Бул жолу нукура кыргыз жигит Добрдун үйүндө конокто болдук. “Биз жөпжөнөкөй үйдө турабыз” деген рэпер бизди кантип коноктогонуна күбө болуңуз.
ЧАЙ-МАЕК
– Добр, мына үй-бүлө курдуң. Ата-энеңден бөлүнүп, өзүнчө түтүн булатайын деген оюң барбы?
– Ата-энем бөлөбүз дешет. Бирок Жылдызай экөөбүз кеткибиз келбей жатат. Атам өзүнчө үй да алып берген. Жылдызайдын да өзүнүн наамына жазылган үйү бар. Кайындарым “кааласаңар ошол жакка барып жашагыла” дешкен. Бирок мен ата-энемдин, бир туугандарымдын жанынан кетким келбейт. Ата-энеме тамашалап, “силер алып берген үйгө кийин небереңерди бөлгүлө” деп калам.
– Бөлмөлөрдүн баарынан жумшак оюнчуктарды кездештирет экенбиз. Оюнчукка жакын окшойсуң?
– Булар, негизинен, күйөрман кыздар берген жана карындаштарымдын оюнчуктары. Бала чагымда негедир куурчак менен ойночу экенмин. Азыр да эсимде, көздөрү көпкөк болгон татынакай куурчак болчу.
– Бул үйгө качан көчүп келгенсиңер же өзүңөр салдыңар беле?
– 1990-жылы сатып алышыптыр. Ага чейин батирде эле жашасак керек. Өзүңөр көргөндөй, мактанчу деле үйүбүз жок. Бирок ысык мончобуз бар. Башында атам “койчу, ушул ырчылык өнөрүңдү. Андан көрө мончо жагып, дүкөндү иштет” деп каршы болчу. Бир жолу дүкөнгө отургузуп коюшкан. Мен кардарларды тейлебей эле ыр жазып отура берсем керек. Атам жинденип, ыр дептеримди мончого жагып жиберген. Кийин эл мени тааный баштаганда гана талантыма ишеништи окшойт.
– Жылдызай, блокнот, калем сап көтөрүп чуркап иштеп жүргөн жакшыбы же келиндик доорбу?
– Жакында эле жумушка чакыртканынан баргам. Бирок эртеден кечке чейин иштеп калат экенмин. Анан үйдө эле отурууну чечтим. Кийин дагы көрө жатарбыз.
– Сайманы Баткендин кыздарындай сайып, өзүңө сеп камдаптырсың...
– Апам Баткендин кызы болгондуктан, саймачылык өнөр апамдан өтсө керек.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg