КИНО РЕЙТИНГДЕРИ

Ар бир эле кинофильм көрүүчүлөргө, алардын ичинен балдарга оң таасирин тийгизе бербейт. Ошондуктан, Америкада фильмдерди тандоо боюнча уюм түзүлгөн. Балким, ал уюмдун көз карашы биздин элибиздин менталитетине дал келе бербейт. Эгер андай уюм бизде жаралса, америкалыктардыкынан да катуу талап менен тандоо жүргүзүлмөк. Антсе да жаңы тасма сатып алаарда дисктин сыртындагы жазууга көңүл бурсаңыздар ашыктык кылбас.

Тарыхтан
1966-жылдын май айына чейин фильмдер эки категорияга бөлүнчү: МРАА сертификаты бар жана МРАА сертификаты жок. Бардык эле фильмдерди минтип экиге бөлүп коюу туура эмес экени билингенден кийин аларды өзгөчө түрлөргө бөлүү чечими кабыл алынган. 1968-жылы учурдагы рейтинг системасынын алгачкы варианты иштелип чыккан.

МРАА деген эмне?
ММРА уюму (Motion Picture Association of America – америкалык кинофильмдер уюму) – тасманын тагдырын чечүүчү уюм. Жөнөкөй сөздөр менен айтканда, кино жана мультипликациялык фильмдерди “сорттоо” боюнча адис. Бул уюм көрүү­чүлөр­дүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша фильмдерди бир нече түргө бөлүп көрсөтүүнү сунуштайт. Уюм эл аралык деңгээлде болбосо да, ата-энелерге балдардын, өспү­рүм­дөрдүн психикасына ыңгайлуу тасмаларды тандоого көмөк­төшөт. МРАА уюму киносынчынын кызматын аткарбайт жана кандайдыр бир фильмге “жаман-жакшы” деп баа бербейт. Жөн гана тасмадагы кээбир эпизоддордун өспүрүмдөр үчүн зыяндуу маалымат алып келээрине жол бербөө боюнча иш алпарат.

Учурда МРАА уюмунун рейтинги төмөнкүдөй:
Рейтинг G – жаш өзгөчөлүгү жок.
Мындай рейтинг мазмунунда балдар психикасына терс таасирин тийгизе турган маалыматы жок фильмдерге ыйгарылат. Бирок, бул тасма жалаң гана балдар үчүн тартылган дегенди билдирбейт. G рейтингине көп учурда үйбүлөлүк комедиялуу тасмалар, мультфильмдер татыктуу болот. Мисалы, “Бороон алып кеткендер”, “Мырза Бин”, “Аладдин”, “Рататуй” жана башкалар.

Рейтинг PG – ата-энелердин чогуу отуруп көрүүсү сунушталат.
Мындай рейтингдеги фильмдерди ата-энелер балдары менен чогуу көргөндөрү жакшы. Себеби, кээ бир эпизоддорду ата-эне баласы үчүн туура эмес деп эсептеши мүмкүн. Бирок, тасмада сексуалдуу эпизоддор менен баңгизаттары жок экени айкын. Хоррор (коркунучтуу), триллер (психологиялык жактан оор) жанрындагы фильмдерге эч качан PG рейтинги берилбейт. Бул рейтингге ээ болгон фильмдерге “Үйдө жалгыз”, “Беткап”, “Шрэк” жана башкалар кирет.

Рейтинг PG-13 – 13 жашка чейинки балдарга сунушталбайт.
Ата-энелерге катуу эскертүү. Бул рейтингди алган фильмдер жашы 13кө жете элек балдар үчүн терс таасирин тийгизет. Секс, зордук-зомбулук жана баңгизаттары түз көрсөтүлбөсө да, диалогдордо бул көрүнүштөр тууралуу сөз болот. “Кариб аралдарынын каракчылары”, “Титаник”, “Бешинчи элемент” деген фильмдер ушул рейтинг менен белгиленген.

Рейтинг R – 17 жашка чейинки балдар сөзсүз ата-энесинин көзөмөлү алдында кө­рүү­сү сунушталат.
R рейтинги берилген фильмдерде сөзсүз чоңдор үчүн гана көрүүгө мүмкүн болгон көрүнүштөр, сөздөр бар. Мындай түрдөгү тасманы балдарына көрсөтөөрдөн мурун ата-эне ойлонуп көрүүсү зарыл. Себеби, аларда секс, баңгизаттар, зомбулук сыяк­туу терс көрүнүштөр ачык көр­сө­түлгөн жана орой лексика, сөгүнүү сөздөрү колдонулган. Мындай тасмалардын тизмесинде “Леон”, “Өкүл ата”, “Шоушенктен качып чыгуу” сыяктуу фильмдер бар.

Рейтинг NC-17 – 17 жашка чейинкилерге көрүүгө тыюу салынат.
Ушундай рейтинг менен белгиленген фильмдерди ата-энелер балдарына көрүүгө жол бербөөлөрү керек. Себеби, аларда турмуштагы терс, уят көрүнүш­төр ачык көрсөтүлгөн жана ошого ылайык сүйлөө кеби колдонулган. Бирок, бул рейтингдеги бардык эле фильмдер эротикалуу же порнографиялык фильмдер эмес. NC-17 деп белги басылган тасмаларды телерадиодо жана басма сөздө жарнама кылууга тыюу салынат. NC-17 рейтинги “Жырткыч”, “Каардуу өлүктөр”, “Кыздар-шоу” сыяктуу тасмаларга берилген.

Кинонун түрү кантип аныкталат?
Ар бир жаңы чыккан фильмге өзүнчө комиссия тобу түзүлөт. Тартуучу топтун эмгегин баалоодо жана тасмага тиешелүү рейтингди ыйгарууда мазмун, идея, сценарий, эпизоддор, өзүнчө диалогдор сыяктуу бардык деталдар көңүлгө алынат. Комиссия мүчөлөрү бирге фильмди көргөн соң добуш берүү жолу менен фильмдин тигил же бул түргө киргендигин аныкташат.
Фильмдин режиссёруна, продюсерине рейтинг “жакпай” калса, алар аппеляцияга берүүгө укуктуу. Мындай учурда кайрадан комиссия түзүлүп, фильм ээлеринин канааттанбаган сөздөрү эске алынуу менен экинчи жолу добуш берилет. Көп учурда берилген рейтинг өзгөртүл­бөйт. Тасманы тарткан режиссёрдун башка айласы жок: фильмде белгиленген көрүнүштөрдү “кесип” салат же кайра тартат, же уюмдун көз карашы менен макул болот.
МРАА уюмунун комиссиясы 14-18 кишиден турат. Аларды “сырткы дүй­нөнүн” басымынан сактап турушат жана алардын тааныштары менен баарлашуусун көзөмөлдөп турушат.

МРАА жөнүндө тасма
2006-жылы режиссёр Кирби Дик МРАА уюмунун иши тууралуу документалдуу тасма тарткан. “Рейтинги аныктала элек” деп аталган тасма жекече детективдин жардамы менен тартылган. Анда МРАА уюмунун жашыруун сырлары ачылып, анын “курмандыктары” NC-17 рейтингинин мөөрү басылган фильмдер жана алардын режиссёрлорунун тагдырлары сүрөттөлөт. Мындай рейтингдүү тасмаларды кинотеатрларда көрсөтүшпөйт. Демек, анын бюджети акталбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, уюм менен NС-17 фильмдеринин арасында дайыма согуш жүрүп келет. Уюм Кирби Диктин жаңы тасмасына да NС-17 рейтингин “белек кылган”.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 263, 16-22-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан