АЯЛ САЯСАТЧЫ ЭМНЕНИ КААЛАЙТ?
Депутат Ширин Айтматованын интернет баракчасына жазган ойлорунан бир шиңгил.
– Аял – саясатчы... Ал ким? Ал өзүнүн эркек кесиптештеринен күчтүүрөөк болуусу керек дедик. Сени менен эсептешсин десең, алардан жакшыраак иштөөгө туура келет. Саналуу гана мырза өзүнүн жашоосун саясатчы аял менен өткөрүүнү кааласа керек. Анткени ал парламенттик делегация менен ар кайсы жактарга барып, түнү менен учакта саясатты талкуулап, келери менен Жогорку Кеңештин жыйынына чуркап кетсе, түнгө карай гана үйгө, уктап калган кызынын жанына кайтат эмеспи. Кызым менин үйгө келишимди асмандан конфет жаагандай кубануу менен тосуп алат.
Москвада мен биринчи жолу Келдибековдун ушунчалык чарчаган абалын көрдүм. Буга чейин аны менен тил табыша албай, спикерди душман сыпатында гана көрүп келген болчумун. Москвадан “Шереметьево” аэропортуна депутаттар менен чакан автобуста келе жатканыбызда үч саат бою “аялдын саясатта болушу кандай?” деген кепти талкууладык. Дагы бир жолу, жок, негизи бул көп кайталанат, мен эркектердин чөйрөсүндө жалгыз аял катары көп нерсени айтып бердим. Алар тамашалап, “аял депутаттардын күйөөлөрүнө медаль тапшыруу керек” деп калышты. Кийин сүйлөшүү учурунда аял депутаттардын тең жарымынан көбүнүн ажырашканын же жесир экендигин түшүндүк.
Москвадан таңкы саат алтыда учуп келип, 11лерде парламенттин чоң жыйынына жетип бардым. Таптакыр уктабаган Келдибеков эбак эле кызуу дискуссия жүргүзүп жатыптыр. Ага аябай боорум ачыды. Анткени чынын айтуу керек, чарчагандан менин көздөрүм өзүнөн-өзү жумула баштаган. Мен саясаттын дал ушул жагдайын сыйлайм. Көпчүлүк саясатчынын эрки укмуштай күчтүү. Кыска убакыттын ичинде саясаттын ушул сапатын жактырдым. Англиялык жазуучу жана саясатчы Жефри Арчер айткандай, “саясат мага Оксфорддо окуп жүргөндө эле жакчу, себеби саясат тармагында гана таң эрте да, түнү да дайыма өтө кызыктуу”.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Бул материал толук вариантынан кыскартылып берилген, өзү Табудан эмес, Ширин Айтматованын Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынганын айта кетели...)))
Ширин Айтматовадан коп ийгиликтерди кутсок болот,
Кыргызстанда ушундай татынакай саясатчылар бар экенин билбепмин. уже 3 жылдан бери алыстамын, Кыргыздарды унутуп калбасам эле болду.
Туну-куну уктабай журосунор иштеп, жыйынтыгы жок, элди кыйнап буттунор уяты жоктор, кечее кыргызстанга звонок кылып азык тулуктун баасын угуп алып тобо дедим, силер байсынар ачканын кардын билесинерби? дагы тамшанып койот Келдибековдун чарчаганын коруп, ал кишигего вообще соз жок
аялбы эркекпи негизи ыймандуу болуш керек жон эле курук созду айта бербей
ишинизге ийгилик,сизди мен сыйлаймын,алгаааааааааа кызынызды коп жалгыздатпаныз,
Кызыныз абдан татынакай экен.24 саат бою эркелетип жанынан чыкпай журо бере турган жагымдуу экен."Кызым менин үйгө келишимди асмандан конфет жаагандай кубануу менен тосуп алат" деп балалыктын баалуулуктарын, эне мээриминин чексиздиктерин таамай суроттопсуз. Улутубуздун улуу инсанынын кызы экениниз дароо байкалыптыр. Кызынызды мен дагы мекендеш агасы катары, адам катары абдан жакшы коруп калдым.Анын мотурайган суроту,апасын конфет жаагандай кубанып тосуп алганы журогумо жылуулук берди
Ширин Айтматова, Кыргазстандын азыркы жана кийинки саясатына чыдап Кыргазстанда калашыныз керек. Айтматованын акыркы Ош окуясын парламентеги талкуусундагы "артисттер" жонундогу созу эн орундуу жана айла жоктон айтылган соз болду. Кыргыз тилин жакшы уйронуп, Мамлекетибизге (элибизге)Атаныздан ашырып кызмат кылыныз!
tuugandar realduu nerseni jazsanar a4ygyn aytyw kerek bul ejebiz sayasat4y bolo albayt men uwun4alyk naarazy bolup kaldym otkondo parlementte suylogonun klorup uwun4alyk kapa boldum kak budto ozun teyatrda oturhanday sezet eken toobo kyldym anday bolso Deputat bolboy ele koyboybu
Сизди коруп суктанып жатам.
Аял үйдүн куту. Саясаттын эмес...
Ширинкага коп асылбагыла. Ал аялзатынын окулу. Ал улуу инсандын кызы. Ал бир кыздын апасы. Ал сулуу.