Кыздардын кумирине айланган Гу Чжун Пёго (Ли Мин Хо) жетүүнүн ыкмасын билесизби? Анда жаш режиссёр Данияр Абдыкеримовдон мастер-класс алсаңыз болот. Дегеним, учурда “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” аттуу тасма кинотеатрларда коюлуп жаткан кези.
Тарткан өлкө – Кыргызстан
Тартылган жылы – 2011-жыл
Жанры – Комедия
Режиссёру – Данияр Абдыкеримов
Бюджети – 20 миң доллар
Башкы ролдордо – Нурия Тажидинова (Алия), Дархан Эшеналиев (Дастан) жана башкалар
СҮЙҮҮНҮ АЛЫСТАН ЭМЕС, ЖАКЫНДАН ИЗДЕ
Алия – катардагы студент. Ал «Мыкты жигиттер» тасмасындагы башкы каарман Гу Чжун Пёго ашык болуп жүргөн. Сабакта отуруп курбусу Айка менен мелдеше кетет. Эгерде Алия Гу Чжун Пёго турмушка чыкса, анда Айка бүтүрүү кечесинде сахнага жылаңач чыгат, ал эми Алия утулса, окуудан кетмекчи болот.
Тагдыр Алияга сюрпризин даярдап, Дастан аттуу музыкант жигитке жолуктурат. Алия ага Кореяга кетүү үчүн 1500 долларды каяктан табарын билбей жатканын билдирет. Ал эми Дастан сүйлөшкөн кызын күтүп жаткан болчу. Ыйлап жаткан Алияга Дастан колундагы роза гүлүн карматат. Алиянын курбулары гүлдү каяктан алганын сурашканда, ак боз атчан ханзаада белек кылганын айтат.
Алия жана анын курбулары Бека, Жика чоң компанияга менеджер болуп жумушка орношмокчу болушат. Ал жактан 1500 доллар иштеп таап, Алияны Кореяга кетиришмек. Эртеси үч курбу тез даярдалуучу тамак-аш жайына сатуучу болуп иштей башташат. Кечинде ал жайга Дастан келип, Алияны көрөт. Анын Кореяга кетүүсүн тездетүү үчүн ал 20 гамбургер алып кетет. Алиянын окуусуна келип, Дастан экөөнүн жолугушуулары тездеп, дос катары сүйлөшө башташат. Айка Алиянын Кореяга кетишин каалабай, ага каршы аракеттерди тымызын жасай берет. Убакыттын өтүшү менен Алия сүйүү жана бакыт жанында экенин сезип, чогулган акчасына Дастандын кыялындагы гитараны сатып берет.
Айканын интригасынын айынан Алия Дастанга таарынып, сүйлөшпөй калышат. Арадан айлар өтүп, экөө эки жакта кыйналат. Акыры Алия жеңилгенин мойнуна алат. Бирок ал жеңилүүнүн артында бакыт жаткан эле. Дастан менен Алиянын чогуу калганы менен тасма аяктайт.
БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?
Алгач режиссёр Данияр Абдыкеримов боевик жанрындагы тасма тарткысы келген. Бирок аны корей тасмасынын күйөрмандары өтө таң калтыра баштайт. Мындай ракурстагы тасма тартууну режиссёрдун карындаштары сунуштаган.
Тасма корей сериалдарына арбалган, тагыраак айтканда, Гу Чжун Пёну сүйгөн кыздарга арналган. Романтикалык комедия өспүрүмдөргө “алдыга максат коюу менен жашоо керек” деген идеяны бергиси келет. Тасмага 300дөн ашык кыз-жигит келип күчүн сынап көрүшкөн. Эң кызыгы, кыздарга “кореялык мырзаларды сүйөсүңөр” деп таарынган кыргыз жигиттери кастингге корей жигиттерине окшошуп келишкен. Бардыгынын чачы өскөн жана кийинүү стили корей мырзаларыныкындай эле. Кыргыздардын Гу Чжун Пёго окшошконго жасаган аракеттери кино тарткан топту аргасыз жылмайдырган.
Тасмадагы Алиянын ролун аткарган актриса – режиссёрдун карындашы. Баштапкы кино тартуу идеясы да ушул кызга таандык. Ал эми башкы ролдогу Дархан – ырчы. Аны режиссёр интернеттен таап, кастингге чакырган.
КОРЕЙЛЕР БИЗДИН ТАСМАГА КЫЗЫГУУДА
Тасма ушул жылдын 1-мартынан баштап тартыла баштаган. Тартылуу учурунда режиссёрго актёрлордун башын бириктирүү эң оор болгон. Бардыгы студент болгондуктан, аларды сабагынан алагды кылбоо үчүн кечинде, кээ бир эпизоддорду түнү менен тартышкан. Кызыгы – аталган тасма учурда корей телеканалдарын кызыктырып жатканында. Режиссёрдун айтуусунда, Кореядагы эки телеканалдан жана Корея элчилигинен кызыктуу сунуштар түшкөн. Алар бул тасманы Кореяда өтө турган эл аралык фестивалдарга катышууга чакырышкан. Учурда тасма англис тилине которулуп, чет жактарда көрсөтүүгө даярдалып жаткан кези.
Дархан Эшеналиев:
– Аябай кыйналдым. Сценарий боюнча мен Алияны жакшы көрүшүм керек эле. Бирок Алия менин “форматымдагы” кыз эмес экен. Ал кызды сүйбөй туруп, чыныгы сүйүүнү ойноо мен үчүн баарынан оор болду. Бирок акырындык менен ал ролго да кирдим. Негедир тасмадан кийин Кореяга баруу максатым да күч алды. Жамгырлуу, кар жааган күндөр эсимде калды.
Нурия Тажидинова:
– Мен үчүн тасмага тартылып жаткан ар бир күн шаңдуу өттү. Тасмадагы Айка экөөбүз душман болот эмеспизби. Бирок чыныгы жашоодо экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Менимче, тартуучу топтун курамы жакшы болгондуктан, тасмага тартылуу мага оңой болду. Бул менин кинодогу биринчи дебютум. Кийин сунуш түшсө, дагы тартылам деп ойлойм.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg