(Башы өткөн сандарыбызда)
Эртеси эле Ширинбектин атасы Москвадан келип калды. Ата-баланын жолугушуусу экөөнө тең оор эле. Атасы бир аз картая түшүптүр. Экөө бир топко кучакташып турушту. Анан атасы көзүнүн жашын тамчылатып кечирим сурады.
– Кечир, балам! Балтыр этиң ката электе иштегенге мажбур кылдым. Бирок сени менен сыймыктанам, балам,- деди. Ээрчишип кафеге барып, кечке сүйлөшүп отурушту.
– Мен кайра Москвага кетем, балам. Сага жолугуу үчүн эле, аман экениңди өз көзүм менен көрүү үчүн эле келдим. Күзгө чейин иштеп, анан биро- толо келем.
– Эмнеге андай кыласыз?
– Дагы бир аз иштейин. Иш калды...
– Ата, үйдөгүлөрдү сагынган жоксузбу?
– Кантип сагынбайын, балам? Кыздарым көзүмдөн учту. Бирок биротоло жүзүм ачык болуп, иштерди бир жаңсыл кылып алайын.
Көпкө талашып-тартышышты, бирок Ширинбек атасын көндүрө албай койду. Эртеси базарга чыгып, атасы Ауди үлгүсүндөгү машина алып берип, таякесин айдатып айылга жөнөттү. Бишкектен айылга болгон жол аябай узак болуп туруп алды. Карындаштары биринен өтүп бири көзүнө элестеп, элеп-желеп болуп баратты. Түн жамына үйгө кирип келишкенде, күтүп турган карындаштары Ширинбекти басып жыгылышты. “Кучактап өөп алалычы” деп бири-биринен талашат. Карындаштарынан эптеп өтүп, апасы менен зорго саламдашты. Апасынын сүйүнүчтөн көзүнө жаш алып жатканын да сезди. Баягы эле Бурулай карындашы акесин уктатпай түнү менен сүйлөп отурду. Кызыгы, Ширинбек минип келген машинага эч ким деле көңүл бурган жок.
Таң ата Мыктыбек абасыныкына жөнөдү. Короосуна кирип барса, абасы сарайдын алдында отурган экен. Чуркап барып эле кучактап калды. Ширинбекти абасы кайра-кайра өпкүлөп, “келдиңби, балам?” деп көзүнө жаш тегеренип жатты.
– Келдим, аба. Күүлүү-күчтүү турасызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Жакшы, кулунум. Кантсе да өз эл, өз жерибизде турабыз да. Бизге эмнеге кабатырланасың, балам? Көп акча табам деп алыска кетип, бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн силер аман жүргүлөчү, аман келгилечи! Болду барбагылачы Орусияга! Өмүр жутар жер экен го. Кумар акең тигинтип... Айылдан үч азамат бир кышта өлүп келди,- деп жатты көзүнөн жашы чубурган абасы.
Дасторкон үстүндө көпкө баарлашып отурушту. Мыктыбек абасы бир маалда:
– Канча акча иштеп келдиң? Мага акча керек. Үйүңдү албайсыңбы кайра?- деди.
Мындайды күтпөгөн Ширинбек “ооба” же “жок” дей албай отуруп калды.
– Эмнеге акча керек?
– Керек да. Ал үй Кумарыма буюрбаптыр. Үйүңдү кайра ал.
– Тагдыр ушундай экен да... Кайрат кылыңыз, аба!.. Макул. Түштөн кийин акчаны алып келип берем. Ошончо эле акчабы?
– Ооба, ошончо...
Ширинбек үйүн кайра кайтарып алганына кубанып жатты.
– Баса, мен машина алдым. Эми сизди машинама гана салып жүрөм айылды аралай.
– Кут болсун машинаң! Анан барып көрүп кетем.
– Аба, Карачаң кайда?
– Маңдайдагы мүрзөнүн капталында аркандалып турат. Карасаң, мүрзөнүн тиги боорунда Кумар акең жатат. Үйдө ары басып, бери басып жүрсөм, уулум мени ошол жерден карап тургансыйт. Чуркап үйгө кирип келчүдөй боло берет. Каралдым кийинки кездерде башкача болуп, тез-тез телефон чалып калган. “Аз эле калды. Бир аз акча топтосом эле жаныңа барып калам” дечү. Кумарымдын мени таштап кеткенине башында такыр ишенбей жүрдүм. Айтчы, мага анын акчасынын кереги бар беле? Маңдайымда аман-эсен жүргөнү эле жетиштүү болчу...
Мыктыбек абасы күбүрөнүп көпкө сүйлөп жатты. Абасынын муң-зарын көпкө угуп турганга дарманы келбей, Ширинбек Карачаңына жөнөдү. Ылдыйдан чыгып бара жатканда эле эзелки таанышын көргөндөй, “адам келе жатат го?..” дегенсип, аты көзүн албай карап турду. Барып эле мойнунан кучактап туруп калды. Карачаң да “эмнеге мынча узак убакытка жоголдуң?” дегенсип, бышкыра ордунан туйлап алды.
Ширинбек атына минди да, тоо тарапка аттын оозун коё берди. Дилине жакын өз жерине, керемет кооздукка келгенине тагдырына миң мертебе ыраазы болуп атын чаап бара жатты.
(Аягы)
Залкарбек Карабалаев