КӨЛБАЕВ – «БАҢГИЗАТ ПАДЫШАСЫ»

Чыгыштан батышка жөнөтүлгөн товарлар тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Кыргызстан жолдору аркылуу да өтөт эмеспи. Мына ушул жолдордо адамзаттын эң коркунучтуу душманы болгон баңгизаты да ташылары сыр эмес. Чоң бизнеске айланган бул иштин кожоюну аталган Камчы Көлбаев дүйнөдөгү «баңгизат падышаларынын» катарына киргизилди.

БАҢГИЗАТ БИЗНЕСИ
Өткөн аптада АКШнын президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң кооптуу делген «баңгизат падышаларынын» тизмесине 7 адамды кошту. Алардын катарында Кыргызстандын жараны, учурда издөөдө жүргөн “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев да жүрөт. Калган алтоонун экөө Мексиканын, экөө Кениянын, бирөө Ооганстандын, дагы бирөө Колумбиянын жараны. Кыргыз баласынын мындай тизмеге биринчи кириши. Дегеле мурунку советтик өлкөлөрдүн ичинен Камчы Көлбаев бул “кара тизмеге” кирген алгачкы адам болду. Ооганстандан тонналап батыш өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн баңгизат бизнесин мурдагы бийликтин тушунда экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев, Камчы Көлбаев жана кылмыш чөйрөсүндөгү таасирдүү адамдардын бири Алманбет Анапияев көзөмөлдөп турганы маалым.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып 7-апрелден кийин Жаныш Бакиев Тажикстандагы «баңгизат падышаларынын» биринин үйүндө жашырынып, өлкөбүздөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизгенге аракет кылганын билдирди.
Маң заттары боюнча эксперттердин айтымында, 1 килограмм таза героиндин орточо баасы Ооганстанда 600 доллар турат. Тажикстанда анын баасы 2000 долларга чыкса, Ошко келгенде 4000 долларга жетет. Ошол эле 1 килограмм героин Бишкекте 8000-10 000 доллар болсо, Москвага жеткенде анын баасы 50 миң долларга чыгат.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ
Ушундай эле баңгизатын сатуу жана жайылтуу кылмыш иштери менен Кытай, Орусия жана Казакстанда 200дөн ашуун Кыргызстандын жарандары камакта. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Айдит Эркин билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы Орусияда 159 жана Казакстанда 34 жараныбыз мыйзам чегинде жазага тартылган. Ушул жылдын алгачкы беш айында коңшу казактар дагы 8 жараныбызды кармашкан. Ал эми Кытайда бүгүнкү күндө ушундай эле кылмыш иши боюнча 10 адамдын күнөөсү аныкталып, ал жактагы абактарда отурушат. Мындан башка дагы бир кызыбыз Жибек Сакеева былтыркы жылы Индонезияда баңгизат менен кармалып, жакында 10 жылга эркинен ажыратылды.

КАМЧЫНЫН ОРДУН КИМ ЭЭЛЕЙТ?
Акыркы күндөрү эл арасында кара-балталык Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, түбү таластык, “Сакал” деген каймана атка конгон У.Токтосуновду Дубайда жашырынып жүргөн Көлбаевдин ордуна отургузууга аракеттер болуп жаткандыгы айтылууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
UvE
2011-06-14 14:51:16
Kubanychbekkagan Алар менен Колбаевди билбейм сен кантип салыштырып жатасын?! Алар дуйнолук масштабдагы террористер, а Колбаев-дуйнолук масштабдагы наркобарон катары кирди тизмеге, а тизмеге тушкондор-АКШга кирууго мумкун эмес же кирсе кармоону билдирет, а Колбаевге издоо салууга АКШнын тыйындай акысы да жок, досум! Керек болсо андай тизме ар бир мамлекетте болот, мисалы, биздин тизмеде негизгилер болуп К.Бакиев, А.Акаев, К.Батыров ж.б. Фантазиянды да толковыйраак жургузчу, паника кылбай,дозум!)
0
Kubanychbekkagan
2011-06-14 15:03:00
UvE ммм да... ушунча жашка келип, саясаттын күнгөң-тескейин түшүнө элек экенсиң да. Сага суроом: АКШнын кимдер башкарат? АКШдагы 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттар эмне үчүн жасалган? ушул экөөнө жооп берчи анан мен сенин билимиңдин деңгээлин айтып берем.
0
UvE
2011-06-14 15:04:09
Kubanychbekkagan "Кыргызстандагы болуп өткөн революцияларга ким көмөкчү болду. Демократия демиш болуп, АКШнын КГБсынан келип, ошол революцияларды жасаганын билесиңби?" Ушунча эл билбей, бир гана сен билгенин тан калтырып жатат да. Мумкун билеттирсин, ФБРдан кимдер келгендигин, аты-жонун да жазып койсон жакшы болмок.
0
UvE
2011-06-14 15:11:33
Kubanychbekkagan Мен "типа" саясатчы болгум келбейт жана болгонго желание деле жок! Анан да мен озумдун билимимди фонтазер типа-саясатчыга баалаткым да келбейт))Мага берген суроолоруна эгер озун жооп билсен анда мен кучтуумун деп журо бер, суйунуп.
0
Kubanychbekkagan
2011-06-14 15:45:26
UvE мен сага таң калып жатам. Ушунча жүрүп, ошолор боюнча маалыматың жок экенине. Акылы жетик башына жүн чыгып ой жүгүрткөн мектептеги окуучулардан бери билет бул нерсени. Ал эми Кыргызстандагы революция деген документалдуу видеотасма бар ошону таап көрсөң болот. Эки гана кишиси келип 24-марттагы чаң тополоңду уюштурганын. Суроолорго болсо жооп берүүдөн тайсалдаптырсың демек андай деңгээлд
0
info
2011-06-14 16:07:50
Kubanychbekkagan жана UvE, силерге эскертүү, жеке тирешүүңүздөр үчүн купуя кат бар, ошол жакка жазгыла. Бул жерде материал боюнча тулкуу болуш керек. Эрежени бузбагыла, эскертүүнү туура кабыл аласыздар дейбиз.
0
suli86
2011-06-14 16:52:47
Бул жанылык суйунотурган эмес тескерисинче окундуротурган десем болот. Наркобарон кара тизмесине биздин атуулду киргизуу коомго жана мамлекеттке эскертуу конгуроо, башкача айтканда биз автоматтык турдо бангизаттын айланышын контролдоого алыбыз жетпей жатканын белгилеп турат (Сомали, Ооган ж.б.). Акыркы мезгилде УКТ (уюшкан кылмыштуу топ) лидерлери жана мучолору жаштарыбызга озунчо эле улгу катары болуп калды. Жаштарыбыз ошолорго окшош болгусу келгенин мисалы Кыргызстандагы мектептериндеги рэкети
0
suli86
2011-06-14 16:55:52
Жаштарыбыз ошолорго окшош болгусу келгенин мисалы Кыргызстандагы мектептериндеги рэкетирдикти алсак болот. УКТ менен бийлик бирдиктуу кадам шилтеп жатканы окундурот. Биз каяка бартабыз деп ойлой баштайсын.
0
salamalik
2011-06-14 20:27:55
Бул жерде бир табышиактуу нерсе бар. АКШ андай эле наркобарондор менен ачык курошо турган ниети болсо, ал адамдарды дуйного маалымат таратпай туруп эле кармоого жондому бар болчу. Жогору жакта айтылып кеткендей, буларды биз АКШ нын ж-а ушуга окшогон державалардын "дуйнону боолуштуруу саясаты" деп тушунууго болот. Кыргызстан, мурунку убактарда анчалык саясий мааниге ээ болбой келсе, азыркы учурда биз Орто Азия чолкомундогу негизги ЧЕКИТ боолуп турарыбыз шексиз.
0
salamalik
2011-06-14 20:42:25
Бул жерде УЧ БУРЧТУК абалында турган державалар: АКШ, РОССИЯ ж-а КЫТАЙ бири-бирин андып турушат.Окундуро турган жагдай, биздин мамлекет саясий-экономикалык жагынан алсыз болуп тургандыгында. Бирок, азыркы убакта мусулман олкосу аталган Иранды эске албай коюуга болбойт. Анткени бул мамлекет, озунун ядролук кубаты жагынан бир канча мааниге экендигин далилдеп койду. Иран АКШнын Орто Азияга карата жургузо турган гео-саясатына тоскоол боло турган номер биринчи "душман".
0
salamalik
2011-06-14 20:52:24
Ал эми наркобарондор жонундо айта турган болсок, булар аталган державалрга саясат жургузууго шылтоо болуп бере турган курал.
Наркобарондорду кармоо бул мамлекеттер учун, жада калса биздин мамлекет учун деле иттен оной. Бирок, алар эмне учун дале болсо эркиндикте журоору айкын корунуп турат.
0
19zamir87
2011-06-15 18:37:01
ого!!! Москвада героиндин баасы 50 миң доллар турат экен.(жашоо керемет)
0
ismail
2011-06-17 19:21:08
Аганы коруп ини осот болуп анын жолун жолдоп, аны колдогондор окунтот. Чынында бул да болсо Американын Кыргызстанга болгон дагы бир саясаты болуш керек. Биздин чондор уктап жатышпаса эле болду да.
0
chinovnik
2011-06-18 10:26:28
АКШга биздин азыркы бийлик башындагылардын саттылганы,корунуп эле турбайбы азыр АКШ бизге крыша болот потом крышабызга атып кететко.Камчы брат толька дерзай
0
Batken
2011-06-18 21:35:14
чын Америка Кытай Россия -Бермуд уч бурчтугу,бири кызыккан олкону талашып согуш башташат,Кудай атамекеним Кыргызстанымды сактай кор.Бермуд уч бурчтугунун миллитаристик саясаты жутуп койбосун
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан