АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Түшүнбөй калдым. Анан эмне “Элдардан тартып алам” деп тантырап жатасың?
– Менин намысымды тебелеп, апаң экөөң кыйын болуп үйдөн чыгып кеткениңерде өзүмө сөз бергем, “сөзсүз бай, ийгиликтүү ишкер болом. Эл алдында жүргөн, далай кыздын көзүн күйдүргөн мырза болом” деп.
– Куттуктайм! Максаттарың ишке аша баштаптыр.
– Ооба, көп нерсеге жетиштим. Бирок эң негизгисин айтайын, ошондо “бир күнү ушул кыйынсынган сулууну бут алдыма чөгөлөтпөсөм, атымды башка коём” дегенмин. Ошол максатым аткарылчу күн улам жакындап келе жатканына кубанычтамын.
Мени жылмайып тиктеп алып ушул сөздөрдү айтып жатты. Бир кезде мени сүйгөн, мен үчүн баарына даяр болгон жигит мени бут алдына чөгөлөткүсү келет экен.
– Мдаа, фантазияң жакшы өнүгүп­­түр. Албетте, ийгиликтериңе кубанычтамын. Үйлөнүпсүң, андыктан бакыт каалайм. Бирок жанагы “чөгөлөтөм” дегениңди мээңден такыр эле чийип, тазалап ташта. Анткени ал нерсе болбойт. Тапанча такасаң да, чөгөлөп, сенден бир нерсе сурабайм. Экөөбүздүн ийгилигибиз үчүн!
Мен да нагло жылмайып бокал көтөрдүм.
– Демек, чечтикпи?
– Эмнени?
– Максатың мени чөгөлөтүү экен. Мен ал нерсе эч качан болбой тургандыгын айттым. Эми мени, менин күйөөмдү жайына коёсуң, келиштикпи?
– Ай-ай-ай, Айдай, алтыным ай! Иштин баары эле сен азыр айтып тургандай опоңой чечилип калса, эл жыргап жашамак да.
– Сенин философияңды угуп отурууга убактым жок. Айтарымды айттым. Элдарга бут тосконуңду токтот! Азыр ойлонбосоң, кийин катуу өкүнүп каласың!
Шарт туруп жөнөгөндө каруумдан булка кармап токтотту.
– Билип кой, сени ал карыган чалга ыраа көрбөйм!
– Аны сендей акмактардын миңине да алмаштырбайм!
– Ой-ой-ой, кандай гана жалындуу сөздөр! Айдай сулуунун сүйүүсү ушунчалык жалындуу! Ушул жалынга өрттөнүп гана кеткиң келет, чиркин!
– Коё бер дейм!
– Бир аз чыдай турчу, ммм, жытың керемет го!
Бул эмне, мени кучактап өпмөкчү болуп турабы? Денем жыйрыла түштү. Жаакка шак тартып жибермекчи болуп көтөрүлгөн колумду карылуу кол кармап калды.
– Аял коё бер десе, коё берүү керек, Айдар мырза. Күчкө салып өбүү – алсыздык.
Кулак түбүнөн чыккан Элдардын үнүн угуп жүрөгүм түшүп калды. Кайдан пайда боло калды? Эсимди жыйгыча бир үн чыгып, Айдар жерге күп дей түштү. Кафедегилер не кыларын билбей жарданып туруп калышты.
– Элдар, Элдар, кереги жок, урба! Колуңду булгаба, кереги жок! Жүрү кеттик.
Күйөөмдү жайына койсом, ушул азыр Айдарды жанчып таштачудай. Алым жетпесе да колуна жабышып, сүйрөп чыгарып кеттим. Сыртта айдоочусу менен жан сакчысы турган экен, түрүбүздү көрүп, жүгүрүп ичкери жөнөштү. Аларды да токтотууга туура келди. Жаны кашайганда карарып чыкмайы бар. Күйөөмдүн өңү кара көк тартып, галстугун бошотуп, жакасын чечип, өзүн токтото албай жатты. Тээ көптө барып мага бир тийди.
– Сага эмне дедим эле?!
Өмүрүмдө биринчи жолу мага кыйкырышы. Үн катпай жалдырап туруп бердим.
– Айда, кеттик!
Менден чыгара албай калган ачуусун айдоочусунан чыгарды.
Эмне үчүн анын айтканына кулак салбай Айдар менен жолугууга барганымды күйөөмө көпкө чейин түшүндүрүүгө туура келди. “Жайына кой, аны менен эрегишпе” деп суранып жаттым. Билбейм, айтканыма муюдубу же өз оюн берген жокпу, айтор, ошол окуянын айынан мага үч күн бою тултуюп жүрдү. Эгер Разия келбесе, дале жазылмак эмес.
Бүгүн Разия келди. Мурдагыдай болтойгон кыз жок, суналып, сынына чыга түшүптүр. Аны көргөндө эле Арстан эсиме түшүп, көзүмө жаш тегеренип турду. Арстандын каза тапканын Разияга айткан эмеспиз. Элдар “келгенде угар, азыр өзү алыста жүрсө, ушул жаман кабарды айтпай эле коёлучу” деген болчу. Бул кыз менен анда-санда эле сүйлөшпөсөм, аябай жакын эмесмин. Баарыбыз менен учурашып, Искенди көтөрүп өөп жаткан кызды жалдырай тиктеп турдум. Элдар жумушта. Азыр Арстанды сураса эмне дейм? Ал сөзсүз сурайт. Кантип айтам?
– Искентай, чоң жигит болуп калган турбайсыңбы, мени сагындыңбы?
– Ооба, сагындым. Сен келдиң, а Арстан таякем келбей койду. Мага айтпай асманга учуп кетиптир.
Мына сага, бала деген бала тура! Эч нерседен бейкапар айтып салды.
– Асманга?
– Ии, учуп кетиптир.
Мага суроолуу тигилген каректерге көз жашымды көрсөтпөй, жүзүмдү буруп кеттим.
– Айдай, эмне деп жатат бул балакай?
Разияга үн катып сүйлөй албадым.
– Искентай, жүгүрүп барып Айна эжекеңе айтчы, дасторкон жайсын, Разия эжем келди де.
Уулум чуркаган боюнча чыгып кетти.
– Биз Арстандан ажырап калдык.
Башка кеп айта албадым. Бечара кыз оозунан сөзү түшүп, өңү купкуу болуп дубалды сүйөнө отуруп калды. Эч нерсе дебеди. “Кайда, качан, кантип?” деп сураштырган жок, жалдырап гана көз жашын куюлтуп отура берди. Сөздү өзүм баштоого аргасыз болдум.
– Элдар сени окуусунан алагды кылбайлы, баары бир азыр келе албайт дегенинен мен да айтканым жок. Төрт ай болуп калды...
– Эмне, оорудубу?
– Жок, бир жаш кызды машина уруп кетерде сактайм деп... Жаракаты деле оор көрүнгөн эмес. Биз барганда балдак менен басып, сүйлөп, күлүп эле жүргөн. Анан эле таң эрте чалышты... Ошол боюнча аны тирүү көрбөдүк.
Шок абал өтүп, шумдук кабар Разияга эми жетти көрүнөт, буркурап ыйлап кирди. Колу менен тамдын боорун муштап, жер тепкилеп ыйлап жатты. Эх, Разия, ушинтип ыйласаң эле Арстан жарк этип кирип келсе кана! Андай болчу болсо, мен жер-сууну бузуп ыйлаганга даяр элем. Бирок ал келбейт. Ал бизди биротоло таштап кетти.
Разиянын чатагын көрүп Элдардын түнөргөн кабагы ого бетер түнөрдү. Ата-бала кер-мур айтышканга да үлгүрүштү.
– Сиз мени Кытайга кубалап ийбей, Арстан менен сүйлөшкөнүңүздө бул балакет болбойт болчу. Эмгиче неберелүү деле болуп калмаксыз!
Ый аралаш ушинтип кыйкырып жатты кызы. Айла кеткендеги сөз да. Мен да Ажарга ушинтип жинденип жүрбөймбү. Экөө катуу кеп айтып, көңүлдөрү кала электе арага түшүүгө туура келди. Аягында экөөбүз солуктап, Элдар да жашып отуруп калды. Жашырганы эле болбосо, анын деле ичи ачышып жүрөт, ушундай өрт жигиттин жаш өлүп кеткенине.
– Бүгүн Айдардын ири көлөмдөгү контрабандалык товарын кармашты.
Түндө өзүнө келип, кызы, уулу менен аркы-беркини сүйлөшүп кабагы ачылган Элдар сөз баштады.
– Сенин буга катыштыгың барбы?
– Мен ачык аралашканым жок. Өтө чоң суммадагы товар. Кутулуп кете албайт го.
– Элдар, суранам...
Сөзүмдү сүйлөтпөй оозумдан жулуп кетти.
– Билем, билем... Андай иштерге аралашайын деп менин деле көзүм учуп турган жок. Бирок мобу жөжө короздун тизгинин кичине тартып коюуга туура келип жатат. Сен тынчсызданба, баары жакшы болот.
Баары жакшы болот... Ушул сөздү укканда денем дирт дей түштү. Арстанды ооруканага калтырып, өзүбүз мейманканага келип түнөгөндө да Элдар ушинтип айткан эле. Бирок... тескерисинче болгон...

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жазгүл Калыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Arstan
2011-06-20 19:32:48
Айдар да олот окшойт эми.
0
Batken
2011-06-20 20:04:54
Арстан тируу болсо керек
0
cosmopolit
2011-06-20 22:01:15
кызыктуу жерине келип бутуп калганы негизи кызыктуу болот го интриговать этип...ажиотаж болуп журо бересин
0
asyl
2011-06-20 22:49:14
Элдарды олтуруп кетишип,Айдайдын турмушу бузулуп ал да олот окшойт.суроттогугу жансыз жаткан Айдай да...
0
Supsuluu
2011-06-21 01:07:33
Айдардын суйлогондору жакты, антпесе Айдаи озун ото эле ханыша сезип алды эле. Менин ойумча да Арстан олбогон болуш керек. Кооптон эле жазгылачы-автор!
0
жоогазын
2011-06-21 01:43:16
кызык болуп баратат
0
Janyla
2011-06-21 04:54:14
эхх..чыдавай калдым...китебин таппасам болвойт)))
0
Айдай
2011-06-22 13:29:42
Арстан тируу болсо.....элестетуу кыйын.
0
Gumaw
2011-06-22 17:04:22
мен да окуп жатып ойлоп кеттим Арыстан тируу болсо керек деп. О Кудай Арыстан тируу болуп калса экен))))
0
samaraaa
2011-06-22 17:21:54
блин аябай жагат ушу роман!ушунчалык Арстанды коргум келип жатат,а то кече эле Айдай аны мактай берет го!)))))))))))
0
nur12
2011-06-24 10:50:41
Мдa.... Кызык . Кeлeрки сaнындa эмнe болор экeн.......
0
janaiumka
2011-06-24 16:28:06
Жүрөктү ооруп бүтмөй болду.
Деги качан бүтөт:
0
Eldiar
2011-06-25 13:04:41
Какиш окуйм дейт
0
ELIMA91
2011-06-25 13:05:21
арстан жок кызыксыз болуп калды мага
0
merka
2011-07-01 12:44:14
кызыктуу болуп жатат. эртерээк бутсо экен
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан