2010-жылдын 10-июнь күнү Кыргызстандын тарых барактарында каргашалуу окуя болуп сакталары шексиз. Былтыркы жылы Ошто абал курч болсо да, барып, кандуу калаба жөнүндө репортажды сунуштаган элек. Сапарыбызды улай, бир жыл ичинде болуп өткөн өзгөрүүлөрдү жана бүгүнкү кырдаалды баяндап бермекчибиз.
КАФЕ-РЕСТОРАНДАР КЫРГЫЗЧА АТАЛГАН
Ордолуу Ош шаарына киргенде эле биринчи байкаганым – бир жыл мурункудай куралдуу аскерлер текшерген посттордун жоктугу болду. Кантсе да катардагы адам үчүн автоматтын сүрү жаман эмеспи, андыктан биз үчүн былтыр Оштун босогосун куралчан адамдардын текшерүүсүндө аттап өтүү коркунучту жараткан.
Шаарга кире бериштеги Фуркат айылы былтыркы кейпинен толугу менен оңдолуп бүтө электигин көрүүгө болот. Чакан дүкөндөр ачылганына карабай, өрттөлгөн үйлөр дале турат. Өткөн жылы дал ушул айылдын чоң көчөсүнүн боюндагы төрт дубалы менен эле калган тамдар жүрөктү солк эттирген эле. Шаардын ичи, өзгөчө борбордук бөлүгү башка райондоруна салыштырмалуу жарааттан айыккандай туюлду. Кафе, дарыкана, нотариус, дүкөн, интернет-клуб сыяктуу элге кызматын көрсөткөн жайлар оңдолуп, шаар жаңыланып калгандай сезим калтырды. Мурун кафе-ресторан жана ашканалардын аталышы өзбекче болсо, алар массалык түрдө кыргызчага же башка тилдеги сөздөргө которулганына күбө болдум.
Шаардагы карапайым калк күнүмдүк жашоосу менен алек. Самса жасоочу тандырын кызытып, сатуучулар жашылча-жемишин кардарга сунуштаса, жаш балдарын ээрчитип ата-энелер сейил бакта жүрүшөт. “Июнь окуясынын жылдыгына карата тополоң болот” деген имиштер элди тымызын чочутса да, “өз жерибизден кайда качып бармак элек?..” деген сөздөр мындай дүрбөлөң жаратуучу айыңды четке каккансыйт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Ош шаарында коркунуч жок экендигин, бирок имиштердин негизинде кооптонуу бар экенин айтты.
“ПРЕЗИДЕНТ КЕЛЕТ ДЕП АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ ЖУУП ЖАТАБЫЗ”
Ош шаарынын жетекчилиги 10-июнду Достук күнү деп жарыялаган. Бул күнү курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу иш-чаралар уюштурулат.
Шаардын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: “Бир жылдын ичинде каза болгон жана дайынсыздардын үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу иштери менен көп алек болдук. Жер маселеси боюнча, Жапалак айыл өкмөтүнөн 500 гектар жерди элге бөлүп берип жатабыз. Андан сырткары ушул массивдин уландысы катары Араван районунан 1400 гектар берилет. 10-июнга карата “Энелердин көз жашы” деген монументтин ачылышы болот. Азырынча биз элдештирүү жана тынчтыкты орнотуу менен гана иштөөдөбүз. Жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүүнү бүтүрүшүбүз керек. Буюрса, бир жылдан кийин келсеңиз, Ошту тааныбай каласыз. Азыр Оштон Алайга кеткен жолдо Чыгыш дарбазасы курула баштады, шаарда Манас баатырдын эстелиги, Барсбек кагандын монументи орнотулат”.
Бийлик өкүлү “Энелердин көз жашы” деген эстеликтин кайда экенин айтып берди. Ал мэриянын имаратынын капталында эле жайгашып, жумушчулар эстеликтин тегерегин жышып жууп жатышыптыр. Эстеликке барчу таман таштан бери самындалып жуулганын карап туруп “эмнеге мынчалык?” деп суроо салдым. Жаш жумушчу бала: “Онунда президент келет экен, ошого жуугула дешти. Мына, алтынчы жолу жышып чыктык. Дагы жылтыраганча жууйбуз го”,- дейт.
КИМДИН, КИМДИН ЗАМАНЫ, НОТАРИУСТУН ЗАМАНЫ...
Ош облустук администрация менен мэрия орун алган имараттын алдында документтерин көтөргөн адамдардын изи суубайт. Кагаздарын папкага салган кыргызы да, өзбеги да биринен-бири “дагы эмне керек?” деп сурап жүрүшөт. Үй-турагынан же бизнесинен ажыраган жабыркоочулар өкмөттөн берилүүчү компенсация үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жатышыптыр. Сумкасын колтугуна кысып, ысык күндөн көлөкөгө качкан бир кыргыз эже менин жаныма туруп калды. “Нотариустардын күнү тууду. Кадам сайын ачылышты. Ал кагаз, бул кагаз деп жүдөтүшөт, биз болсо чуркай берип чарчадык”,- деп кейиди.
Буга байланыштуу “Адам укуктары жана демократия” борборунун төрагасы Идирисбек Кубатбековго кайрылдык. Ал: “Биздин уюмдун негизги максаты – калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү. Июнь окуясынан жеке менчик ишканалары, турак-үйлөрү күйүп кеткендердин кожоюндары келишти. Тилекке каршы, кыргыз элине караганда өзбек эли өз укугун коргоо үчүн көбүрөөк келип, активдүү болушту. Документтерди даярдоо жана жардам алуу боюнча өзбек улуту катуу аракет кылып жатышты. Айрым кыргыздарга өзүбүз барып кайрылганда деле кызыгып коюшпады. Кээ бирлеринен “албай эле койдук жардамыңарды. Ансыз эле жашайбыз. Бир баламды үйгө алмаштырбайм” деген сыяктуу жоопторду да уктук. Өзбектер аз улуттук психологиясынан уламбы, бардык тармактар боюнча бири-бирин чакырып, топ-топ болуп активдүү жүрүшөт”,- деди.
Укук коргоочунун айтымында, акыркы учурда өзбек эли кыргыз тилин окутуу боюнча сабактар жакшы жолго салынуусун суранып жатышат. “Бизге ноокаттык өзбек улутундагы мугалимдер келип, “баары бир Кыргызстанда калып жашайбыз. Өзбекстан латын арибине өтүп алган. Бизге өзбек тилинен мурун кыргыз тили керек, ансыз өсө албайбыз” дешти. Алар бийлик тарабынан ушул маселеге чоң көңүл бурулсун деген сөздөрүн айтышты”,- деп улантты И.Кубатбеков.
КЫРГЫЗ ЖИГИТИ БАКТЫСЫН ӨЗБЕК КЫЗДАН ТААП...
Эл аралап жүрүп эки улуттан тең “коогалаңга карапайым калктын эч кандай тиешеси жок болчу, жөн жерден жабыр тартып калышты” дегенин көп угасың. Эки жакты элдештирүү максатында өзбек-кыргыз үйлөнгөн жуптарга жергиликтүү бийликтин 100 миң сом берүү деген акциясын кулагыбыз чалган. Андыктан “Ош шамы” гезитинде иштеген кесиптештер менен чогуу дал ушундай жуптардын бирине конокко жөнөдүк. “ЗАГС алышканына үч эле күн болуптур” деген кесиптеш менен өзбектер жыш жайгашкан айылда басып бара жаттык.
Күйөөсү Ниматулло Курбанбаев 23 жашта болсо, жубайы Барно Жураева 21 жаштагы жуптар бизди тосуп алышты. Экөөнүн кимиси өзбек-кыргыз экенин аңдай албайсың. Анткени күйөөсүнүн көзү-кашы капкара болуп өзбек улутуна өтө түспөлдөштүгү, ал эми аялынын ысымы Барно экендиги таң калтырбай койгон жок. Күйөөсү кыргыз экендигине карабастан, сыртынан өзбекке, ал эми аялы өзбек болсо да, тышкы көрүнүшүнөн кыргыздын эле кызына окшош.
Ноокатта төрөлүп-өскөн Ниматулло биздин суроолуу кебетебизден улам: “Менин атам да, апам да кыргыз. Бирок өзбекке окшошуп кетем”,- деди. Кантип таанышып калганын сурасак, аларды тааныштырганын жана бир көрүп эле үйлөнүп алганын айтышты. Баарынан кызыктуусу, Ошто үйлөнгөн 17 өзбек-кыргыз жуптун ичинен эң соңку датаны алганыбызга карабай, келиндин кош бойлуу экенин көргөнүбүз болду. Барно: “Үйлөнгөнүбүзгө бир жылдай болуп калды, былтыр июнь окуясынан кийин, 16-июлда баш коштук эле. Бир айдан кийин, буюрса, көз жарам. Балага күбөлүк керек деп үч күн мурун каттоого турганбыз”,- деп түшүндүрдү. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөптүр. Журналисттерден толкунданган жаш жуптар кыска-нуска эле жооп беришти. Ниматулло курулушчу болуп иштесе, аялы үй кожойкеси.
– Барно, айтыңызчы, күйөө тарап жуучу түшүп келгенде ата-энеңиз эмне дешти?
– Каршы болушкан эмес. Алар экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө макулдугун беришти.
– Тополоңдон кийин туугандар менен айтышып калуу болгон жокпу?
– Кудайга шүгүр, андайдан алыспыз. Мындай жаңжалдар бизде болбоду.
– Ниматулло, аялыңыздын кайсы тамагын жакшы көрөсүз?
– Бардыгын жакшы көрөм. Тамак тандабайм.
– Буюрса, балаңыз төрөлсө, атын ким коёсуз?
– Врачтар уул дешкен. Аман-эсен төрөлсө, Куран китептен карап, анан ысым беребиз деп отурабыз.
АЯККЫ СӨЗ ОРДУНА ТАКСИСТТЕР
Шаардын ичинде каттаган таксиге улам бир жакка баруу үчүн түшүп отуруп, алардын айдоочулары менен сүйлөшүп калып жаттым. Тыпыйган Тико таксилеринин кожоюндары өзбектер экен, дээрлик баары депутаттардан кем калышпай (ысымдарынан да толук кабардар), өлкөнүн саясий абалына өз баасын берип жатышты. Кыргызча даана сүйлөгөн өзбек айдоочулары: “Комиссиялар түрдүү сөздү айта берип жүдөтүштү. Мына, өткөндө июнь окуясы боюнча депутаттардын сүйлөгөнүн угуп отурдук. Бирок өзбек деп баарын жалпылап салган туура эмес да, мисалы, мага окшогон өз тиричилигин эптеп жүргөндөр миңдеп саналат. Аларга согуш да, саясат да керек эмес болчу. Күндө наныбызды издеп тытынып иштеп жүрсөк, саясатка балээ барбы?”- деп жатышты.
Ошентип, кызуу талкуу менен Бишкекке кетчү жайга да келип калдым. “Бир орун калды” деген кыргыз айдоочуга жүктөрүмдү сала баштадым. Бир аздан кийин ал мага: “Сенден башка кардарларым өзбек, эгерде чогуу кетпейм десең, азыр айтып кал”,- деди. Балким, Ош шаарында коогалаңдан кийин эки жактын тил табышуусу кыйынга туруп жатканын дагы бир ирет байкадым. Бирок өзбектерди өөн учуратпаганым үчүн чогуу жолго чыктым. Окуусун эми аяктаган өзбектер Казакстан жана Орусияга иштегени баратам десе, экөө АКШга окуусун улантууга баратканын айтышты. Айдоочу былтыркы жылдан бери Бишкектен Ошко эмес, Оштон Бишкекке карай жүздөгөн өзбектерди алып келгенин айтып берип отурду. Көбүнесе өзбектерди ташыганы үчүн да өзбекчени эне тилиндей өздөштүрүп бүтүптүр.
Адам өз тагдырында эмнелерге гана тушукпайт? Бирок былтыркы жылдагы Ош окуясы сыяктуу жалпы элдик трагедияда улам жараатты жаңыртуунун ордуна анын тез айыгып кетиши үчүн жан үрөшүбүз керек. Анткени абал качан өз нугуна түшкөндө гана өлкө алга карай өнүгөт. Илгертеден “уруш болгон жерден ырыскы качат” деген сөз белгилүү. Андыктан кайсы бир чагымчылдын айынан тутанган оттун калдыгын тазалап алууга Кыргызстандын ар бир атуулу аракет кылуусу керек.
P.S. Эмки сандарыбызда кепти Ош шаарында эң көп талкаланган райондордун бири – Черёмушкада орун алган поликлиниканын баатыр хирургу жөнүндө улантабыз.
Эльвира Караева
koom@super.kg