BLACK EYED PEAS тобу

«Black Eyed Peas» тобу пайда болгондон баштап дүйнө элинде хип-хоп тууралуу түшүнүк толугу менен өзгөргөн. Анткени музыка дүйнөсү буга чейин мындай ырлар менен ырчыларды көргөн эмес. Топтун хит ырлары дискотекаларда гимнге айланса, альбомдору дүйнөлүк чарттардын башкы орундарын ээлеп келет.

«Black Eyed Peas» – «Кара көздүү нокот» тобу.
Түзүлгөн жылы – 1995-жыл.
Мекени – АКШнын Лос-Анжелес шаары.
Кыскартылган аталышы – «BEP».
Жанры – Поп, хип-хоп, ритм жана блюз.
Топтун мүчөлөрү – Уильям Адамс (Will.i.am), Фержи (Fergie), Аллен Пинеда (Apl.de.ap), Жэйм Луис Гомес (Taboo).
Кирешеси – 2010-жылы 48 миллион доллар киреше тапкан.

1988-жылы 8-класста окуп жүргөн Уильям Адамс менен Пинеда Аллен «Atban Klann» аттуу бий тобун түзүшөт. 1995-жылы Табу кошулат да, топтун атын «Black Eyed Peas» деп өзгөртүшөт. Кийин топко Ким Хилл вокалист болуп кошулат. Топтун биринчи ырлар жыйнагы 1998-жылы «Фронттон тышкары» («Behind The Front») деген ат менен жарыкка чыгат. Ким Хилл кеткенден кийин топ кыйынчылыкка учурап, 2003-жылы Уильям Адамс таанышы Фержини (өз аты Стейси) вокалист кылып чакыргандан тарта топтун иши өргө жыла баштайт. Фержи үнүнүн өзгөчөлүгү жана сулуулугу менен күйөрман топтоп, тез эле атактууга айланат. Фержи топко келгенден кийин жазылган «Elephunk» альбому 7,5 миллион нускада чыгып, топтун атагы дүйнөгө бат эле тарайт. Андан кийинки «Мааниси жок иш» («Monkey Business», 2005-жыл) альбому хип-хоп дүйнөсүн толук ачып берүү менен топ хип-хоп падышасы катары таанылат. «Оозуңду жап» («Shut Up»), «Эй, апаке» («Hey, Mama»), «Менин дөмпөктөрүм» («My Humps»), «Бум, бум, пау» («Boom, Boom, Pow») деген ырлары популярдуулукка ээ болуп, топтун аброю көтөрүлөт.
Бирок алар дайыма ийгилик үстүндө эле жүрбөй, ар кандай жагымсыз окуяларга да туш болушат. Мисалы, жакында эле ырчы Эбони Латрис Баттс (өз аты Фоени Феном) топтун «Бум, бум, пау» ырын «Бум, динамит» («Boom Dynamite») аттуу өзүнө таандык ырынын плагиаты катары баалап, сотко берди. Учурда Эбонинин арызы сотто каралууда.
Ушактардан: 2006-жылы «Black Eyed Peas» тарады» деген ушак чыккан. Анткени анын солисттери өз-өзүнчө жеке концерттерин коюп, альбомдорун чыгарышкан. Бирок мындай ушактарга карабастан алар чогуу иштеп, ырларды жаздырып келишет.
Сыйлыктары: 2010-жылы «Black Eyed Peas» тобу «Грэмминин» 3 сыйлыгын: «Эң жакшы поп-альбом», «Эң жакшы поп-вокал», «Эң жакшы видеоклип» наамдарын жеңип алган. Ага чейин эле топтун солисти, актёр, продюсер Уильям Адамс «Грэмми» сыйлыгынын 7 жолку лауреаты болсо, топтун вокалисти Фержи «Грэмминин» 6 сыйлыгынын ээси.
Рекорддору: 2009-жылы жарыкка чыккан «Boom, Boom, Pow» жана «Алдын ала сезем» («I Gotta Feeling») аттуу ырлары «Billboard Hot 100» аттуу дүйнөлүк чарттын чокусунда жарым жылча жогорку орунда туруп, рекорд койгон. 2010-жылы Уильям Адамс дүйнө жүзүнө жеке концерти менен гастролго чыгып, эң көп киреше тапкан жылдыздардын арасында 5-орунду ээлеген. Анын жылдык кирешеси 81 миллион 579 миң долларды түзгөн. Ошондой эле топтун ырлары акыркы жылдары дүйнөдөгү музыкалык чарттардын алдыңкы орундарын бербей келет.
Учурда топтун мүчөлөрүнүн баары Лос-Анжелесте жашашат. Алардын акыркы альбому өткөн жылдын 30-ноябрында «Башат» («The Beginning») деген аталышта жарык көргөн.

Жэйм Луис Гомес (Taboo)
Туулган жылы – 1976-жыл.
Улуту – Түпкү теги мексикалык индей.
Үй-бүлөсү – Үй-бүлөлүү. Жубайы Жэйми 29 жашта, Калифорниядан. Экөө 2008-жылы 12-июлда баш кошушкан, 3 баланын атасы.

Уильям Адамс (Will.i.am)
Толук аты – Уильям Жэймс Адамс (кичүүсү).
Туулган жылы – 1975-жыл, 15-март.
Кесиби – Ырчы, актёр, музыкалык продюсер.
Ойногон аспаптары – Клавишалык музыкалык аспаптар.
Иштеген иши – Продюсерлик менен бирге дизайнер катары өзүнүн «Мен» («I am») аттуу кийимдер коллекциясын чыгарат.

Аллен Пинеда (Apl.de.ap)
Туулган жылы – 1974-жыл, 28-ноябрь.
Улуту – Филиппин.
Үй-бүлөсү – Үй-бүлөлүү, жубайы – Кристина Пинеда.
Алленге врачтар “нистагм оорусу менен ооруйт” деп диагноз коюшкан. Нистагм – көздүн эрктен тышкары өз алдынча бат-бат кыймылдашы жана көрүүнүн улам начарлай бериши. Азыр анын көрүүсү аябай начар. Ага карабастан Аллен: “Топтогу ишимди таштабайм, ал мага күч-кубат берет”,- дейт.

Фержи (Fergie)
Толук аты – Стейси Энн Фергюсон. Ысымын Фержи деп «Black Eyed Peas» тобуна келгенде өзгөрткөн.
Туулган жылы – 1975-жыл, 27-март.
Туулган жери – АКШ, Калифорния.
Үй-бүлөсү – Үй-бүлөлүү, 2009-жылдын 10-январында актёр Жош Дюамель («Трансформерлер-3» тасмасында майордун ролу) менен баш кошкон.
Биринчи альбомун 21 жашында чыгарган.

Фержинин жашоосундагы эң оор учуру – баңгизат колдонуп жүргөн кези. Бул жаман адатты ташташына апасынын жардамы чоң. Түрдүү кооз кийимдерди жакшы көрөт. «Дайыма өзүмө тиешелүү акчаны аларым менен жакшы кийим сатып алам»,- дейт.
Фержи той көйнөгүн «Dolce&Gabbana» фирмасына заказ кылып тиктирген. Көйнөгү назик ак-кара гүлдөр менен кооздолгон эле. Көйнөгү, бриллианттан жасалган зер буюмдарынын баасы миллион долларды түзгөн. Азыр алар бактылуу үй-бүлө.
Фержини ар дайым ушак-айыңдар ээрчип жүрөт. Мисалы, жакында эле аны пластикалык операция жасаткан дешсе, эми боюнда бар экени тууралуу маалымат гезит беттерине жарыяланууда. Чынында, Фержи балалуу болууну өзү да самаганы менен, кош бойлуу эмес. 2010-жылдын аягында Американын «Billboard» журналы Фержини «Жылдын айымы» деп таап, ага бриллиант таажы ыйгарышкан. Белекти анын жеке альбомунун жарык көрүшүнө арналган салтанатта тапшырышкан. Ал кубанганынан көз жашын да жашырган жок.

Жыпара Досумбетова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Black Eyed Peas тобу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
asyl
2011-06-20 19:59:36
мага аябай жагат.ырларынын музыкасы абдан сонун.электро музыка,только так бийлегени.конулду которуп турат.
0
passionarXXI
2011-06-21 16:06:58
"I Gotta Feeling" деген ыры абдан жагат...
0
Azizi
2011-06-22 02:26:52
Fergieni suiom da:)figurasy sonun,airyk4a arka jagy aiabai jagat oohh...
0
SOLITARY
2011-06-23 20:13:52
жагат го жагат!
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан