ЖОЛ БОШОТКУЛА, «ОЛИМПИАДАЧЫЛАР» КЕЛАТАТ!

Апта башында бал­бандар Данияр Көбөнов, Талант Жекшенов, Азат Дөңбаев жана КРнын Студенттик спорт федерациясынын президенти, дзюдо, самбо жана эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Шаршен Касеновдон сүйүнүчтүү кабар уктук. Алар спорттун олимпиадалык түрлөрүнө кирген спорт түрлөрүнө колдоо көргөзүү максатында коомдук бирикме түзүлгөндүгүн кабарлашты.
Бирикменин директорлугуна шайланган эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Талант Жекшенов: “Бирикмени түзүү идеясы спорт интернатынын бүтүрүүчүлөрүнө таандык. Ал эми анын башкы максаты – спортко колдоо көргөзүү”,- деди. Ал эми Шаршен Рахимович буларга токтолду: “Кыргыз спортчуларына эл аралык мелдештердеги жеңиши үчүн сыйлыктын өлчөмүн он эсеге көтөрүүнүн үстүндө иштөөдөбүз. Андан тышкары Кожомкул атындагы эл аралык биринчиликте сыйлык фондуна 300 000 сом бөлүп жатабыз. Катарыбызда ата мекендик спорт үчүн күйгөн, оокаттуу адамдар көп. Алар өз каражатынан жардам берүүгө даяр”.
Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов: “Кезинде каражаттын жетишсиздигинен улам көптөгөн мелдештерге барбай калган учурлар болгон. “Олимпиадачылар” бирикмеси андай көрүнүштөргө жол бербейт”,- деп баса белгиледи.
Спорт коомчулугу жаңыдан түзүлгөн бирикмеге зор ишеним артып, революциялык кадамдар менен ата мекендик спорттун өнүгүшүнө салым кошот деген пикирлер айтылууда. Бирикменин мүчөлүгүнө кирген аттуу-баштуу инсандар өз аттарын жарнамалоону туура көрүшпөсө да, "олимпиадачылардын" катарында алгачкы кыргыз олимпиадачысы Сейботал Мурсалимов (“Рим-1960” Олимпиадасына ат спорту боюнча катышкан), Каныбек Осмоналиев (оор атлетика боюнча "Москва-1980" Олимпиадасынын чемпиону), Кенжебек Өмүралиев (эркин күрөш боюнча СССРдин жана Европанын чемпиону), Руслан Түмөнбаев (грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалчысы) жана башкалар бар экенин билдик.


СЕКС-СИМВОЛ КИМДИ СОТКО БЕРДИ?
“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2009-жылдын мыкты спортчусу”, футболчу Азамат Байматов 6-июнда Украинага жөнөп кетти. Ал “Заря” футболдук клубу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Эсиңиздерде болсо, “кыргыз футболунун секс-символу” атка конгон Байматов үстүбүздөгү жылдын башында “Севастополь” командасы менен болгон келишим 90га чечилгенин кабарлаган. Бирок дале “Дордойдун” курамында ойноодо. Муну ал украин тараптын каражат маселесинен улам баш тартканы менен түшүндүрдү. Клубдун жоопкерсиздигине жини келген Азамат сотко кайрылган. Учурда бул иш боюнча сот чечим чыгара элек. Кышкы трансферде жолсуз кайткан футболчубуз: “Бул жолку сапарымдын негизги максаты – ылайыктуу футбол клубун табуу”,- деп кошумчалады.

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Жол бошоткула, "олимпиадачылар" келатат!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
akiykat
2011-06-13 09:59:46
супер инфо, эмиль кенжесариев жонундо маек даярдабайсыздар? ал чыгаан футболчу, бирок, эли-жерин сатып кеткен. эмне учун элин сатты деген суроого жооп уккуум келет...
0
Tosha
2011-06-13 17:52:00
D.Kobonov judop kalgan go:)
0
ksb
2011-06-13 20:24:43
Кобонов-красавчик!
0
UvE
2011-06-14 20:16:33
Наша гордость! Молодцы, буларды только колдоо керек!
0
leo10
2011-06-16 01:18:01
Азамат давай футболду онукторгуло кыргызстанда, может дуйнолук чемпионатта бизда ойноп калаарбыз. молоток, Сабырдын тубу, сары алтын деген жери бар.Анан европага барышка аракет кыл,балким Барселонада ойноп калаарсын.Эми айтса коп эле
0
chinovnik
2011-06-18 10:10:34
Кыргыздын желегин спорт менен тааныталычы.
0
Sama81
2011-06-19 12:25:50
Данияр азамат Кыргызстандын атын которгон жигит. Жанарбек да деп Самаган
0
kyrgyzajym
2011-06-19 22:59:53
KYRGYZSTAN ALGA!
Ijgilik silerge sport4ular!
Maga da Ijgilik kaalajm!
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан