Пайда табуу үчүн кытайлык кээ бир өндүрүшчүлөр адамдарды пластмассалык күрүч менен ууландырууга да даяр. Алардын мындай жаңы технологиясы кытай продукцияларына болгон акыркы ишенимди өлтүрүүдө.
Кытайдын колдонууга жараксыз тамак-аштары боюнча талкуулар актуалдуу болууда. Эске сала кетсек, 2008-жылы Кытайда меламин кошулган кургак сүттөрдөн улам ондогон кичинекей балдар каза таап, 300 000ден ашык адам жабыркаган эле. Эми көптөн бери эл арасында пластмасса күрүчтөр боюнча сөздөр жүрүүдө. Мындай имиштердин башталышы 2010-жылдын аяккы айларында жана 2011-жылдын башында Кореянын жана Сингапурдун басылмаларында жарык көргөн материалдарга барып такалат. Аларда Кытай көп убакыттан бери жасалма күрүчтөрдү чыгарып, сатыкка жиберип жаткандыгы жазылган.
Ызы-чуу жараткан андай материалдардан кийин Кытайдын тиешелүү органдары көптөгөн күрүч өндүрүүчү ишканаларды текшерүүдөн өткөргөн. Натыйжада алардын кээ бирлери жасалма күрүчтөрдү жасап жана аларды сатыкка чыгарып жатканы аныкталган. Андай ишкана ээлерине тиешелүү чаралар көрүлүп, сатыктагы жасалма күрүчтөр жок кылынган. Бирок текшерүү болгонго чейин андай күрүчтөр экспортко көп чыгып кеткен. Андан бери деле жасалбай калды деп айтуу да болбогон нерсе. Жашыруун жолдор менен чыгарып, сатыкка (анын ичинде экспортко) жиберип жатышы толук мүмкүн.
Кантип жасалат? Маалыматтарга караганда, алгач картошканын крахмалын күрүчтүн формасына жана өлчөмүнө келтиришет. Анан ал катуу болуп, бышканда эзилбеши үчүн өнөр жайда колдонулуучу жасалма чайырды кошушат (ушул эле чайырдан пластмасса алынат!). Даамы жакшы болушу үчүн даам берүүчү каражаттарды кошууну да унутушпайт.
Үч тарелка мындай күрүчтү жеш 1 пластмасса баштыкты жеген менен барабар!
Маалыматтарга таянсак, айыктырууга өтө кыйын түркүн ооруларды (анын ичинде рак) жаратат. Сыртынан мындай күрүчтөрдү табигый күрүчтөн айырмалоо кыйын. Болгону, канчалык кайнатса да эзилбей бүтүн бойдон калганы менен айырмаланат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg