Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити? Мен «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи Мээрим Жыргалбекова эфирде сүйлөй албай ыйлаптыр» деп угуп калдым. Ошондон кийин эле радиодо үнү угулбай калды. Ыйлаганы чын болсо, ошол үчүн жумуштан кетирип жиберишиптирби? Чын-бышыгын билип бергилечи.
Айгүл, Бишкек шаары.
МЭЭРИМ ЖЫРГАЛБЕКОВА:
– Ооба, жумушка байланыштуу бир нерсеге ызаланып эфирде ыйлаганым чын. Канчалык угармандарга билгизбейин десем да байкалып калыптыр. Бирок радиодон ыйлагандыгым үчүн кетиришти деп айта албайм. Тескерисинче, өзүмдүн каалоом менен эле кеттим. “Кыргызстан Обондоруна” кайра кайрылбайм, чакырышса да барбайм.
Нурмира, Бишкек шаары.
Топтун продюсери КАНАТ КУЛТАЕВ:
– Чындыгында, “Стар Денс” бий тобу акыркы эки айдан бери иштей элек. Себеби топтун хореографы Асел Жакшылыкова чет өлкөгө кетип жаткандыктан, азырынча концерттерге катышуу токтоду. Бирок мен бий топту толук түрдө тарады деп деле айтпайм. Кайсы бир убакыттан кийин кайрадан күйөрмандарды сүйүнтүп чыгып калышы мүмкүн.