Түштүк аймагы боюнча Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун азыркы кырдаал боюнча кыска маегин сунуштайбыз.
– Сиз бул кызматка келгенге чейин депутат болуп турдуңуз. Июнь окуясынын күбөсү катарында экс-кесиптештериңиздин изилдөөсүнө кандай комментарий бересиз?
– Бир топ комиссиялар Ош коогалаңына байланыштуу өз жыйынтыгын чыгарып жатышат. Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия, андан кийин Киммо Кильюнендин эл аралык комиссиясы өз жыйынтыгы менен тааныштырды. Анан депутаттар. Бирок элдин күткөнү ар кандай жыйынтыктар эмес, туруктуулук менен тынчтык.
Депутаттардын комиссиясы жалпы жыйынтык чыгарбай, Токон Мамытов, Жылдыз Жолдошева жана Исмаил Исаков өз жыйынтыктарын элге айтып беришти. Бекеринен “талаштан чындык жаралат” дешпейт. Парламенттин расмий жыйынтыгы да жакын арада чыгып калса керек. Азыр мамлекеттик кызматта тургандыгыма байланыштуу мурунку кесиптештеримдин жыйынтыгына комментарий бере албайм. Бирок алардын акыйкат чечим чыгарарына толук ишенем. Мен депутат болуп турганда да парламенттин Июнь окуясына баа берүүсүн колдогом. Мамлекеттин бүтүндүгү жана калктын келечеги үчүн да бул окуяга чекит коюлушу зарыл.
Баса белгилей кетейин, эл ансыз деле баарын билет жана жакшы түшүнөт. Эл, болгону, чыдамсыздык менен үч-төрт суроого жооп берүүчү билдирүүнү күтүп жатат.
– Июнь окуясынын бир жылдыгына карата коопсуздук чаралар жетиштүүбү?
– Жылдык жакындаган сайын тынчтыкты каалабаган кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүүдө. «Ош коогалаңы кайталанат» деген ушактардын жайылышы жана “Чөөлөрдүн сааты” деген китеп менен дисктердин чыгып кетиши бекеринен эмес. Мындан улам кооптонуу пайда болуп жатат. Мен кызматка келгенден бери ар бир райондун эли менен жолуктум. Саясий коомдук абал туруктуу. Былтыркы жылы күч түзүмдөрүнүн көптөгөн кемчиликтери даана байкалган. Анткени чогуу иш алып баруу кыйла аксаган эле. Мындан сырткары Июнь окуясын уюштурган сепаратисттер менен максатына толук жетпей калгандар ар кандай акция уюштурушу мүмкүн. Бизде “башка өлкөдөн келген чоочун адамдар террордук акт жасашы ыктымал” деген маалыматтар бар. Ал боюнча күнү-түнү оперативдик кызмат иштеп жатат. Иштин жаңы планын иштеп чыктык. Биз Июнь окуясын кайталоого жол бербейбиз деп ишенимдүү айта алам.
– Күч органдарында иштеген кызматкерлердин курал жана техникалык жабдуусу кандай? Былтыр милиция кызматкерлеринин “бир дубинка менен жүргөнбүз” дешкени эстен чыга элек.
– Ал эле эмес, бронежилет да жок болчу. Азыр милициянын атайын даярдалган бөлүмүнүн (СОБР) саны эки эсеге жогорулаган, алардын бронежилети, каскасы жана курал-жарактары жетиштүү. Кээ бир кемчиликтердин болгонуна карабастан, парламент да, президент да колдоп жатат. Бийликтин коопсуздук үчүн түштүккө чоң көңүл бөлүп жатканы чындык.
Эльвира Караева
koom@super.kg