Казакстан
НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ – ДИКТАТОР
"Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дүйнөдөгү бийлиги эң узакка созулган диктаторлордун тизмесине кирет”,- деп “CBS News” америкалык телерадиотүйүнүнүн кабарчысы Жошуа Норман жазып чыкты. Анын айтымында, казак ажосуна таандык режимдин өзгөчөлүгү – саясий жана сөз эркиндигин чектөөсү, түрмөдө отургандарга кор мамиле жасоо жана гүлдөп-өскөн паракорчулук.
Тажикстан
ӨКҮМГӨ НААРАЗЫ ТАЖИКТЕР СОТТУ САБАП САЛЫШТЫ
Автономдук Тоолуу Бадахшан облусунун Хорог шаарында сот менен прокуратуранын имараты талкаланып, соттор ур-токмокко кабылышты. Мындай кол салууга 10-июнь күнү адам өлтүргөндүгү үчүн Кайен Рахимхудоевдин 9 жылга эркинен ажыратылгандыгы себеп болду. Сот тарабынан өкүм угузулары менен бир канча адамдардын тобу көчөдөн бастырып кирип, судьяларды токмоктоп салышкан. Андан сырткары сот жүргөн имаратты талкалашкан. Алар келтирген жалпы зыяндын көлөмү 4 миң 500 доллардын тегерегин түздү.
Түркия
БИЙЛИКЧИЛ ПАРТИЯ КАЙРАДАН БАШКАРУУ РУЛУНДА
Өкмөт башчы Тайып Эрдоган жетектеген «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы 12-июнда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетти. Аталган партия шайлоочулардын 50 пайыз добушун алып, парламенттеги 550 орундун 325 орунуна ээ болду. Андан кийин оппозициялык Республикалык элдик партиясы турса, үчүнчү орунга «Улутчулдар кыймылы» партиясы татыды. Өткөн 2007-жылкы шайлоодо Эрдогандын партиясы калктын 47 пайыздык добушун алган.
АКШ
Коргоо министри: “НАТОнун КЕЛЕЧЕГИ КҮМӨН”
АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс кызматтан кетердин алдында “НАТО азыркы абалы менен иш алып барууну улантса, жакынкы убакыттын ичинде ал жашоого жөндөмсүз уюмга айланат” деп билдирди. Анын айтымында, альянстын чыгымынын 75 пайызын төлөгөн Вашингтонго барган сайын оор боло баштайт. “Ал үчүн НАТОнун башка мүчөлөрү да тиешелүү көлөмдө салым кошушу керек”,- деп Европа өлкөлөрүнө таш ыргытты. Ошондой эле америкалык жетекчилер кансыз согуштан бери НАТОго берилген каражат акталбай жатканын айтышты. 30-июндан кийин АКШнын Коргоо министринин ордуна азыркы ЦРУнун башчысы Леон Панетта келет.
Германия
ДУШМАН – БАДЫРАҢ ЭМЕС, БУУРЧАК
"Өтө жогорку кесепетке ээ ичеги инфекциясынын булагы буурчактан табылды”,- деп Райнхард Бургердин атындагы Микробиология институтунун президенти айтты. Буга чейин Төмөнкү Саксонияга караштуу айыл чарба министрлигинин өкүлү инфекция соя өсүмдүгүнөн келип чыгышы мүмкүндүгүн билдирген болчу. Европада май айынан тарта башталган ичеги инфекциясы эпидемиясынан 27 киши көз жумду. Дүрбөлөң жараткан окуянын башында испандык бадыраң инфекцияны козгоп жатат дешкени менен, көптөгөн изилдөөлөрдүн соңунда «буурчак күнөөлүү» деген бүтүм чыгарышты.
АКШ
“КЫЯМАТ БОЛОТ” ДЕГЕН КӨЗҮ АЧЫК ИНСУЛЬТКА КАБЫЛДЫ
Америкалык дин кызматкери жана бүткүл дүйнөлүк коомчулукка “кыямат кайым жакындады” деген кеби менен таанылган Гарольд Кемпинг инсультка кабылды. Оорунун кесепетинен 89 жаштагы калифорниялык көзү ачык тилден калды. Гарольд мырза «кыямат быйылкы жылдын 21-май күнү болот» деп ишендирип келген болчу. Анын сөзүн уккан көпчүлүк ошол күнү кадимкидей дүйнөнүн акыркы мүнөттөрүн күтүшкөн. Айткан сөзү дал келбей калып, Гарольд Кемпинг өзүнүн версиясын эми ушул эле жылдын 21-октябрына жылдырды.
Эльвира Караева
koom@super.kg