ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.

«ЖЕҢИШ, КАБАРЫҢДЫ БИЛДИР»
– Мен 43 жылдан бери көрө элек бөлөмдүн уулу Сатыбалдиев Жеңиш Токтошевичти издейм. Анын апасы – Турсун, атасы – Токтош. Жеңиш 1968-жылы күз айларында Өзгөн районундагы Мырзаке айылында төрөлгөн. 1967-1968-жылдары атасы Өзгөндө автобазада башкы инженер болуп иштеген. Кырсык айтып келбейт экен, бөлөм Анжиян-Ноокен жолунда автокырсыкка учурап каза болду. Анын сөөгүн туулуп-өскөн айылы Мырзакедеги Обком кыштагына койгонбуз. Андан кийин апасы Турсун баласын жетелеп төркүнү Чүйгө алып кеткен бойдон кабар үзүлдү.
Турсун, мен колуктум Каныкей экөөбүз уулуң Жеңишти куттуктап Өзгөнгө барганыбыз эсиңде болсо керек. Азыр ошол кезде төрөлгөн уулум Нурсеит 43кө чыгып, бала-чакалуу болуп отурат. Учурда бөлөмдөн калган туякты жолуктуруп, атасы Токтоштун өмүрүндө болгон кыял-жоруктарынан кеп салсам деген үмүт менен жашап келем. Турсун, уулуңду бизге жолуктур,- дейт үмүт менен Бектемир ата (сүрөттө).

Бектемир Кедеев. Т.: 0553 11-08-45,
Бишкек шаары, Царское село,
Ж.Шералиев көчөсү.


«МЕКТЕПТЕГИ СҮЙҮҮМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Мектепте чогуу окуган, 1989-жылы төрөлгөн Жангазы кызы Асылканды издейм. Ал Өзгөндүн Мырзаке районуна караштуу Адыр айылында жашачу. Экөөбүз 4-класска чейин №37-мектепте окудук. Асылкан 2001-2002-жылдары 4-классты бүтүп, Бишкекке же Токмокко көчүп кеткен. Аны мен аябай жактырчумун, балким, балалык сүйүү болгондур. Азыркыга чейин “кайда болду экен?” деп кызыгып жүрөм. Асылкан, бул катты окусаң, кабарыңды билдир.

Санкт-Петербургдан Чыңгыз.
Т.: 0079531479875


“АПАМДЫ ИЗДЕЙМ”
– Мен, Досматова Айнура Бактыбе­ков­на, төрөгөн апам Кожоналиева Акылжанды издейм. Ал 1964-жылы төрөлгөн. Айрым себептерден улам ата-энем эки ажырым жолго кетип, мен чоң апамдын колунда калгам. Азыр 27 жаштамын. Турмушка чыгып, балдарым бар. Эгерде апамды билгендер болсо, кабарлап коюуңуздарды суранам.

Айнура.
Т.: 0551 19-73-69, (0312) 51-50-95


«РУСТАМ, АМАНДЫГЫҢДЫ ТИЛЕП КЕЛЕМ»
– Жалал-Абаддын Аксы районунан Рустам, Залкар, Нурик жана Максат деген досторумду издейм. Биз 2005-жылы апрель айында жолугушкан элек. Залкар деген досубузду Москвага узаткан бойдон көрүшпөй калдык. Рустам (Руслан) экөөбүз убадалашкан мезгил – 2012-жыл да жакындап келатат. Сенин амандыгыңды, ден соолугуңдун дайыма чың болушун тилеп жашап келем. Өтүнүч, бул катты окуп калган достору же таанышы, ким болсо да байланышып койсоңуздар. Силерди сагынган жана урматтаган досуңар Нарындан Айка.

aimel2002@yahoo.com


«БАЛДАРЫМ, СИЛЕРДИ САГЫНДЫМ»
– Мындан 14 жыл мурун кырсыктын себебинен ажыраган балдарымды издейм. Уулум Мамбеткулов Союз Турсунбекович 1987-жылы 3-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Экинчиси Турсунбек уулу Азиз 1989-жылы 11-декабрда, кызым Турсунбек кызы Азиза 1999-жылы 20-октябрда Балыкчы шаарында төрөлгөн. Мен силерди жакшы көрөм жана көргөнгө көзүм төрт болуп жүрөм. Силерди сагындым, мени менен кабарлашкылачы!

Атаңар Турсунбек. Т.: 0559 60-90-68

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп,
бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
EMMI
2011-06-21 20:44:10
Айнура озгорбопсун.Кичиненде дос элек.Эля деген курбу кызын бар эле.Эжен мени мурунку жигитине окшоштура берчуу!!!!Гитарист Эмми.
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан