Кериле басып, керме кашын серпе ырдаган Кундуз сахнага чыкканда бойдок жигиттер өпкөсүн аябай кыйкырып, алакандар ысыгыча кол чаап калышат. Анткени бул ырчы кыз чырай жүзү менен көп күйөрман топтоп келет.
МЕН ЭҢ БИРИНЧИ ЖОЛУ...
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
– Кундуз, кош келипсиң. Өтө назик жан болгондуктанбы же бойдок жигиттердин көзү тийип кетеби, айтор, көп ооруйсуң...
– Баары жайында эле. Ысык-суукта той-топурда, концерттерде жүрө берип, суук тийип калат окшойт. Анын үстүнө кээде чакыруулар көбөйүп кеткенде жакшы эс ала албай да калам. Ошoлордун баары биригип өз таасирин тийгизди го, бир аз сыркоолоп, санаторийде дарыланып чыктым. Учурда чыгармачылыкка жаңы күч менен кириштим.
– “Бала чагымда уялчаак экенмин” деп айтып калчу элең. Кийин сахнага чыкканда бул нерседен кантип арылдың? Дегеним, сахнада уялчаактыктын кереги жок эмеспи.
– Эстесем, 5-6 жашымда эле ырчы болом деп кыялданчу экенмин. Туугандарым “кана, бизге ырдап берчи” дешсе, уялып качып кетчүмүн. Ошондо апам “сени ырчы кылбайм. Мынчалык уялчаак болсоң кантип ырдайсың?” деп намысыма тийчү. Анын сөзүнө арданчумунбу, дароо көйнөгүмдүн этегин кармап Наташа Королёванын “Маленькая страна” деген ырын созуп калчу элем. Кыскасы, уялчаактыгымды апам жөнгө салды. Кийин мектепте, ЖОЖдо окуп жүргөндө да ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келдим.
– Ырчы болуп калышыңа апаңдын таасири тийген экен да...
– Ооба, ырчылык өнөр апамдан өтсө керек. Анын баскан-турганын карап, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, андан искусствонун бир чебери чыкмак беле деп калам. Аябай жакшы ырдайт. Азыр боёнгонумдан тарта сахнада жүргөнүмө чейин апамдын сынынан өтөм. Сынчым да, сырдашым да – апам. Бир туугандарым менин кесибиме анча кызыга беришпейт. Байкем мамлекеттик кызматта иштейт. Эки эжем үй-бүлөлүү.
– Сахнага чыккандагы алгачкы кадамың эсиңдеби?
– 11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамымды таштагам. Ал кезде ырчы болууну самап жүрсөм да, чыгынып ырдап чыга албай жүргөн элем. Эсимде, Спорт Ордосунда чоң концерт болорун угуп, кимден экени эсимде жок “бизди программага кошуп койгулачы” деп суранганбыз. Ошондо чоң сахнага чыкканда сүрдөгөнүмдү айтпаңыз, бутум титиреп, айлана тумандап... Кийинчерээк топто ырдаш кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечтим.
– Эмнеге продюсер менен иштешпейсиң?
– Буга чейин Мурат Жолукеев менен иштешчүмүн. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова эже жакшы жардам берди. Антпесе мен жаңы чыгып жатканда Спорт Ордосу менен Актан Исабаевдин студиясын эле билчүмүн. Азыр болсо бардыгын өзүм билип калдым, продюсерсиз эле иштей алам.
– Ыр жаздыруу, клип тарттыруу жагынан ким демөөрчүлүк кылат? Же ырдап тапканың жетеби?
– Апам жардам берет. Анын чакан бизнеси бар. Тойлордо, чоң-чоң компаниялардын концерттеринде тапкан каражат деле мени нааразы кылбайт. Тапканымдын баарын өзүмө, чыгармачылыгыма жумшайм. Акчага сарамжалмын. Жөн салды чачкым келбейт. Тапканымдын баарын апама карматам.
– Сахнада биз назик, созулган Кундузду тааныйбыз. Үйдөгү, достор арасындагы Кундуз кандай болду экен?
– Үйдө деле ушундаймын. Үй жыйнайм, тамак жасайм. Кээде апам “жай кыймылдайсың” дейт. Бир үйдүн кенжеси болгонгобу, апама азыркыга чейин эркелейм. Дайыма эле созулуп жүрө бербейм. Менин деле жиним келген, ачууланган учурларым болот. Ал эми достор арасында тамашакөй жанмын.
– Бай, белгилүү мырзалар арасында эл көзүндө жүргөн жаш, сулуу кыздарды «ээлеп» алмай деген адат көп байкалат. Сага тор жайгандар болду беле?
– Жок, андайлар болгон эмес. Негизи, мен мындай сунуштарга такыр макул эмесмин. Турмушка сүйүү аркылуу гана чыккым келет. Бул сезимди жогору баалайм жана аздектейм.
– Демек, бул сезимиңдин ээси бар деп түшүнсөк болот экен да...
– Азыр сезим жөнүндө сөз кылгым келбей турат. Ар нерсенин өзүнүн айтылчу убагы бар.
– 1-Апрель – Күлкү күнүнө карата “спортчу Данияр Көбөнов Кундузга үйлөнөт” деген тамаша иретинде кабар жазган элек. Кандай кабыл алдың?
– Данияр Көбөновду мен спортчу катары гана тааныйм, сыйлайм. Мен аны менен сүйлөшмөк түгүл жакындан көргөн эмес элем. Тамаша экенин түшүнбөй калган туугандарым, тааныштарым мага, апама чалып, “эмнеге бизди тойго чакырган жоксуңар?” деп таарынышты. Азыркы убакка чейин куттуктоолор менен чалып жатышат.
– Ырчылардын көпчүлүгү өзүлөрүн кино тармагында сынап көрүшүүдө. Сени бул тармактан көрө алабызбы?
– Сунуштар болгон эмес дебейм, болгон. Бирок алардын дээрлик бардыгы мүнөзүмө ылайык келбеген ролдор эле. Бир келген өмүрдө киного да тартылсам деген ниетим бар.
– Сен пенcия курагына келип калдың дейли. Ошол учурдун бир күнүн элестетип айтып бере аласыңбы?
– Бул суроо берилгенде эле негедир мотурайган балдар көзүмө элестеп кетти. Мен көп балалуу болгонду кыялдана берем. Анан пенсия курагына келип калганда кетирейген неберелеримди жетелеп сейил багында жүргөнүмдү элестетип кеттим. Анан да менин эң жакын адамдарым – апам жана туугандарым менен чоң дасторкон үстүндө буркурап кайнаган самоордун чайын чогуу ичип отургум келет.
– Сөздү тандап сүйлөйсүңбү же оюңа биринчи эмне келсе айтып алып өкүнгөн учурлар болобу?
– Сөзгө маани берип айтканга аракет кылам. Бирок көпчүлүк учурда оюма биринчи эмне келсе айтып, таарынтып алган убактар көп кездешет. Ушул сапатымдан улам бир жолу жакын курбу кызымды катуу таарынтып алгам.
– Маегибизди сенин акыркы жаңылыктарың менен жыйынтыктасак.
– «Алгачкы сүйүүм» деген ырыма клип тарттырып жатам. Бул чөйрөдө жүргөнүмө 6 жыл болуп калыптыр. Буга чейин мени ким таанымак эле деген ойдо болчум. Акыркы убакта “жеке концертиңди качан бересиң?” дегендер көбөйдү. Буюрса, күзүндө борбор калаабызда жеке концертимди берсемби деп пландап жатам.
– Анда чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Дамира Арстанова
star@super.kg