– Балдардын “алигиси” канча жашында эң чоң өлчөмгө ээ болот? Башкача айтканда, кайсы куракта өсүүсүн токтотот? Муке, Ош.
– Жыныстык жактан өсүп жетилүү 16-18 жаш куракта токтойт. Бул аралыкта эркек жыныстык жактан калыптанып бүтөт. Кээде өсүү процесси кечеңдесе, “алиги” 20 жашка чейин өсөт.
КОШУЛГАНДАН КИЙИН КҮЙӨӨМДҮН МУРДУ КАНАЙТ
– Төшөктө жыргалга баткандан кийин күйөөмдүн мурду аздап болсо да канап кетет. Бул коркунучтуубу? Эмне кылсак болот?
– Мындай учурда мүмкүн болушунча кан басымды текшертүү керек. Эгер кошулуудан соң кан басымдын көтөрүлгөнү байкалбаса, анда чочулабай эле койсоңуздар болот. Кокус кан басымдын жогору экендиги байкалса, анда күйөөңүз невропатологго кайрылып, дарылануусу кажет.
– Аялым экөөбүз кээде тырп этээр алыбыз калбай калгыча кошулабыз. Анан ошол кучакташкан боюнча уктап калабыз. Эгер кошулгандан кийин “алигини” аялдын жыныс кынынан суурубай эле уктап калса эмне болот? Же аялдын жыныс кынына терс таасир тийгизеби? Туку, Токмок.
– Сиз айткандай, кээ бир жубайлар төшөктө эстери оогуча кошулушуп, күйөөсү “алигисин” суурубастан, экөө кучакташкан бойдон уйкуга кетишет. Мунун эч кандай денсоолукка (аялдын жыныс кынына) зыяны жок. Уктап жатканда кыймылдап кетсеңиз, “алиги” өзү эле чыгып кетет.
– Укканыма караганда, эркектин спермасы суюк болот экен. А менин күйөөмдүн бел суусу бирде суюк да, бирде уюгандай коюу. Ошондуктан, “бул эмнеси?” деп сурайын дегем. Күйөөмдө кокусунан оору жокпу? Дариха, Нарын.
– Эркек көпкө чейин жыныстык катнашта болбой калса, бел суусу коюу тартып калат. Тескерисинче, бат-баттан болуп турса, суюк болот. Андыктан, кокус боюңузда болбой жүрсө, анда күйөөңүздүн спермасын анализден өткөрүү кажет. Ал эми жөндөн-жөн эле сырткы көрүнүшүнө карап тынчсыздануунун кереги жок.
– “Жыргалдын туу чокусуна чыккан кезде башка кан куюлуп өлүп калууга да болот” деп угуп, ишене албай жатам. Ушундай болушу мүмкүнбү? Саку, Бишкек.
– Күтүлбөгөн жерден башына кан куюлуп, жүрөгү токтоп көз жумуулардын бир гана пайызын жыныстык жактан кошулуудагы көз жумуу түзөт. Ошондуктан, оргазм учурунда көз жумуу чындыкка караганда теорияда өкүм сүрөт деп кабыл алыңыз.
– Күйөөгө тийгениме жарым жылдан ашты. Төшөктө экөөбүз абдан төп келишебиз. Бирок, мен дүүлүккөнүмдө “алиги” жагым өтө сууланып кетет . Мен ушундан уялам. Сурайын дегеним, суу кайдан чыгат жана сууну чыгарбай коюуга болобу? Нур, Жалалабат.
– Аял дүүлүккөндө жыныс кынынын капталдарынан атайын суюктук бөлүнүп чыгат жана бул – табигый көрүнүш. Андыктан, суюктукту чыгарбай коюуга мүмкүн эмес. Ал суюктук кошулуу кезиндеги жагымсыз сезимдерди (мисалы, оорутууну) билинтпей турган касиетке ээ.
– Мен 16 жаштамын. Мени тынчсыздандырган нерсе, менин эмчегим өскөнсүп жатат. Бир жерге барганда элдин көзүнчө чечингенден уялам. Мен гермафродит эмесмин. Анан неге эмчегимдин өсүп жатканына түшүнбөйм. Ушуга жооп берип койсоңуздар.
Маку, Ош.
– Эркектердеги эмчектин өскөндөгүдөй абалы “гинекомастия” деп аталат. Өспүрүм балдарда (13төн 18 жашка чейин) мындай көрүнүш кездеше берет жана табигый көрүнүш катары каралат. Ошондуктан, тынчсызданба жана уялба! Мындай көрүнүш дагы чоңоё түшкөнүңдө жоголуп кетет.
– Күлсөңүздөр күлүңүздөр, бирок, ушундай болуп жатса эмне кылам?! Мен гороскоп боюнча букачармын. Эротикалык гороскопто менин төшөктө мыкты ойнош боло ала тургандыгым жазылган. Бирок, иш жүзүндө андай болбой жатат. Кандай кылсам болот? Валя, Бишкек.
– Эгер сиз гороскоп боюнча букачар болсоңуз, анда сиз азырынча төшөктө жакшы өнөктөш боло турган өзүңүздүн “букаңызды”, башкача айтканда, эркегиңизди жолуктура элексиз. Андай адам жолукса, гороскобуңуздун туура чыккандыгын сезишиңиз мүмкүн.
– Жубайым кээде мени төшөктө аялча кийинтип, анан кошулууну самай турганын айтып калат. Буга менин бир четинен күлкүм, бир четинен жиним келип, макул болбойм. Аялым ооруга чалдыккан эмеспи? Самар, Бишкек.
– Аялыңыздын андай сунушун оюн катары кабыл алганыңыз оң. Психологиялык жактан алып карасак, мүмкүн, аялыңыз кичинекейинде кыздарга көп кошулбай, курбуга жарды болуп өскөндүр. Бул аң-сезимге таасир берип, азыр деле жанында жакшы курбусунун болуусун самоого алып келип жаткандыр. Андыктан, туура түшүнүп, жакшы курбу табуусуна жардамдашыңыз. Аялча кийинтсе, кийинип коюңуз. Мүмкүн, андай оюн сиздерге болуп көрбөгөндөй рахат тартуулайт.