КООГАЛАҢДА ӨМҮР САКЧЫЛАРЫ ЭРДИК ЖАСАШТЫ

Өткөн саныбызда Ош коогалаңынын 1 жылдыгына карата репортаж менен тааныштырганбыз. Бул сапар Июнь коогалаңында аскерлерден кем эмес, өз жанын аябай, чоң эмгек жасаган медицина кызматкерлери тууралуу сөз кылмакчыбыз.

“ЖАРААТ ЧОҢ БОЛЧУ, БИРОК ТЕЗ АЙЫКТЫ”
Ошко болгон сапарымда Июнь окуясында эң көп талкаланган жана адамдар каза болгон райондордун бирине – Черёмушкага жөнөдүм. Баса белгилөөчү жагдай, Ошто кыргыздар менен өзбектер аралаша жашаган райондор аз. Анын бири дал ушул Черёмушка, ошондуктан да бул жерде чатак өтө курч мүнөздө өткөн. Коогалаңдан кийин “Черёмушкада үй калган эмес, жер менен жексен болуп кетиптир” деген сөздөр кеңири тараган. Тизме боюнча, аталган райондо 56 жабыркоочу бар жана 19 киши каза болгон. Ушундан улам шаардыктар ага “13-район” деген кинонун аталышын ыйгарып алышканын уктум.
Аталган райондогу №4-поликлиниканын башкы врачы Мукадас Кудайбердиева ошондогу өзүнүн башынан өткөргөн коркунучтарды жана оорукананын маселелерин айтып берди: “Биздин үй-бүлөлүк медициналык борбор учурда оор абалда турат. Анткени туш тарабыбыздан курулуш иштери башталып, чаң менен акыр-чикир көбөйүп, мекеменин санитардык талаптарга жооп бериши кыйындоодо. Өткөндө жаш балдарга эмдөө жүргүздүк эле, бир апта өтпөй абсцесс (ириңдөө) башталды. Бирок мэрия жакында оорукананы башка жакка көчүрүп бере тургандыгын айтты”.
Ал эми былтыркы окуяны эске салган башкы врач: “Баарынан мурун мен бизде иштеген Мырза Сыдыков деген хирургду айткым келет”,- деп калды. Өзүнө жолугууга шартыбыз болбой калгандыктан, Мукадас Кудайбердиева баатырдык менен ооруканада калып, ишин таштабаган врач жөнүндө айтып берди. “Ал 10-июнда түнкү нөөмөттө болчу, ошол бойдон бейтапканадан эч жакка чыга албай калган. 18-июнга чейин жалгыз иштеген. Биздин райондо жабыркагандардын баарын кабыл алып, медициналык тейлөө көрсөтүптүр. Сыртта ок жаап жатса, аларга ким тамак алып келмек эле? Ошондуктан ооруканада калган азык-түлүктөн өзү очокко тамак жасап, бейтаптарды тойгузуп да туруптур”,- деди.
Башкы врач өзү 15-июнда гана бийликтен буйрук түрүндө айтылган көрсөтмө менен жумушка чыккан. Ал эми 18-июндан тарта оорукананын башка дарыгерлери да келе баштайт.
“Маселе ушул жерде күчөдү. Анткени жамааттын тең жарымы кыргыздар, калганы өзбектер эле. Келген пациенттер да кыргыздар жана өзбектер. Андыктан аларды кабыл алууда “улутуна карап бөлбөгүлө” дедим. Врачтар биринчи күнү жумушка келишкенде, ар бири өз кабинеттерине кирип кетишсе болобу.
Же электр жарыгы, же газ жок, автобус каттабайт. Кээ бирлери жөө басканда эки сааттык алыстыкка карабай келип беришкен. Анын үстүнө бир кыргыз кесиптешибиздин күйөө баласы тополоңдо жоголуп, ушул күнгө чейин дайынсыз кетти. Мен түшкү тамактануу учурунда кабинеттерди кыдырам. Анан жалаң өзбектер топтолуп алышса, кыргызды, же тескерисинче, кыргыздар чогулуп тамактанып жаткан врачтарга өзбекти кошуп жүрдүм. Жамаат үчүн корктум. Анткени тез аранын ичинде тил табышып кетүүгө муктаж болчубуз”,- деди.
Коогалаңдан кийин психологдорго суроо-талап көбөйгөн. Оорукананын өзүндө болбосо да, эл аралык уюмдар жардамга келишкен. Жаш балдар эле эмес, улуу жаштагылар да психологго бүгүнкү күнгө чейин кайрылып келишет.
Мукадас эже биз менен чогуу ооруканадан чыгып, талкаланган үйлөрдү көрсөтүп: “Кан көп төгүлгөнүнө карабастан, жараат тез айыкты. Кантсе да Оштун эли боорукер жана ак көңүл”,- деп айтты. Ошондой эле бул көчөдө бара жатканыбызда бир жыл мурун сумкасына кичине балта менен бычак салып келгенин эстеп кетти. “Бутум калтырап-титиреп, баштыгымды бекем кармап алып, ушул көчөдөн араң өтүп жүрдүм”,- дейт ал коогалаңдын күбөсү.

ЖАРДАМ БЕРЕМ ДЕП ЖАНЫ КЫЙЫЛГАНДАР
10-июнь күнү кечки ондон башталган коогалаңдын биринчи курман болгондору таңкы жетилерде белгилүү болуп, алардын саны 5 кишиге жетет. Расмий маалыматка ылайык, каза болгондордун саны 500 адамга чейин жетсе, ал эми 2000ден ашуун киши жарадар болгон. Баш аламандык учурунда чакырылган “Тез жардамды” таш бараңга алганы аз келгенсип, медициналык жардам көрсөтүүгө барган врачтарды өлтүрүп койгон учурлар катталган.
Анын бири Ош облустар аралык балдар бейтапканасынын дарыгер-хирургу Касымбек Жусупакматов болду. Ал былтыр 16-июнда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетип, июлда анын сөөгү өзбектер жашаган айылдардын биринен табылган. Быйыл окуянын жылдыгына карата Касымбек Жусупакматовго эстелик коюлду.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун айтымында, коогалаңда дагы бир врач жана мээрман айым өлтүрүлүп, 21 медициналык кызматкер жаракат алышкан.
Ош шаары туш тараптан күйүп-өрттөнүп турганда да, дарыгерлер жанын артык көрүп, жумушунан качып кетишкен эмес. Ооруканаларды куралдуу адамдар басып алууну каалап, ок жаадырганда да алар операция жасоону улантышкан. Мыкаачылык, жырткычтык жана зордук-зомбулук өкүм сүрүп турган сааттарда врачтар жарадарларга жардам берип, өз ишин кылдаттык менен аткарып турушту. Андыктан Июнь окуясынын каргашалуу күндөрүндө элге кызматын көрсөткөн ак халатчандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
samo
2011-06-20 20:11:21
Тазим силерге!!! Урматтуу мусулмандар озбек кыргыз же туштук тундук болунбой! Бир бололу! Бул дуйно жалган!!! Тазим медицина кызматкерлерине!!!
0
melo
2011-06-21 05:11:00
Жаман улут болбойт, жаман адамдар болот! Антсе да Озбектерге Кыргызстандын жараандыгын берип, алардын которvлгон мурдун кенирейтип конvл бурганга ылайык эмес! Им надо относится так, как русские в Москве и в Питере! Бараны блин!
0
arlekino
2011-06-22 10:51:00
Врачтарга таазим... атам 03 иштегенинен улам абдан тушуном..
0
Prokuror
2011-06-22 16:15:18
Албетте иштеп болбой турган кундордо иштешти, азаматтар!!! Ак халатчандарга кол салган акмактарга Алла Таалам озу корсотоор.
0
solnyshko
2011-06-22 17:59:13
Врачтарга рахмат,бирок Касымбек Жусупакматовдун каза болгону аябай окунучтуу болду,ошол олтургон озбектердин балдарын убагында дарылап журсо керек эле,жардам берип,неблагодарные вы озбеки,неновижу вас,кыргыздар ак конулдук кылып койду силерге,биздин ордубузга казактар же орустар болгондо,биринерди да калтырбай кырып жибермек,радуйтесь что остались живы...неновижу озбеков :-(
0
kyrgyzajym
2011-06-24 18:13:37
Kyrgyzdar uluu,ajkol,ak konul el bolobuz.A bizdin jakshylykty bilbegen,kusur sujlogon bashka uluttun okuldoruno naalat.Orustarga oshentkile4i silerdi jer menen jeksen kylyp,baaryndy kyrmak.
Kyrgyz elim amn bolsun!Baarybyz!
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан