“Ура-а! Жай келди!” деген кубанычты утурлай эс алуу тууралуу сөз козгойлу деп чечтик. Аптаптуу жайда, албетте, бир аз ыкшоо тартып, эс алууну көксөп калат эмеспизби. Андыктан атактууларга собол салып, эс алуу учурундагы эстен кеткис окуялары, быйыл кайда эс алары тууралуу билдик.
ДИНАРА АКУЛОВА:
– Быйыл Түркияга баралы деп жатабыз. Ал жактагы тааныштарым “эс алып кеткиле” деп чакырып жатышат. Буюрса, Малика экөөбүз барып, 1 жума эс алып келебиз.
Бир жолу
– Эсимде, бир жолу кызым Москвада өтчү сынакка катышмакчы болуп, экөөбүз жөнөп калдык. Жөн барбай биротоло 1 жума эс алып келүүнү чечтик. Биз чыккан учак транзиттик экенине, Москвадан кийин Бакуга учарына билет алып жатканда маани деле бербептирмин. Аэропорттон түшүп, трап менен келаткан чемодандарды бери жактан күтүп турганбыз. Мына келет, ана келет десек жок. Көрсө, жүктөрүбүз түшпөй эле Бакуга учуп кетип калыптыр да. Ошентип, эки жума кийимден абдан жүдөгөнбүз.
БЕКЧОРО:
– Чет жерде эс алганда укмуш делген тамагын жесем деле курсагым "ыраазы" болбойт. Ошондуктан быйыл Нарындын тоолорунда аңчылык кылып, тоо текелеринин этинен жасалган куурдак менен курсагымды "сыйлап" келейин деп турам.
Бир жолу
– Түштүк Кореяда бир жума концерт берип, экинчи жумасын эс алууга арнап калдым. Бир өзгөчө көрүнгөн каруселге түшөйүн деп чечтим. Ошол учурда аны тейлеген адам бирдеме деген, бирок мен аны түшүнбөй эле отуруп алгам. Бир маалда тегеренип-тегеренип келип эле шыпырылтып салды. Аппак шым-көйнөк кийип алган элем да, аным майланышып эле калды. Көрсө, тиги корей киши “бул жакка ак кийим менен түшкөнгө болбойт” деп айткан экен.
КЕРИМ ТУРАПОВ:
– Балалыгым өткөн Кызыл-Суу айылына бир туугандар чогулуп, быйыл эс алалы деп жатабыз. Андан кийин көлгө барып бир жума эс алабыз.
Бир жолу
– Анталияга үй-бүлөм менен эс алууга бардым. Алгач үч маал тамагын жеп эс алып жатканбыз. Көбүнчө эс алуучулар барда отурушканын байкап, ал жакта ичимдик, суусундуктардын баасы асманда болсо керек деп барчу эмесмин. 3-күнү астыма тамак коюп жаткан официанттан кызыгып “тигил шарап канча турат?” деп сурадым. Ал мени бир карап алып, “бизде билеттин акысынан баары бекер” деп жатпайбы. Ошентип, калган күндү каалагандай эс алдым. Көрсө, мен өзүбүздүн пансионаттардай эле элестетип алыптырмын да.
КАНАТ БЕГАЛИЕВ:
– Быйыл жайды машыгуучу залда өткөрүп, күзүндө өтчү Дүйнөлүк чемпионатка даярданам. Эгер жеңиш менен келсем, буюрса, үй-бүлөм менен Дубайга же Крымга барып эс алып келүүнү пландап жатам.
Бир жолу
– Келинчегим менен Стамбул шаарына эс алууга барып калдык. Ал жакта чоң базар бар. Мен өзүм базар кыдырганды жаман көрөм. Ошол себептен жеңеңерге чоң суммадагы акча берип, “базар кыдырып кел, саат экиде жолугабыз” деп жөнөткөм. Экиде баштыктарын көтөрө албай келет болуш керек деп күтүп жатсам жок. Улам саат алмашкан сайын ар кандай ойлор келип, чыдамым кете баштады. Ошентип, саат беш болгондо бир баштык көтөрүп алып шашпай келатат. 9 саат дүкөн кыдырып, мага футболка, өзүнө бут кийим эле алыптыр. Кээде жеңеңер ушинтип таң калтырат.
АЙГҮЛ ЧАЛОВА:
– Быйыл мен эс алууну пландаган жокмун. Ансыз деле чыгармачылыгым катуу эс алып калды. Быйыл эл эс алып жатканда, мен иштейм.
Бир жолу
– 2009-жылы Анталияга эс алганы барганым эстен кетпейт. Өзүм кийим алганды жакшы көргөндүктөн, дүкөн кыдырып жүрүп эле кайра келгем. Эртең менен эрте курсакты тойгузуп алып дүкөндөрдү кыдырып, кечинде чарчап келип жатып калмай. Ошентип жүрүп эс алуу мөөнөтүбүз тез эле бүтүп калды. Учактан түшүп келатканда чемоданым ачылып кетип кийимдерим чууруп калыптыр. Карасам, сатып алган өтүгүмдүн бир түгөйү жок. Көрсө, башка чемодандардын арасына түшүп калыптыр. Аны алганы барсам “бир түгөйүн көрсөтүңүз, чын эле сиздикиби?” деп кечке текшеришкен. Өтүгүмдүн экинчи түгөйүн көрсөтүп, далилдеп бергенде гана беришкен.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg