БОЙДОН ТҮШКӨНДӨН КИЙИН СӨЗСҮЗ ТАЗАЛАТУУ КЕРЕКПИ?

БОЙДОН ТҮШКӨНДӨН КИЙИН СӨЗСҮЗ ТАЗАЛАТУУ КЕРЕКПИ?
– Бойдогу бала доктурлардын кийлигишүүсүсүз өз алдынча түшүп калса деле ооруканага барып, жатынды сөзсүз тазалатуу керекпи? Мая, Бишкек.
– Кандайдыр бир себептер менен бойдон өз алдынча түшүп калган күндө деле врачка сөзсүз кайрылуу керек. Врач болсо жатынды тазалоону жүргүзөт. Себеби, бойдон түшкөндө түйүлдүктүн бардык ткандары түшпөй калуусу мүмкүн. Ичте калгандары болсо узакка кан агууларга жана жыныс органдардын инфекцияга дуушарлануусуна жеткирет. Ошондуктан, бойдон түшүүдөн соң тазалатуу кажет.

”СҮЙҮҮ” ВАННАСЫН КАНТИП ДАЙЫНДАСА БОЛОТ?
– Дүүлүгүүнү чакыруучу ванна жөнүндө угуп келем. Бирок, аны эмнеден жана кандайча даярдоо жолдорун билбейм. Ушул боюнча кеңеш берип койсоңуздар. Малик, Каракол.
– Эң жөнөкөйү лавр жалбырагынан ванна даярдоо болуп эсептелет. Анткени, лавр жалбырагында адамды дүүлүгүүгө жеткирүүчү заттар бар. Ал үчүн лавр жалбырагынын аракка ачытмасын (настойка) ваннадагы сууга кошуу керек. Таасири күчтүү болсун десеңиз, лавр жалбырагынын настойкасы менен мажүрүм талдын бутагын кошо колдонуңуз.

ТӨРӨЙ ЭЛЕК КЕЛИНДЕР ДЕЛЕ ЭРОЗИЯ МЕНЕН ООРУЙБУ?
– Курбум турмушка чыккандан көп өтпөй эле алиги жагы ооруксуп, дарыгерге көрүнсө “жатын моюнчасынын эрозиясы” деген диагноз коюптур. Ушундан улам жатын моюнчасынын эрозиясы деген эмне жана төрөй элек келиндер деле ооруй береби деп сурайын дедик эле. Же бул эркектин жыныстык мүчөсүнүн терең киргенинен уламбы? Алдын ала рахматыбыз менен Гүкү, Мира, Кант.
– Эрозия – иммунитеттин төмөндөшүнөн, гормондордун бузулуусунан, жыныстык инфекциялык оорулардан, жатын кынынын дисбактериозунан, жыныстык сферанын сезгенүүсүнөн жана башкадан улам келип чыгат. Ушул себептен бул ооруга төрөгөн да, төрөбөгөн да аялзаты учурайт. Ошондуктан, эркектин жыныс мүчөсүнүн терең киргени же кирбегени роль ойнобойт. Эгерде курбуңузга “жатын моюнчасынын эрозиясы” деген диагноз коюлса, анда кечиктирбей дарыланууга өтүү керек. Болбосо оорунун өнүгүп кетиши күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан