Өткөн сандарыбыздын биринде Мирбек Атабековдун бир селкини жандап отурган сүрөтүн чыгарганбыз. Ошондон бери окурмандар тынбай чалып, Мирбектин жүрөгүн багынткан сулуу тууралуу маалымат берүүбүздү сурангандар көбөйдү. «Мирбек баары бир меники болот» деп жинденгени да бар. Биз ар бир окурмандын ою маанилүү экенин эске алып, табышмактуу бийкеч тууралуу билүүгө ашыктык. Издеп отуруп, Мирбек жандап жүргөн кыздын аты Мээрим экенинен, учурда ал окуусуна байланыштуу Малайзияга кеткенинен кабардар болдук. Ырчынын жүрөгүн багындырган кыз Алихандын “Ар дайым сен” аттуу ырынын клибине тартылган. Ал гана эмес, кайсы бир телеканалда алпаруучу да болуп иштеген. Ал эми макалага тиркелген сүрөттөн Мээримдин кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү менен ынак дос экенин байкаса болот. Мисалы, Омар менен.
Мирбекке келсек, ырчы ал сулууну 13 жашынан тарта тааный тургандыгын, бир көрүп эле жактырып калгандыгын жашырган эмес. Ал тургай «убакыт өтүп, кичинекей кыз чырайлуу бийкечке айланыптыр, апама мыкты келин болуп бере аларына ишенем» деп айтканы да бар. Буга чейин “сүйүктүүмө бактылуу мүнөттөрдү тартуулайм” деп келген Мирбек жүрөк ээси чет өлкөдөн келгенде кандай тосуп алар экен? Балким, дароо эле үйлөнүү сунушун киргизип, шоу-бизнестеги таттуу түгөйлөрдүн катарын толуктайт чыгар...