42 жаштагы америкалык Тимоти Рэй Браун Германияда лейкемиядан айыгуу үчүн дарыланып жатып, тарыхка кирип каларын билген эмес.
Тимотинин ВИЧти жуктуруп алганы 1995-жылы аныкталган. Арадан 4 жыл өткөндөн кийин медиктер ага лейкемия (ак кан) деген коркунучтуу диагнозду да коюшкан. Браун өмүрүн сактап калуу үчүн жилик сөөктөрүнүн ичиндеги чучуктарды алмаштырууга макул болот. Операция Германияда өтүп, аны врачтар – Геро Хьюттер жана Томас Шнайдер жасашат. Кызыгы, Тимотиге ВИЧтин вирусун генетикалык жактан кабыл албай турган донордун сөөк чучугу салынган. Мындайлар планетадагы адамдардын, болгону, 1 пайызын түзгөндүктөн, Тимотинин жолу болду десек жарашат.
Операциядан бери 3 жыл өттү. Жакында врачтар Тимотини кылдат текшерүүдөн өткөрүшкөндө, анын организминде ВИЧтин вирусунун изи да калбаганы аныкталды.
Учурда Тимоти Сан-Францискодогу үйүндө жашап, ден соолугуна Калифорния университетинин врачтары көз салууда. Азырынча басып-туруу, дегеле кыймылдоо кыйындыкты жаратканы менен, Тимоти ВИЧтин дарысын ичпей калды. Жана жашоосу калыпта өтүүдө.
Операция жасаган врачтар оору кайра өнүгүп кетиши мүмкүн деп, анализдерди тапшырып туруу керек экендигин айтышууда. Операция татаал жана өтө кымбат тургандыктан, СПИД менен ооругандарды операциялык жол менен айыктыруу ыкмасынын жайылышы күмөн.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg