ЖАСАЛМА ЖУМУРТКА КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Күндө бир жаңылык укпаса, адамдын кулагы керең болот дечү беле?

Кытай – жасалма нерселерди чыгарууну улуттук идеяга айланткан өлкө. Башкасы го, башка деңизчи, бирок жумурткалар жасалма жол менен жасалып, сатыкка чыгарылып жаткандыгы өзгөчө таң калууну жаратат. Андай жумурткалар эмнеден жана кантип жасалат? Зыяны канчалык? Кытайдан бизге да келип жатабы? Суроолорго жооп издеп көрөлү.

МАКСАТ – АЗ КАРАЖАТ ЖУМШАП, КӨП ПАЙДА ТАБУУДА
Илгертен келе жаткан “Биринчи эмне жаралган? Жумурткабы же тоокпу?” деген суроого кытайлыктар “жумуртка” деп жооп берип, аны далилдеп бере турган болуп калышты. Анткени аталган өлкөдө жасалма жумуртка жасалып, жашыруун түрдө сатыкка чыгууда. Башкача айтканда, жумуртка алуу үчүн тоокко жем-чөпкө акча коротуп, анан “качан жумуртка тууйт?” деп күтүп отурушпайт. “Жумуртка элеби, ме!” деп заматта жасап, колуңа кармата коюшат. Кептин баары жасалмасы үчүн каражат аз кетеринде жана сыртынан кадимки жумурткадай көрүнө тургандыгында. Жасалма 10 жумуртканы жасоо үчүн, болгону, 0,55 юань (3 сом 30 тыйын) чыгым кетет. Ошол эле учурда кадимки тооктун 10 жумурткасы 6,5 юань (42 сом 90 тыйын) турат. Демек, жасалмасын кадимки жумуртка деп өткөрүп, пайда табуу үчүн чыгарышат.

КАНТИП ЖАСАШАТ?

  • Алгач калий көмүр кычкылы жылуу сууга аралаштырылып, жумуртканын агы сыяктуу масса алынат.
  • Бул масса толугу менен жумуртканын агындай көрүнүшү үчүн үстүнө аралаштыруу менен желатин, бензой кислотасы, квасцы (же алюминийдин же хромдун, же темирдин күкүрт кычкыл тузу) кошулат.
  • Эми жумуртканын сарысы жасалат. Бул үчүн жогорудагыдай эле массага лимон кислотасы менен сары пигмент (боёк) кошуу жетиштүү. Натыйжада сары өңдөгү аралашма келип чыгат.
  • Сары аралашма атайын калыпка куюлат. Калып ичинде калий көмүр кычкыл аралашмасы бар идишке салынат. Реакциянын негизинде сары аралашманын сыртында абдан жука кабыкча пайда болот. Жумуртканын сарысынын формасына окшоп тоголок болушу үчүн калып тегерете чайкалат. Сарысынын сырты катканда, аны ошол аралашмада 1 саат калтырышат. Анан алып чыгып, суу менен жууп, кургатышат.
  • Эми сарысын жумуртканын агы үчүн жасалган калыпка салып, үстүнө жумуртканын агын алуу үчүн даярдалган аралашманы куюшат. Андан соң калыпты жогорудагыдай кылып калий көмүр кычкылы бар аралашмага салышса, жасалма жумуртканын сырты абдан жука кабык менен капталып калат.
  • Жумуртканын ичи даяр. Эми ага катуу кабык кийгизүү керек. Бул үчүн жумуртка атайын жип менен илинип алынып, парафин, гипс порошогу жана кальцийдин көмүр кычкылынан турган аралашмага бир нече ирет матырылат. Аралашма кургап, кабыкка айланып калат.

ЗЫЯНЫ
100 пайыз жасалма болгон соң ден соолукка айтып бүткүс зыяны бар экенин өзүңүз деле баамдадыңыз окшойт, окурман.
Жасалма жумуртканы колдонуу мээнин иштөөсүн бузуп, алгач унутчаактык жаралып, анан жүрүп отуруп кем акылдыкка жеткирет. Көрүү, угуу сезими төмөндөйт. Түрдүү оорулар келип чыгат, алардын арасында рак да бар.

КӨП ЧЫГАРЫЛУУДАБЫ?
Кытайдын Хэнань, Фуцзянь, Ляонин, Ханьдань, Хэбэй провинцияларында жасалма жумурткалар сатылган учурлар катталган. Кээ бир маалыматтарда мындай жумурткалар экспортко да кетип жатышы мүмкүн экени жазылууда. Ден соолукка зыян экендигинен улам Орусия Кытай азыктары үчүн эшигин жаап, базарлардагы азык-түлүктөрдүн кайда жасалганын жана сапатын тыкыр текшерүүгө алууда. “Бизде да ушундай катуу көзөмөл бар” деп айтуудан алыспыз.

ЖАСАЛМАНЫН ТАБИГЫЙДАН АЙЫРМАСЫ

  • Сырткы кабыгы табигыйга салыштырмалуу жылтырак жана тегиз эмес (майда быдырлуу).
  • Жасалма жумуртканы сууга бышырса, сарысы резина сымал чоюлат.
  • Даамы табигый жумурткадан башкача болот.
  • Чийки агы менен сарысын өз-өзүнчө алып, колго кармап көрүүгө болот. Анткени алар чоюлгуч жана бекем болгондуктан, агып кетпейт.
  • Бышыруу үчүн көмөч казанга куйганда көбүрөөк көбүк чыгат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
Aybekk
2011-06-22 21:22:49
Аш болсун! Тамагынар таттуу болсун! Кыргыз элим!
0
saya4ka
2011-06-23 13:19:15
Кайсы бир жердин мясокомбинатынан кишинин сөөктөрү табылыптыр деп уктум. Мүмкүн сосиска деле....
0
jma
2011-06-24 10:41:44
super eken...bizdim jogordo olturgan maaldar karasa baji kizmati kayda... momo jemiw ekspertet kayda... uwul kungo derin jedin...emi emneni jeybiz... almasinda korgom kanday jasalganin... iwenbesener kitay almasinin uurugun ekkile 4ikpayt... ay kitaylar...
0
ASAS
2011-06-24 13:55:41
JMA сиз жумуртканы коп жейсиз, ошондуктан жебей эле коюн.... мен сизге кийин тоок багып, озубуздун эле жумурткадан кууруп берем.... болобу...
0
19zamir87
2011-06-24 12:35:35
Кытайдын жасалма жумуртка чыгарышынын бирден бир себеби бул калкынын саны көп,азайтыштын жолу болушу мүмкүн(а может я не прав).Экспорт кылганы плохо.Мен бир жолу жумуртка сатып алдым "одну десятка"баарынын тең ичиндеги сарысы экиден экен таң калдым.Азыр ойлодум Кытайлар адашып экиден салып койгонбу деп.Мен коммент жазып жатып "тукум" деп жазып алыптырмын,башкадан "жумуртка" деп оңдоп чыктым.
0
ASAS
2011-06-24 13:54:53
JMA сиз жумуртканы коп жейсиз, ошондуктан жебей эле коюн.... мен сизге кийин тоок багып, озубуздун эле жумурткадан кууруп берем.... болобу...
0
kyrgyzajym
2011-06-24 19:19:27
Jaratkan,Bizdi,batyshtan ozbekterden,4ygyshtan ushu kytajlardan saktaj kor!
Super info ushul maalymattarga 4oon rachmat!
Ajyl jergesinde elderdin kobu super gezitinerdi kop okushat.Alar da okup-bilip kalyshat.
0
kyrqyz
2011-06-24 20:23:17
кокуууй. ушул эле жетишпей турат эле
0
Prokuror
2011-06-25 16:52:39
ууууууууужааааааааааас!!!! деги кандай кошуналарга туш келгенбиз эээээээээээээ? эми жумуртка жештен да коркутуп коюшту го!!!!
0
MeG
2011-06-25 21:15:56
Бул нерседен алыс бололу
0
mkt
2011-06-26 11:23:55
мына сага..... барып-барып тамак жебей, жалан эле химикаттарды жеп калат экенбиз да... ((((
0
ayay
2011-07-30 20:29:42
Оо кагылайын адамдар!азыр адам кейпин жамынып айбан болгондор канча!ден соолука кам королу!биз боло берет олбойбуз деген менен мамлекетти 90пайызын оору менен ойлондуруп жатабызОо кагылайын адамдар!азыр адам кейпин жамынып айбан болгондор канча!ден соолука кам королу!биз боло берет олбойбуз деген менен мамлекетти 90пайызын оору менен ойлондуруп жатабыз
0
eradiev
2011-08-02 09:56:26
Советтер союзунун убагында Америкалыктар россияны Coco-Cola жана Гамбургер менен басып алган,Эми Кытайлыктар химикалык жол менен даярдалган Кийим жана тамагаштар менен басып жатышат, Арзандын иши дегендей абайлагыла
0
lifeview
2011-11-03 19:18:21
Ошон үчүн бажы союзуна тез арада кирүү зарыл
0
gulniza1988
2014-10-19 13:53:11
abailagyla,baarybzga kudaym uzn omur,4yn densooluk bersin,bazarda but tovarlar,kiim ke4eler,buiumdar,igruwka,darylar kyskasy but kytaidyky basyp ketken,etketkalarn karagyla,jaman jagy oto zy9n,but himikat,othottordon jasalgan,jakwy jagy arzan,ortodo ortom4ular alyp satarlar kop paida korup jatat,kytailar kozu jetti kgde kop ken bailyktar bar,jer suu kenen,abasy taza alar asta sekin adamdardy oruk4an kp,uulap bzdn jerdi eelegisi bar
0
Oceana
2014-10-19 21:07:49
Ai kytailar.,jakynda bawybyzga bir ursak yrdai turgan bolup kalbasak ele boldu.
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан