Акыркы мезгилде чет өлкөлөрдө мыйзам бузуп, абактарда камалып жаткан мекендештерибиз көбөйүп бараткандыгы өкүндүрөт. Өткөн аптада Тышкы иштер министрлиги кытай соту кыргызстандык 3 жаранга карата атууга өкүм чыгаргандыгын кабарлады. Биз бул иштин чоо-жайын билип, чакан изилдөө жүргүзүп көрдүк.
ӨКҮМ АТКАРУУ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ТОКТОП ТУРДУ?
Кыргызстандык 3 жаран кандайча Кытайда өлүм жазасына тартылды? Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда аталган мекеменин Консулдук кызмат департаментинин директору Айдит Эркин төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кыргызстандык үч жаран Кытай өлкөсүндө эки кытай бизнесменди өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Кытайда иштеген кыргызстандык бизнесмен менен кытайлык өнөктөштөрдүн ортосунда келишпестик чыккан. Анан ал Кыргызстандан эки кишини Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна чакырып, аларды кытайлык эки бизнесменди өлтүрүү үчүн жалдаган экен.
Алар 2007-жылдын 15-октябрында ошол кытай бизнесмендерин өтө мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Жалданма киши өлтүрүүчүлөр 3 күндөн кийин чек арадан чыгып кетерде полиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар кармалгандан кийин тергөө иштери болуп, 2008-жылдын 10-мартында биринчи сот отуруму болгон. Иш кайра тергелип, биздин жарандардын күнөөлөрү далилденип, 12-июнда үчөөнү (буйрутма берген бизнесмен жана ал жалдаган 2 жаран) өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан. Мекендештерибиз Кытайдын Жогорку Сотуна апелляциялык арыз жазышат. Арыз каралып, өкүм өз күчүндө калтырылган. Анын үстүнө өлгөн кытайлык бизнесмендердин туугандары да “күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек” деп арызданышкан.
Ошентип, 2010-жылдын апрель айында соттун өкүмү аткарылмак, бирок бизде революция болуп кетип, өкүм дагы узартылган. Биздин министрлик өлүм жазасын өмүр бою абакка алмаштырууну кытай өкмөтүнөн суранган. Бирок кылмыш аябай мыкаачылык менен жасалгандыгына байланыштуу биздин суранычыбызды аткаруудан баш тартышкан. Андан кийин дагы өтүнүч менен кайрылып, президентибиз Роза Отунбаеванын, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жана Тышкы иштер министринин атынан үч кат жөнөткөнбүз. Ошондуктан бир жарым жыл өкүм аткаруу токтоп турду. Эми өлүм жазасы каалаган күнү ишке ашырылышы мүмкүн. Өлтүрүлгөн кытайлык бизнесмендердин туугандары да “эмне үчүн өкүм аткарылбай жатат?” деп сотко басым жасап жатышыптыр. Камалган жарандарыбыз азыркы тапта Гуандун провинциясындагы Фошань шаарынын түрмөсүндө камалып жатышат.
Айдит мырзадан өлүм жазасын күтүп жаткан жарандарыбыздын аты-жөнүн сурасак, “туугандарынын кызыкчылыгы үчүн алардын уруксаты жок атай албайбыз” деп баш тартып койду. Болгону, буйрутма берүүчү башка улуттун өкүлү, аткаруучу экөө кыргыз экендигин билдик.
ЧЕТ ЖЕРДЕ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛГАН БООРДОШТОРУБУЗ КӨП
Кытайдын мыйзамдары катуу экенин сиз да угуп жүрсөңүз керек. Учурда калкынын саны жагынан биринчи орунда турган өлкөдө кылмыштын 59 түрүнө өлүм жазасы каралат. Кытайдын түрмөлөрүндө жогорудагы мекендештерибизден сырткары дагы 12 жараныбыз ар кандай кылмыштары менен камалып жаткандыгы маалым. Алардын көпчүлүгү контрабанда менен кармалгандар. Өкүндүргөн нерсе, ушул тапта чет өлкөлөрдө баңгизаты менен кармалган кыргыздардын саны барган сайын көбөйүүдө. Кытай, Орусия жана Казакстанда баңгизатына байланыштуу кылмышка шектелип же соттолуп абактарда жаткандардын саны 200дөн ашат (көбү Орусияда).
БИЗДЕ “ЗАКАЗЧИКТЕР” СУУДАН КУРГАК ЧЫГЫП КЕТИШЕТ
Кытайда буйрутма киши өлтүрүүнүн ачылышы кадимки көрүнүш сыяктуудур, биздин өлкөдө болсо жалданма киши өлтүрүүлөрдүн саны көп болгону менен, алардын көпчүлүгүнүн бети ачылбайт. Ачылган күндө да заказды аткаргандар гана кармалып, ал эми буйрутма бергендер көшөгө артында кала берет.
“Жалданып киши өлтүргөн” деп шектелип кармалган адамдардын көпчүлүгү да убактылуу камоо жайларында же СИЗОдо ар кандай себептерден улам каза болуп калышат. Буйруртма берген адамдар ушундай жол менен артын тазалашары айтпаса да түшүнүктүү. Тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү буйрук берген кишилерди кармап, аларга айып тагуу өтө оор экендигин белгилешет. Айрым бир жалданма киши өлтүрүүнүн артында ким тургандыгы оперативдүү маалыматтардан билинген менен, далилдөөчү так фактылар болмоюнча алардын күнөөсүн мойнуна коюу кыйынга турат.
2005-2006-ЖЫЛДАР – КИШИ ӨЛТҮРҮҮ БОЮНЧА РЕКОРД
Бакиевдин убагында 30 буйрутма киши өлтүрүү катталган. Бул боюнча 2005-2006-жылдар рекорд койгон. Март ыңкылабынан кийин белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергенов, милиция кызматкери Уран Алиев, кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болуп каза болушкан. “Буйрутма киши өлтүрүүлөрдү аткарган” деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн көбү кайра эле жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан каза болушкан.
Буйрутма менен өлтүрүлгөн белгилүүлөр:
Бул белгилүү адамдардын кээ бирин өлтүргөндөр кармалышты делгени менен, анын бирөөсүнүн да “заказчиги” кармалып, сот жообуна тартылган эмес. Бул жагынан алганда Кытайдын укук коргоо жана сот органдары бир топ адилеттүү экенин моюнга алуу керек.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg