуң да.
– «Супер сулуу - 2011» сынагынын катышуучуларына кеңешиң...
– Мен, негизи, бир девиз менен жашайм. «Эгер корксоң, ишти баштабай эле кой. Эгер баштап алсаң, аягына чейин чык» деген. Ошондой эле кыздарга кеңешим –сынакка катышууну чечтиңерби, анда аягына чейин ишеним менен баргыла! Ошондо сөзсүз түрдө жеңиш силерде болот.
– Бегайым, аялзаты үчүн биринчи орунда карьера болуш керекпи же үй-бүлөбү?
– Эгер аялзаты акылдуу болсо, бири-экинчиси деп бөлбөй эле, экөөнү тең бирге алып кетсе болот. Анткени экөө тең абдан керектүү нерсе.
– Чыныгы сулуу кыз кандай болушу керек?
– Кыздар канчалык ажарлуу болсо да, жүрүм-туруму жакшы болбосо, бардык жакшы жактарын жууп кетет. Өзгөчө тонналап макияж сүйкөп жүргөн кыздарды жактыра бербейм. Кудай аялзатынын баарын татынакай кылып жараткан, ошол сулуулукту ар ким туура пайдалана билсе жакшы болмок.
БАКЫТ кызы ЖАМИЛЯ
– Жамиля, сынакты жеңгенден кийин жашооңдо өзгөрүүлөр болдубу?
– Ооба, өзгөрүүлөр болду. Эң негизгиси, өзүмө жаңы ачылыштарды жасадым. Жашоого көз карашым өстү. Жер көрүп, эл көрүп, өзүмө көп нерсе алдым. Көчө-жакадан да айрымдар таанып калышат.
– “Сулуунун болбойт жүрөгү...” дешет...
– Өзүмдү аябай деле сулуу сезбесем да, суроо берилип калыптыр, жооп берейин. Бул сөзгө мен кошулбайм. Сулуу деле адам да. Аларда деле элдикиндей жүрөк болот.
– Сулуу болуш үчүн акылдуу болуш керекпи же сулуулук жетиштүүбү?
– Менимче, сулуу болуш үчүн келишимдүү келбет жетиштүү эмес. Көрүп эле жүрөбүз, айрым сулуу кыздардын кылгандарын. Эгер мага сулуулук же акылдын бирин танда дешсе, мен акылдуулукту тандамакмын.
– Сынактын катышуучуларына кандай кеңеш бересиң?
– Эң негизгиси, ар ким өзүнө ишениши керек. Анан, албетте, колдон келген аракетти жумшоо зарыл. Ошондо гана сөзсүз жеңишке жетишет.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg